Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 23/2
«Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга шаардын бюджетин бекитүү жөнүндө»
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХХIII сессиясынын отуруму «Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга шаардын бюджетин бекитүү жөнүндөгү» маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 2016-жылга 74174,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2016-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамына ылайык Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылга божомолу 76435,6 миң сом, 2018-жылга божомолу 80743,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2017-2018-жылдарга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактарынын божомолу №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Шаардын бюджетине менчигинин түрүнө карабастан салык агенти төлөгөн киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөр 2016-жылда 50 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
7. Шаардын бюджетине ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
8. 2016-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 8571,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен шаар мэриясынын резервдик фонду 720,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаар мэриясынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамынын 28-статьясына ылайык шаар мэриясынын бир салык кызматкерине, техникалык (ТОП) жана кенже кызматкерлеринин (МОП) айлык эмгек акысына кошумча жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Турак-жай коммуналдык кызматтар үчүн» айына 2000 сомдон үстөк төлөнсүн.
10. 2017-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 20,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. 2016-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте калган 1919,8 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты тиркемеге ылайык каржылансын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2016-жылдын 1-январына карата калган 217,3 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
12. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
13. Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 78583,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 78860,7 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
14. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2014-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2015-жылга калган 2196,8 мин сом эркин калдыктын 1955,2 миң сому турак-жай чарбасына, 241,6 миң сому билим берүү бөлүмүнө каржыланганы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2015-жыл ичинде ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен каржыланган 3438,0 миң сом каражаттан: жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө 336,4 миң сом, турак-жай чарбасына 3101,6 миң сом каржыланганы эсепке алынсын.
15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2016-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
16. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
17. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
18. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
| Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) 2016-жылдын 30-мартындагы кезектеги XХIII сессиясынын №23/2 токтомунун №1 тиркемеси |
2016-жылга Өзгөн шаарынын бюджети
№ | Кирешелер | миң сом |
1 | Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 19816,0 |
2 | Сатуулардан алынуучу салык | 11226,0 |
3 | Бекитилген кирешелер | 43132,6 |
|
|
|
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 74174,6 |
| Чыгашалар | миң сом |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 7851,2 |
2 | Шаар башкармасынын резервдик фонду | 720,0 |
3 | Турак-жай жана коммуналдык кызматтар | 46515,0 |
4 | Эс алуу, маданият жана дин | 2295,9 |
5 | Билим берүү | 12355,1 |
6 | Социалдык коргоо | 4437,4 |
|
|
|
| ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 74174,6 |
Жооптуу катчы | Н. Мамадалиев |
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 4 18-февраль 2016-жыл
Катышканы- 7 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы – А. Насиров
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Юлдашев, «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Ш.Турдиев
Мүчөлөрү: депутаттар А. Хасанов, А. Ибрагимов, М. Халматов, А. Жолдошалиев
Өзгөн шаарынын мэри С.Пратов, 1-вице мери М. Тайлаков, вице-мэр Р.Атаджанов, каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахунов
КҮН ТАРТИБИ:
1) Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016- жылга бюджетинин долбоору, 2017-2018-жылдарга бюджеттин божомолу
2) 2016-жылдын 10-февралындагы Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратын оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү жөнүндөгү №28 каты
3) Өзгөн шаарынын А. Навои көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Я.Эргашевтин материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү арызы
4) Өзгөн шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын 11-февралындагы кызмат көрсөтүүлөргө жетиштүү каражат бөлүү жөнүндөгү №107-04 каты
5) Өзгөн шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 11-февралындагы айрым кызматкерлерге кошумча айлык маяна берүү боюнча №105 каты
6) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 15-февралындагы мэрия кызматкерлеринин профсоюздук чогулушунун кызматкерлерге жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөөгө макулдук берүү протоколу боюнча № 114 каты
7) С. Маматов атындагы Өзгөн шаардык балдар музыкалык мектебинин 2016-жылдын 11-февралындагы имаратты ремонттого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү №52 каты
8) Мэриянын 2016-жылдын 17-февралындагы Жаңы-Өзгөн кварталына ПРООНдун колдоосу менен жаңы КТП куруу боюнча №117 сунуш каты.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Юлдашев ачты: урматтуу депутаттар кворум бар болгондуктан, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибине 8 маселе кирген, төрага виза койгон маселелерди карайбыз. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча сөздү каржы бөлүмүнүн башчысы М.Розахуновко берсек.
М. Розахунов: Өткөн отурумда комиссия тарабынан түшкөн сунуштар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү өзгөртүлдү. Киреше бөлүгү автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдынпланына 220,0 миң сомго көбөйтүлүп, жалпысынан 74174,6 миң сомду түздү. Билим берүү бөлүмүнүн башка чыгымдар статьясына каралган 600,0 миң сомду 400,0 миң сомго түшүрдүк, социалдык өнүгүү башкармалыгына 1 штаттык бирдик кошулуп, эмгек акы фонду көбөйдү, элге жеңилдиктерге 100,0 миң сом кошулду.
Депутат А. Жолдошалиев: Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасы бизге материал жибериптир. Бул боюнча вице-мэр Р.Атаджанов түшүндүрмө берсин.
