Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 23/4
Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХХIII сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 13-февралындагы №2 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп А. Юлдашев бекитилсин.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Ш. Турдиев бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
Өзгөн шаары № 2 13-февраль 2016-жыл
Катышканы-8 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы – А. Насиров
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орунбасары - А. Юлдашев
Мүчөлөрү: депутаттар А. Жолдошалиев, А. Хасанов, М. Халматов, Ш. Турдиев, А. Ибрагимов, КСДП фракциясынын лидери Х. Абдрахманов
КҮН ТАРТИБИ:
1. Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Насиров ачып, отурумдун катышуучуларын күн тартибине киргизилген маселе менен тааныштырды.
2014-жылда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылдын 22-сентябрында өткөн кезектеги XV ачык сессиясынын №15/8 токтому менен бекитилген. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентинде«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп азчылык фракциядан же азчылык фракциялар коалициясынан, же талкуулоосуз азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат, төраганын орун басары болуп көпчүлүк коалициядан өкүл шайланат, бирок фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт деп белгиленген.
Ошонун негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана орунбасарынын кызмат ордун Регламентке ылайык чечип коюу боюнча КСДП фракциясынан 2016-жылдын 2-февралында Өзгөн шаардык кеңешине кат келип түшкөн.
Комиссиянын төрагасы У.Негматов өткөн жылы өз калоосу менен депутаттык мандатын тапшырган. Ошондуктан бүгүнкү отурумда туруктуу комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлап алсак.
Депутат А.Жолдошалиев: мыйзамга карап иш кылсак. Комиссиянын төрагасы У.Негматовтун кеткенине 1 жыл болду, ошондон бери А.Юлдашев төраганын милдетин аткарып келди. Депутаттык мөөнөтүбүз бүтүшүнө 8 ай убактыбыз калды.
Депутат М. Халматов: биздин комиссия ушул күнгө чейин ынтымакта иштеп келдик, А. Юлдашев 11 айдан бери комиссиянын төрагасы болуп иштеп келген болсо, ушул маселе мурун каралса болбойт беле.
Депутат А.Юлдашев: урматтуу төрага Сиз 31 депутатты башкарасыз, бизди жолго сала турган сизсиз. У. Негматов комиссияга төрага болуп шайланганда мени орун басарым болосуз деп тандаган. Менин төрагалыкка кызыкчылыгым жок. У. Негматов кеткенден кийин сиз комиссияны башкарып туруңуз дегенсиз. Ошондон бери отурум өткөрүп келе жатабыз. 2-февраль күнү фракциядан кат келген экен эмнеге ушул күнгө чейин маселе чечилбеди. Ошол күнү сиз жок экенсиз, биз бул маселени чече албай таркап кеткенбиз.
Төрага А.Насиров: мен өткөн жылы М. Халматовго комиссиянын төрагалыгын сунуштаганмын, А. Юлдашевке да айтканмын, бул жерде А. Юлдашев комиссиянын төрагалыгын тапшырсын деген сөз болгон жок, Регламентке ылайыкташтырып коюшубуз керек.
Депутат А. Жолдошалиев: төраганы биздин комиссия шайлайт. Биздин комиссиянын төрагасы менен орун басарын шайлап протоколун сизге беребиз.
Депутат М. Халматов: мурунку А. Юлдашев кол койгон документтерди, протоколдорду жокко чыгарабызбы.
Депутат А Жолдошалиев: эмоссияга берилбестен, комиссиянын төрагасы айлык албагандан кийин, бул маселени жакшылык менен эле чечип койолу. Мен төрага боло албаймын, себеби менин ишканада ишим көп.
Төрага А.Насиров: анда комиссиянын төрагасы менен орун басарын шайлап, шаардык кеңешке комиссиянын протоколун бергиле.
Депутат А. Хасанов: төрага боло турган адам Регламентке ылайык фракция лидерлигин тапшырсын, кийин шайлайбыз.
Депутат А. Юлдашев: фракция лидерлигин тапшырбастан туруп төрага болсок эмне өзгөрөт, кандай зыяны тийет.
Депутат А. Жолдошалиев: комиссиянын төрагасы билимдүү, күчтүү адам болсо сессиянын материалдары сапаттуу даярдалат, депутаттарга да чечим чыгарууга жеңил болот. А.Юлдашев жакшы иштеп жатат.
Төрага А. Насиров: бул маселени комиссия мүчөлөрү өзүңөр чечкиле.
Депутат А. Жолдошалиев: анда отурумдун төрагасын шайлап алышыбыз керек.
Депутат А.Юлдашев: отурумдун төрагалыгына А. Жолдошалиевти сунуштайм, комиссиянын отурумун А. Жолдошалиев өткөрсүн.