Р. Атаджанов: өткөндө кошумча штат эсепке алынбай калган экен, дворниктер, мурабтар Өзгөн-Тазалыктын штатына отургузулуп, аларды кошкондо 6110,0 миң сом расчет чыккан, мен 5,0 млн сомго түшүргөнмүн.
Депутат А. Жолдошалиев: МММБ департаментиндеги 17 штат Өзгөн Тазалыкка барыптыр, аларга керектелүүчү каражат да Өзгөн Тазалыктын сметасына барыш керек.
М. Розахунов: штатты толук кошкондо да 5,0 млн сомго жетпейт.
Депутат А. Жолдошалиев: Өткөн жылы 3298,7 миң сом бериппиз, дворниктердин 18 штатына керектелүүчү зарплатаны кошсо 5,0 млн сомдон ашып кетет экен, жылдын башында эле жетиштүү каражат бөлүп койсок болбойбу.
М. Розахунов: депутаттар өзүңөр карап чечип берсеңиздер болот, булар хозрасчетко иштегендиктен өздөрү да каражат тапсын.
Депутат А. Жолдошалиев: Кара-Сууда тазалыкка канча каржылайт.
Жооп: 7,0 млн сом каржылайт.
Депутат А. Жолдошалиев: шаарда тазалыкты кармаш үчүн ишкананы колдоп койолу. 700,0 миң сом кошуп койолу.
Төрага А.Насиров: Өзгөн-Тазалык берген маалымат менен тааныштыңызбы, таштандыны төгүүчү жайдан киреше түшүш керек.
Вице-мэр Р.Атаджанов: калькулация 2013-жылы түзүлгөн, ошол мезгилде полигондогу таштанды сүрүлүүчү расстояние жакын эле, азыр алыс болуп калды. Калькуляцияны көтөрсөк, эл төлөй албайт, полигондон акча түшпөй жатат.
Депутат М.Халматов: Арендага чыккан машина барбы, канча техника бар.
Жооп: 14 техника бар, 2 АССты арендага чыгаруу пландаштырылууда.
Депутат А. Жолдошалиев: канча поливолщик, канча мусоровоз бар, техника жетиштүүбү?
Жооп: 2 поливалщик машина бар, бирөөсүн жаңы алып келдик. 2 боковой, 2 задний мусоровоз, 3 транспорттук трактор, 2 сүргүч трактор бар, дагы 6 жаңы техника болсо иш жакшы жүрөт.
Депутат А.Юлдашев: Өзгөн-Тазалыктын жетекчисине суроо: кварталдык комитеттер боюнча машина жүрүп жатат, таштандыны ташууга канча план койулган, канча жыйналды.
Жооп: 3142 кожолук менен 2111416 сомго келишим түзүлгөн 922,0 миң сом жыйнадык.
Депутат А. Юлдашев: толук топтоо боюнча маселе качан чечилет.
Жооп: Келишимге өткөндөн кийин иш көлөмү көбөйдү, бирок акча топтоо кыйын болуп жатат. 15000 адамга келишим түзүп, топтолуучу сумманы жылдын акырына чейин 1,5 млн сомго чыгарууга аракет кылабыз.
Депутат М. Халматов: мусор алуу графигин көзөмөлдөгөн контролер барбы.
Жооп: кварталдык комитеттердин төрагалары көзөмөлдөйт.
Вице-мэр Р. Атаджанов: графиктин аткарылышын көзөмөлдөгөн адам жок, алардын бири-бири менен байланышы жок.
Төрага А.Насиров: шаардын канча элинин мусорун алууга мүмкүнчүлүк бар (техника жетишеби). 30000 элден алсаңар 5,5 млн сом акча түшөт экен, полигондон каражат түшөбү.
Жооп: полигондон анча-мынча кассага каражат түшүп жатат.
Депутат Ш.Турдиев: булардын сураган акчасы менен биз бөлүп берген акчанын айырмасы 1 млн сом экен. Бул маселени 6 айдын жыйынтыгы менен карап чыксак. Сессияда Сиз кемчилдиктерди жойуга сөз бергенсиз. Ал боюнча Сиз сессияда маалымат бересиз.
Депутат А. Жолдошалиев: менде сунуш бар, оор участокко шарт түзүп, нормальный руслого келтирип койолу. Өзгөн-Тазалыкка ишти жакшы жолго коюу үчүн дагы 6 техника керек экен. Өзгөн-Тазалыкты колдоп койолу. Соцфонддон болгон карыздарды өз убагында которбосо штраф салынат.
1-Вице-мэр М.Тайлаков: Өзгөн-Тазалык иштетип жаткан техникалар РЭОнун каттоосунан өтпөй турат, буга канча акча керек. Техникалар Өзгөн-Тазалыктын же МММБ департаментинин балансына өткөрүлүшү керек.
Вице-мэр Р. Атаджанов: 1 мусоровоз машина, биз өзүбүз сатып алган машина, экофонддон берилген 1 машина ж.б. документ алынган эмес. 1 техниканы каттоодон өткөрүү үчүн 50,0-60,0 миң сом кетет. Бардыгына 300,0 миң сомдой каражат кетет. Техникалар МММБ департаментинин балансында туруш керек. Буларды каттоодон өткөрүү боюнча 5-6 жолу кат менен кайрылышкан.
Депутат А. Юлдашев: Өзгөн-Тазалык, МММБ департаменти мэрияга баш ийет, бул маселелерди аппараттык кеңешмеде чечип алыш керек. Депутат А. Жолдошалиев Сиз 700,0 миң сом кошуп берүүнү сунуштап жатасызбы.
Депутат А. Жолдошалиев: азыр 400,0 миң сом кошуп берели, калганын 6 айдын жыйынтыгы менен берилсин.
Комиссиянын төрагасы А.Юлдашев: анда күн тартибине киргизилген 1-маселени кароону улантсак. Сөздү М.Розахуновко берсек.
М.Розахунов: киреше кээ бир салыктар боюнча түшпөй калышы мүмкүн.
Депутат А.Юлдашев: аткарылган иштерден бүгүнкү күндө канча карыз бар.
Жооп: 13,0 млн сомдун тегерегинде.
Депутат А.Юлдашев: Өзгөн-Тазалыкка 400,0 миң сом, 700,0 миң сом кошуп берели, 6 айдын жыйынтыгы менен карайлы деген 3 сунуш бар.
Төрага А.Насиров: Р.Атаджанов конкреттүү сунуш берсин.
Вице-мэр Р.Атаджанов: мүмкүнчүлүк болсо кеминде 5,5 млн сом кылыш керек.
Депутат А.Юлдашев: 5,5 млн сом деген сунушту колго салам.
Депутат М.Халматов: 5400,0 миң сом.
Депутат А.Юлдашев: 5,0 млн сомго 1 добуш. 5400,0 миң сом 4 добуш менен өттү.
Депутат А.Юлдашев: Элден түшө турган акчанын үстүндө иштеш керек, 2015-жылда аткарылган иштерден ушунча карыз болсо да 400,0 миң сом кошуп берип жатабыз, 2016-жылдын жыйынтыгы менен элден топтолуучу акчаны жок дегенде 2,0 млн сомго чыгарууну милдеттендирсек.
Депутат А.Юлдашев: Мэриянын 500,0 миң сому боюнча сунуш түшкөн жок, мэриянын чыгашасында ашыкча өзгөрүү жок.
Төрага А.Насиров: өткөндө сунуш болгон маданият жана тарых жылына маданият үйүнө бериле турган каражатты караш керек. Партын сметасын өзгөртпөсө болобу.
Вице-мэр Р.Атаджанов: Парктын сметасын өзгөртпөсө болот.
Депутат А. Юлдашев: шаардык билим берүү бөлүмүнө учурдагы чарбалык чыгымдарга 600,0 миң сом каралган, бирок ата-энелерден да жыйноо болуп жатат деген арыз түшүп жатат.
Билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси Р.Аширбаева: 2015-жылда бул статьяга 621,0 миң сом кеткен, ата-энелерден жыйноону билбейт экенмин.
Депутат А.Жолдошалиев: сунуш бар отурумдарга мектеп директорлору да келсе дегенбиз, мектепте акча чогултуу жакшы нерсеге алып келбейт. 600,0 миң сомду калтыралы. Топтомойду жоготолу.
Депутат М. Халматов: чогултмаларды ГорОО көзөмөл кылсын.
Р.Аширбаева: директорлордон кат жүзүндө тилкат алам.
Депутат А.Юлдашев: 600,0 миң сомду калтырабыз, ата-энелерден ашыкча акча топтобойсуңар, керек болсо дагы кошумча каражат беребиз. Мектеп директорлорун чакырып айтыңыз.
1-вице-мэр М. Тайлаков: мугалимдер курска барганда сапардык чыгымдар ким тарабынан төлөнөт.
Жооп: Республикалык бюджеттен төлөнөт.
Төрага А.Насиров: көмүр, электр энергия боюнча эсептер барбы.
Билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси Р.Аширбаева: эсептер бар, электр энергиясына кошумча лимит керек.
1-вице-мэр М.Тайлаков: билим берүү бөлүмүнүн чыгашаларын талкуулодо мен болгон эмесмин, ошондуктан менде так маалымат жок.
М.Розахунов: электр энергиясына 710,0 миң сом, көмүргө 1692,0 миң сом карадык. Былтыр көмүргө 1720,5 миң өткөрүлгөн, таза сууга 710,0 миң сомго расчет берген, биз суу эсептегичтер орнотууну эсепке алып 210,0 миң сом бөлдүк, байланышка 800,0 миң сом сураган 100,0 миң сом койдук. Керектелүүчү көмүр 930,0 тоннаны түзөт.
Депутат А. Юлдашев: бизге материал келгиче бул маселелерди бирге карап, чечип алыш керек эле. Чыгашалардын башка чыгымдар статьясына мэрияга 500,0 миң сом жетишеби, өткөн жылы 678,0 миң сом чыгаша болгон экен. Калган маселелерди 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы менен карайбыз.
Урматтуу комиссия мүчөлөрү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн 74174,6 миң сомго бекитип койсок деген сунуш бар. Сунушка макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан бекитилди.
Вице-мэр Р. Атаджанов: ФК спортко азырынча кошумча заявкалар түшкөн жок. 2016-жылда мини футбол боюнча шаардык кеңештердин депутаттарынын ортосунда өткөрүлүүчү мелдешке, спортинвентар сатып алууга каражат керектелет. Бул иштерге коюлган 600,0 миң сом жетиштүү деп ойлойм.