Депутат А. Жолдошалиев: урматтуу комиссия мүчөлөрү бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрү толук катышып олтурат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип алсак. Күн тартибиндеги маселе Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылдын 22-сентябрында өткөн кезектеги XV ачык сессиясынын №15/8 токтому менен бекитилген Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлоо.
Анда күн тартибин бекитип алсак. Комиссия мүчөлөрү добуш берип койсоңуздар. Каршы, калыс. Жок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде сунуш бар.
Депутат М. Халматов: төрагалыкка бухгалтерияны, бюджетти билген адам болсо жакшы болот, мен буга чейин төраганын милдетин аткарып келген А. Юлдашевти сунуштайм.
Депутат А. Ибрагимов: мен да Юлдашевти сунуштайм.
Депутат Ш. Турдиев: А. Юлдашев комиссиянын төрагасы болуп калсын, бирок Регламентке ылайык фракция лидерлигин тапшырсын.
Депутат А.Хасанов: кайсы лидер болсо да фракция лидерлигин тапшырса бирөөнү шайлайбыз, фракция лидерлигин тапшырса А. Юлдашевти сунуштайм.
Депутат А.Жолдошалиев: А. Юлдашев туруктуу комиссияны ушул күнгө чейин жетектеп келди, мен да А. Юлдашевти көрсөтөм.
А. Юлдашев комиссиянын төрагалыгына көрсөтүлсүн деген бир эле сунуш түштү. Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. А. Юлдашевти куттуктап койсок.
Эми туруктуу комиссиянын орун басарын шайлап алсак. Кимде кандай сунуш бар.
Депутат М. Халматов: мен Ш. Турдиевтин талапкерлигин көрсөтөм.
Депутаттар А. Ибрагимов, А. Хасанов, А. Жолдошалиев, А. Юлдашевтер да Ш. Турдиевтин талапкерлигин сунуштады.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына Ш. Турдиевти шайлоо боюнча бир эле сунуш түштү. Сунушту колго салам. Каршы, калыс. Жок. Сунуш бир добуштан колдоо тапты. Ш. Турдиевти куттуктап, ишиңе ийгилик каалап койсок.
Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселе каралып бүттү.
Депутат А. Жолдошалиев: А. Юлдашев фракция лидерин тапшыруу боюнча кандай оюңуз бар.
Депутат А.Юлдашев: фракция лидерлигин тапшырам, комиссиянын төрагасы болсом көбүрөөк пайда келтирет экенмин.
Депутат А. Хасанов: маселени жакшылык менен чечип койсо болот экенго.
Депутат А. Жолдошалиев: фракциянын лидерлигин тапшыруу боюнча маселени фракцияда карап, протоколун кеңешке берип койсоңуздар.
Төрага А. Насиров: бюджет боюнча материалдарды Сиздерге бердик, андан башка Сиздердин комиссия кароо үчүн он чакты кат келип түштү. Отурумду качан өткөрөм десеңер чакырабыз.
Депутат А. Жолдошалиев: материалдарды толуктай бергиле, чакырсаңар келебиз, жумуш жок күндөрдө өткөрсөк жакшы болот эле.
Депутат А. Юлдашев: бюджет 1 жылда бир каралат, комиссиянын отурумдардарына толук катышсак жакшы болот эле. Бюджетти 20-февралга чейин бекитилиши керек экен, ошондуктан бюджетти тезирээк карап койсок, мэрия да таанышып чыксын.
Депутат А.Жолдошалиев: материал такталса биз тезирээк карап койолу, буга төрага көңүл бурсун.
Төрага А.Насиров: Х. Абдурахманов да кеңеш берүүчү добуш менен комиссиянын отурумдарына катышып койсо.
Депутат А.Юлдашев: шейшемби күнү түштөн кийин отурум өткөрөбүз. Каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахунов бизге берилген материалдар боюнча өзгөртүүлөр болсо негиздеме даярдап койсун, бизге берилген материалдар толук негиздемелери менен берилсин. Керексиз каражаттарды бөлбөйлү, сессияга толук, так маалымат менен кирели.
М. Розахунов: бюджеттик мекемелерди сиздер айтканда чакырам.
Төрага А. Насиров: материалдар толук болсо, бюджет өз мөөнөтүндө бекитилет. Мэриядан надбавка боюнча кат келиптир, соцзащита ремонтко акча сураптыр, ушулардын мыйзамдуулугун мэрия, каржы бөлүмү тактап койсун.
Депутат А. Жолдошалиев: кийинки отурумга чейин бюджеттик каражаттарга байланыштуу болгондуктан, мэрия 2016-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин биздин комиссияга берсин.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестициятартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп А. Юлдашев шайлансын.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестициятартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары болуп Ш.Турдиев шайлансын.
3.Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.