Депутат А.Юлдашев: бул маселелерди мэр, вице-мэрлер мекемелер менен такташыңар керек эле.
Комиссия төрагасы А. Юлдашев: анда күн тартибине киргизилген кийинки маселелерди карасак.
Мэриядан 2 кат түшкөн. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратын ремонттоого 200,0 миң сом сураган. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Н. Абдурахмановко сөз берсек.
Н. Абдурахманов: 2015-жылдын 24-декабрда шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы абалды ордунда барып көргөн, имараттын полу бетон, кызматчыларга шарт жок. Жардам берип каражат бөлүп берсеңер.
Депутат А. Юлдашев: сиз отурган имарат муниципиалдык менчиктеби.
Жооп: 2012-жылы миграциянын балансына өтүп кеткен, бүгүнкү күндө биздин министерствонун балансына алынып жатат. Имараттагы өзүбүзгө тиешелүү кабинеттерди бөлүп берүү боюнча министерствого кайрылдым.
Депутат А.Юлдашев: мамлекеттик менчиктеби
Жооп: мамлекеттик менчиктеги имарат.
Депутат А. Жолдошалиев: сунушум алар жергиликтүү бюджеттен каржыланганы үчүн каражат бөлүп берели.
Мэр С. Пратов: 200,0 миң сомду быйыл токтотуп турбайлыбы, кошумча 1 штатка акча бердик.
Депутат А.Юлдашев: мыйзамда мамлекеттик органдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоого болбойт деп белгиленген. Бирок булар толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржылангандыктан берсек болот. Мыйзамсыз да, мыйзамдуу да болушу мүмкүн. Мыйзамдуулугун караш керек.
Депутат Ш.Турдиев: мыйзамдуулугу боюнча юридикалык консултация албадыңарбы.
Н. Абдурахманов: социалдык өнүгүү башкармалыгы стратегиялык обьекттерге киргендиктен видеобайкоо да коюлушу керек экен.
Комиссия төрагасы А. Юлдашев: кимде кандай сунуш бар.
Депутат М. Халматов: муниципиалдык менчикте болсо, канча болсо да берсек болот, мыйзамга туура келсе кылыш керек.
Депутат А.Жолдошалиев: вице-мэр Р. Атаджановко тапшырма берели, мыйзамдуулугун тактасын, социалдык өнүгүү башкармалыгы жергиликтүү бюджеттен каржыланат, төрага да мыйзамдуулугун карап берсин, сессияга чейин тактагыла.
Депутат А.Юлдашев: бул маселенин мыйзамдуулугу боюнча тактап беришсин, кийин карайлы.
Депутат А.Юлдашев: мэрия, шаардык кеңеш, МММБ департаменти кызматкерлерине компенсация сураган. Мэрия 25 кызматкерине 300,0 миң сом, кеңеш 5 кызматкерге 60,0 миң сом, МММБ департаменти 8 штатка 96,0 миң сом, жалпысынан 456,0 миң сом. Мэриянын 9 кызматкеринин айлыгына 30-50% үстөк кошуу боюнча да кат келген.
Депутат Ш.Турдиев: менин сунушум 10% Х. Мадаминовага, 10 % К. Базарбаевага жана башкаларга 10-20% тегерегинде кошсок.
Төрага А.Насиров: техникалык кызматкерлерге 2 жылдан бери 50% кошуп берип жатабыз.
М.Розахунов: үстөк кошуу боюнча укуктук-нормативдик акттар өз күчүн жоготкон, жаңы мыйзамда муниципалдык кызматкердин айлыгы шаг менен кошулат, ваканттын ордуна 30% кошумча кошсо болот, коммуналдык кызматтарга төлөсө болот. ТОП, МОПко 50,0 пайыз кошуп берели, адистердин айлыгы шагдын негизинде көтөрүлөт. Түркбаев Төрөгелдиге коммуналдык кызматтарга кошуп берели. Мэрияда кассир деген штат жок.
Депутат А.Жолдошалиев: азыр кассирдин эмне кереги бар, ведомость менен акча берилбесе. Базарбаева К. бөлүм башчысы, ал кассир болбойт. Мэрия, каржы бөлүмү өзүңөр чечкиле. Мыйзамга туура келсе бөлүп берели.
Депутат М. Халматов: мыйзамга туура келсе берели.
Депутат А.Юлдашев: компенсация маселесин карап койсок.
М. Розахунов: эмгек акы жогорулагандан кийин компенсация төлөнсүн деген жаңы мыйзам жок.
Депутат А.Юлдашев: бул маселелерди 6 айдын жыйынтыгы менен карап койсок.
Төрага А.Насиров: компенсацияны карап койуш керек. Түркбаев Төрөгелдини башкы адис кылып койсо болбойбу.
Депутат А. Юлдашев: мэриянын 2 каты комиссияда каралды, өткөн жылкы аткарылган ищтерден калган 13,0 млн сом карызды эсепке алып, бул маселелер 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы менен чечилет.
Төрага А.Насиров: ТОП, МОПту чечип койолу.
М.Розахунов: аларга айына 2 миң сомдон компенсация берели.
Комиссия төрагасы А. Юлдашев: анда күн тартибине киргизилген кийинки маселе Өзгөн шаарынын А. Навои көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Я.Эргашевтин материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү арызын карасак.
Бул каражатты мэр өзүнүн фондунан чечип койсо болот. Комиссияда каралып мэрге сунушталды деп жооп берип коюушубуз керек.
Өзгөн шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын 11-февралындагы кызмат көрсөтүүлөргө жетиштүү каражат бөлүү жөнүндөгү №107-04 катында кызмат көрсөтүүлөргө 1200,0 миң сом сураган, титулдук тизмеге кирдиби.
1-вице-мэр М. Тайлаков: титулга 800,0 миң сом койулган.
Депутат А. Жолдошалиев: азырынча 800,0 миң сом берели, калганын 6 айдын жыйынтыгы менен карасак.
Кийинки маселе С. Маматов атындагы Өзгөн шаардык балдар музыкалык мектебинин 2016-жылдын 11-февралындагы имаратты ремонттоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү №52 катында 265 640 сомду 2016-жылдын титулуна киргизүүнү сураган.
Вице-мэр Р.Атаджанов: 2016-жылдын титулуна киргизилди.
Депутат А. Юлдашев: титулга киргизилгени эске алынсын.
Күн тартибиндеги акыркы маселени мэриянын 2016-жылдын 17-февралындагы Жаңы-Өзгөн кварталына ПРООНдун колдоосу менен жаңы КТП курууга жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү боюнча №117 сунуш катын карап койсок.
Төрага А.Насиров: жергиликтүү бюджет 95,0 миң сом макулдук берсек, калган 225,0 миң сом ПРООН тарабынан каржыланат экен.
Бул сунушка депутаттар тарабынан бир добуштан макулдук берилди.
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 78585,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 78860,7 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 74174,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, кээ бир салыктын түрлөрү боюнча пландар реалдуу коюлбагандыгы эске алынсын.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин божомолу 2017-жылга 76435,6 миң сом, 2018-жылга 80743,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратын оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугун тактап, сессияга сунуш берүү вице-мэр Р. Атаджановко тапшырылсын.
5. Өзгөн шаарынын А. Навои көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Я. Эргашевке материалдык жардам көрсөтүүнү мэриянын резервдик фондунун эсебинен чечип берүүнү шаар мэри С. Пратовко сунушталсын.
6. Өзгөн шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына кызмат көрсөтүүлөргө титулда каралган 800,0 миң сом калтырылсын, жетишпеген каражат 6 айдын жыйынтыгы менен каралсын.
7. Өзгөн шаар мэриясынын айрым кызматкерлерине кошумча айлык маяна берүү жана мэрия кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөө бюджеттин аткарылышынын 6 айынын жыйынтыгы менен каралсын.
8. С. Маматов атындагы Өзгөн шаардык балдар музыкалык мектебинин имаратын ремонттоо иштеринин титулдук тизмеге киргизилгени эске алынсын.
9. Жаңы-Өзгөн кварталына ПРООНдун колдоосу менен жаңы КТП куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
10. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Юлдашев
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 3 16-февраль 2016-жыл
Катышканы- 6 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы – А. Насиров
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Юлдашев
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Ш.Турдиев
Мүчөлөрү: депутаттар А. Ибрагимов, М. Халматов, А. Жолдошалиев
Өзгөн шаарынын мэри С. Пратов, 1-вице-мэр М. Тайлаков, вице-мэр Р.Атаджанов, каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахунов
КҮН ТАРТИБИ:
1) Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетинин долбоору, 2017-2018-жылдарга бюджеттин божомолун кароо
Отурумду «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Юлдашев ачты.
Урматтуу депутаттар бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат М. Халматов күн тартиби бекитилсин деген сунуш киргизди. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Комиссия төрагасы: анда күн тартибиндеги маселе боюнча түшүндүрмө берүү үчүн сөздү шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновко берсек.
Депутат А.Жолдошалиев: каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахунов чыгашалардын да багыттары боюнча түшүндүрмө бериши керек.
Депутат А. Юлдашев: 2013-жылдан бери айтып жатабыз, 2016-жылдын кирешелеринин долбооруна 2015-жылдагы бюджеттин цифралары көрсөтүлсүн. Анализ жасоо үчүн жеңил болот.
М.Розахунов: урматтуу төрага, урматтуу депутаттар Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылдын бюджетинин долбоору, 2017-2018-жылдарга божомолу Сиздерге таркатып берилген. 2015-жылга бекитилген бюджетке тактоолор киргизилди, негизинен салыктын бардык түрлөрүнүн планы аткарылды. Киреше булактарынан кармалган киреше салыгынын планына тактоо киргизилип кыскартылды. Быйылкы жылга да бул салыктын түрү боюнча план көп койулган, эгерде мугалимдердин айлыгы сентябрь айынан баштап көтөрүлсө план толот. Бирдиктүү салыктын планы 2 жылдан бери толбой жатат, себеби бирдиктүү салык төлөп жаткан жеке ишкерлердин патентке өтүп кеткендигине байланыштуу, транспорт салыгынын планы аткарылат. Өткөн жылы өнбөгөн салыктын эсебинен тамарка салыгы көп түшкөн. Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы да толот. Сатуудан алынуучу салыктын планы ашыкча коюлган. 2-жарым жылдыктан кийин бул салыктын планына тактоо киргизилет. Ижара акыдан 2,0 млн сом тегерегинде түшөт, автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдынпланын 300,0 миң сомго чыгарышыбыз керек. Башка салыктардын планы аткарылат. 2015-жылда 1007,6 миң сом жер сатуудан түштү. 2015-жылда жалпысынан (атайын каражаттарды жана трансферттерди кошпогондо) 68737,5 миң сом киреше түштү. 2016-жылда кирешени 69104,6 миң сомго пландаштырып жатабыз.
Комиссия төрагасы: М. Розахуновко суроолор болсо бергиле.
Депутат А.Жолдошалиев: ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык боюнча түшүндүрмө берип койсоңуз.
Жооп: ыктыярдуу патент жеке ишкерлерден түшөт.
Депутат А.Юлдашев: өткөн жылы сатуудан алынуучу салыктын планы эмнеге аткарылбады, 9621,4 миң сом эмненин эсебинен түштү. 2016-жылга бул салыктын планы 11226,0 миң сом каралган, эмненин эсебинен план көп берилген.
Жооп: шаардагы бюджеттик мекемелерден башка ишканалардын эсебинен түштү. Премьер министрдин тапшырмасына ылайык шаарда кошумча ачыла турган ишканалардын эсебинен план көп берилген.
Депутат А.Жолдошалиев: Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатууга эмнеге 2016-жылга план коюлган эмес. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан резерв барбы, канча пайыз төлөп жатат.
Жооп: бул салык жер сатылса гана түшөт, резерв акча. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан резерв бар, азыркы күндө 80-90% төлөп жатат.
Депутат М. Халматов: турак-жай эмес мүлккө салыктын планы толбой калыптыр, бул салыкты кимдер төлөйт.
Жооп: Өткөн жылда түшкөн кирешеге карап көп план коюлган, бул имараттар, дүкөндөр төлөй турган салык.
Депутат А. Жолдошалиев: эмне себептен 18 салык түрүнөн 6 түрү (бирдиктүү салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, турак-жай эмес мүлккө салык, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, сатуудан алынуучу салык, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр) толбой калган. Бул жакшы көрсөткүч эмес.
Жооп: салыктын кээ бир түрлөрү боюнча жыл ичинде план такталып көбөйүп кеткендиктен жана план көп жеткирип калгандыктан толбой калган.
Төрага А. Насиров: план реалдуу коюлушу керек. Бирдиктүү салыктын планы ар жылы толбой жатат. Турак-жай эмес мүлккө салыктын эсеби барбы.
Жооп: Бирдиктүү салыктын планын азайтуу боюнча кат менен кайрылганбыз, турак-жай эмес мүлккө салык боюнча тактап жатабыз.
Депутат А. Жолдошалиев: шаар боюнча канча дүкөн бар, иш жүргүзгөн түрлөрү боюнча такталганбы.
Жооп: Бул боюнча 5513 жеке ишкер такталган, 387 юридикалык ишкана бар. иш жүргүзгөн түрлөрү боюнча такталган. Биз хронометраж жүргүзүп, тактап жатабыз.
Депутат А.Жолдошалиев: сессияга чейин шаарда канча ишкана бар (иш жүргүзгөн түрлөрү) боюнча тактап бергиле.
Төрага А. Насиров: сатуудан алынуучу салыктын планы кошумча ишканалардын эсебинен көбөйөт деп жатат, шаарда кандай ишканалар ачылат, алардан сатуудан алынуучу салык түшөбү (канча түшөт).
Депутат А. Юлдашев: бюджетте киреше көп болсо, шаарда көп иш аткарылат, фактка карап долбоор жасаш керек, транспорт салыгы, тамарка салыгы өткөн жылга салыштырмалуу аз пландаштырылган. Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалануу салыгы, жер үчүн ижара акы 50% тегерегинде, автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдан 2015-жылы 315,9 миң сом жыйналган, 2016-жылга план 100,0 миң сомду түзүп, 3,2 эсе аз пландаштырылган. 2015-жылы жалпысынан 74728,7 миң сом киреше түшкөн болсо, 2016-жылга 774,1 миң сом аз пландаштырылган.
Жооп: Транспорт салыгы аз койулганын себеби, биз берген божомолго ылайык Каржы министрлиги долбоор берди, биз өткөн жылкы фактка жетишүүгө аракет кылабыз. Тамарка салыгы 5 жылдык недоимканын эсебинен, ижара акы өткөн жылы недоимканын эсебинен көбөйүп кеткен, парковкага 100,0 миң сом прогноз бергенбиз, ошону план кылып берген. Булар боюнча хронометраж жүргүзүп жатабыз.
Депутат А. Жолдошалиев: парковкалар кирешелүү болгондуктан, ага кызыккандар көп, планды аныгында түшкөнүнө карап коюш керек.
Депутат А. Юлдашев: парковка боюнча жылда анализ кылабыз, менин сунушум былтыркы жылкы фактты быйылкы жылга план кылып 320,0 миң сом коюп туралы. Хронометраж бүтсө планды дагы тактайбыз.
Депутат М. Халматов: парковкага 20 сом алып жатат, токтомдо 10 сом койулган. Анда токтом менен 20 сом кылып коюу керек.
Төрага А. Насиров: автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым жергиликтүү бюджетке түшөт, шарты жакшы стоянкаларга чектөө киргизе албайбыз, автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымды 5 сомго чыгарып койсок болот.
Депутат А. Жолдошалиев: 10 сомдун ичинен арендасын, жер салыгын, парковканы бөлүш керек. Сессиянын атынан салык инспексиясына кат берели. Биз жалпы элдин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Антимонополиядан бизге мыйзамдуу документин алып бергиле (каржы бөлүмү).
Депутат А. Юлдашев: парковка боюнча сунуш, хронометраждын жыйынтыгы чыксын, минфинден маалымат келсин, кийин тактоо киргизебиз, азырынча 320,0 мин сом план койуп туралы.
1-Вице-мэр М. Тайлаков: аренда акы зоналар боюнча койулган, арендага берилген жерлер субарендага берилет экен. Бизге ижара акы аз түшөт, алар субарендага берип көп пайда көрүп жатат.
Депутат А. Юлдашев: аренданы регулировка кылыш керек.
Вице-мэр Р Атаджанов: зоналдык коэффицент сессияда бекитилген, арендага алгандар мүлк салыгын жана башка салыктарды да төлөйт.
Депутат А. Жолдошалиев: парковкалардын тизмесин бергиле (саны канча, парковочное место, аянты). Ал жерге знак койуш керек. Стоянщикти МММБ департаменти келишим менен ишке алышы керек, алардын ишин көзөмөлдөшү керек. Аларга спецодежда берилсин.
Мэр С.Пратов: стоянщиктер менен келишим түзүп, аларга план койуп айлык төлөш керек.
Вице мэр М. Тайлаков: парковкаларды бирге тартипке салыш керек, мага да куратор катары толук укук берилиши керек.
Депутат А.Жолдошалиев: ишканада жетекчилер ынтымакта иштеши керек, ар бир кызматкердин өзүнүн функционалдык милдети бар, ошол кишинин визасы менен жогорудагылар кол коюшу керек. Бишкек стоянканын алдындагы тротуарларга машина коюлуп жатат, аны көзөмөлдөгөн эч ким жок.
Депутат А. Юлдашев: М. Розахуновко суроо атайын каражаттардын мекемеге пайдасы барбы, фактка караганда план азайып кеткен.
Жооп: балдардын музыкалык мектеби бизден чыгып кетти, киреше көбөйсө план такталат, парктын жана башка бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын хронометраж кылышыбыз керек. Атайын каражаттарды бюджеттик мекемелер өздөрү иштетишет, атайын каражаттар көп түшсө, бюджеттик каражаттар үнөмдөлөт.
Депутат А.Юлдашев: жогоруда айтылган сунуштарды кирешенин планын тактоодо эске алсаңыздар.
Комиссия төрагасы: эми чыгаша боюнча М. Розахунов маалымат берсин.
2015-жылда бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча Сиздерге маалымат берилген. 2015-жылда шаар боюнча чыгашалар 100,0 пайыз каржыланды. 2016-жылдын чыгашаларынын долбоору (атайын каражаттарды кошпогондо) 69104,6 миң сом берилген. Бюджеттик мекемелерге өткөн жылдын чыгашасына карап план койгонбуз, 37626,7 миң сом 2016-жылдын титулдук тизмесинде каралып, аткарыла турган иштерге койулган. Байланыш кызматынын чыгашасына коштук, социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин айлык акысы азайганы жаңы ишке киргендерге эмгек акы аз төлөнүшүнүн эсебинен богон. Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын сметасына дворниктердин айлыгы киргизилет. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысы кеңештин токтому менен төлөнүп жатат. Айыл өкмөттөрдүн штатына ВУС кирген, шаарда ВУС штатын кармаш мүмкүн эмес.
Депутат А. Жолдошалиев: быйылкы жыл мамлекетибизде тарых жана маданият жылы деп белгиленди, губернатор туризмди кошту, ал иш-чараларды аткарууга кандай иштер киргизилди. Былтыркы жылы маданият үйүнө канча каралган, быйылкы жылы канча?
Вице-мэр Р.Атаджанов: маданият үйүнө аппаратура сатып алууга 100,0 миң сом берип жатабыз. титулдук тизмеде музейге көмөк көрсөтүү каралып кеткен, ЖКХ нын ичинде каралган. 3 бонер илинет.
Депутат А. Жолдошалиев: 2016-жылда тарых жана маданият жылын өткөрүүгө титулга эмне киргизилген, тарых жана маданият жылына жетиштүү, керектүү каражат бөлүш керек.
1-вице-мэр М.Тайлаков: музейге 300,0 миң сом каралган, паркка туу орнотобуз, Өзгөнгө кире беришке, эстеликтерди жаңылоого 1200,0 миң сом каралып жатат. Борбордук базардын кире беришине табло жасалат, өкүлчүлүк чыгымдарга 200,0 миң сом койулган.
Депутат А. Жолдошалиев: мектептерде кандай иш-чаралар өтөт, шаарда музей ачыш керек. Мектептерге каражат бөлүш керек. Таблого чыгармачыл көз менен кароо керек. Маданият үйүнө ар түрдүү аземдер өткөрүү үчүн каражат бөлүү керек. Аземдерди кварталдык комитеттерде, бакчаларда өткөрүш керек, сүмөлөккө да каражат бөлүш керек. Булар боюнча кийинки заседанияга маалымат бергиле.
Депутат А. Юлдашев: бул иш-чаралар кайсы статьядан каржыланат. Башка тейлөө кызматтары статьясына 500,0 мин сом пландаштырылган, өткөн жылкы факттан да аз койулган.
Депутат А. Жолдошалиев: вице-мэрлер бул маселелерге көңүл бургула. Көчмөндөр оюунуна чакырылат, 5-6 кишини жөнөтүш керек. Иш-чараларды тактагыла, Маданият үйүнө форма тиктирип бергиле.
Депутат А. Юлдашев: М. Розахуновко суроо чыгашаларды реалдуу эсептеп койгула, иштелбей калган статьяларды карагыла, кеңеште көп каражат үнөмдөлүп калган. Соцзащитага сапардык чыгымдарга 20,0 миң сом ашыкча койулуптур, байланыш кызматына 60,0 миң сом каралыптыр, өткөн жылы электр энергиясына канча төлөнгөн.
Жооп: 20,0 миң сом өткөн жылкы карызды төлөөгө коюлган .
Р. Атаджанов: кызматкерлерди окууга жибергени сапардык чыгымдарга каражат керектелет. интернетте базада иштегени үчүн байланыш чыгымдарына 60,0 миң сом коюлган, элге жеңилдиктерге 600,0 миң сом каралган жергиликтүү бюджеттен жардам бериле турган кишилер бар, алар 986,0 миң сом сураган. Дары-дармекке 150,0 миң сом каралган, протезге, слуховой аппарат, колясканы жол киресине каралган, сөөк коюга кетүүчү чыгымдарга 50,0 миң сом, туберкулез менен ооругандардын жол киресине, материалдык жардамга 50,0 миң сом койулган. Балдардын жайкы эс алуусуна 265,0 миң сом, даталуу күндөрдү өткөрүүгө каралган.
Депутат А. Жолдошалиев: элге жеңилдиктерге 700,0 миң сом карап койолу. Сууга 5,0 миң сом, башка чыгымдарга 60,0 миң сом, инвентар сатып алууга 80,0 миң сом (стол, стул), транспорт чыгымдарына 20,0 миң сом калтырылсын.
Депутат А. Юлдашев: социалдык өнүгүү башкармалыгында жаңы балдарды коргоо бөлүмү ачылыптыр, 2 штатка 264,0 миң сом кетет экен.
Депутат А. Жолдошалиев: муну колдош керек.
Мэр С. Пратов: быйыл 1 башкы адис штатын алып иштетип көрөлү.
Вице-мэр Р.Атаджанов: алар 200,0 миң сом ремонтко акча сурап жатышат.
Депутат А. Жолдошалиев: бөлсөк мыйзамга туура келеби. Мыйзамдуулугун тактоо боюнча каржы бөлүмүнө тапшырма берели.
Төрага А. Насиров: имарат биздин баланста турбайт, каржыласа болбойт.
Депутат А. Жолдошалиев: Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына канча каражат бөлүнүп жатат.
Вице-мэр Р. Атаджанов: 14 дворниктерди эмгек акысын эсепке алып, 2 садовник, 1 мураб алсак, 5,0 млн керектелет.
Депутат А.Жолдошалиев: дворниктер комхоздо болсо иш болот. Дене-тарбия жана спортко жергиликтүү бюджеттин жалпы көлөмүнөн 3 % чейин бөлүү мыйзамда каралган экен.
Вице-мэр Атаджанов: мурун Кара-Шоро футбол командасын каржылап келгенбиз, ошондо каражат көп кеткен, азыр каржылабай жатабыз.
Депутат А. Юлдашев: Ай-шооласы балдар бакчасынын канализациясы титулга кирдиби.
Жооп: киргизилген.
Депутат А. Юлдашев: больницадагы цептик ушул күнгө чейин чечилген жок.
Жооп: титулга киргиздик.
Депутат А. Жолдошалиев: 2016-жылдын титулдук тизмеси качан берилет. Жаңы-Өзгөндөгү 800 метр көчөнү асфалттоону карап койуш керек, балдар бакчасын карап койуш керек, сессияда Жаңы-Өзгөндө канча түтүн үй бар, канча киши жашайт маалымат берилет.
Депутат А. Юлдашев: титулду эртең бергиле. Кийинки заседанияны 18-февралда саат 15-00 өткөрөлү.
Депутат М. Турдиев: мектептерде школьный, классный копилкалар бар. Башка чыгымдарга 600,0 миң сом каралыптыр.
Депутат А. Юлдашев: мектеп балдардан акча алса, бул чыгашаны кыскартабыз.
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 78585,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 78860,7 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 73954,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, кээ бир салыктын түрлөрү боюнча пландар реалдуу коюлбагандыгы эске алынсын.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин божомолу 2017-жылга 76435,6 миң сом, 2018-жылга 80743,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Комиссиянын төрагасы | А. Юлдашев |