Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 23/8
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХXIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» жөнүндө Жобо депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Мэриянын алдында түзүлгөн комиссияга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууда аталган Жобону колдонуу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Насиров |
| Өзгөн шаардык кеңешинин «30» март 2016-жылдагы № 23/8 токтому менен бекитилген. |
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобо
(Өзгөн шаардык кеңешинин «30» март 2016-жылдагы №23/8 токтомунун редакциясында баяндалган)
I. Глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул жобо менен жөнгө салынуучу мамилелер.
Ушул жобо менен «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамына татыктуулар аныкталып, аны ыйгаруунун жол жобосу менен, татыктуу деп табылган атуулдун статусу белиленет жана ага ылайыктуу болгон төш белги жана наамды ырастаган документ иштелип чыгылат.
2-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы – Өзгөн шаарынын жана калкынын алдында сиңирген эмгеги үчүн берилген наам болуп эсептелет.
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы – коомдук, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалоодо сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле адамдарын укугун коргоодо, тынчтыкты, ынтымакчылыкты бекемдөөдө, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын абалынын жакшырышына кошкон белгилүү салымы үчүн, кайрымдуулук, шаарды даңктаган, маданияттын өнүгүүсүнө, илим-билимди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн атуулдарга ыйгарылат.
Ощондой эле Ата-Мекенди коргоодогу өзгөчөлөнгөн эмгеги үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
3-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын ыйгарылышы
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган адамга Өзгөн шаардык кеңешинин чечими менен ыйгарылат ( мындан ары тексте шаардык кеңештин токтому). Ар бир депутат «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамына сунушталган 3 кишиге чейин добуш берүүгө укуктуу.
Ардактуу наамга татыктуу адамдын шаарда төрөлбөгөндүгү эч кандай мааниге ээ эмес. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы бир эле адамга кайталанып берилбейт.
II. Глава. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруунун тартиби
4-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Өзгөн шаарынын мэри тарабынан Өзгөн шаардык кеңешине (мындан ары шаардык кеңеш) сунушталат.
Өзгөн шаарынын аймагындагы коомдук уюмдар, коомдук кыймылдар, мекеме-ишкананын эмгек жамааты, жамааттардын бирикмеси, шаарда жашаган адамдардын тобу шаар мэриясына «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу сунуштары менен кайрыла алат.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы (мындан ары – шаардык кеңештин төрагасы), шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин фракциялары өз алдынча шаардык кеңешке «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштары менен кайрылууга укуктуу.
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунушта: сунуш кылынган талапкердин өмүр баянын камтыган жана анын жетишкендиктери, сиңирген эмгеги жөнүндөгү маалыматтар компьютерден жазылып даярдалып берилет. Сунушка талапкердин сиңирген эмгеги жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө тиркелет жана мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын баалоо баракчасы тиркелет.
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштар Өзгөн шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, сессияга сунушталат.
Өзгөн шаардык кеңеши «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда толук негиздемелер жок болгон учурда, ошол талапкер жөнүндө шаардын мэри бир жылдан кийин кайрадан сунуш киргизүүгө укуктуу.
5-берене. Өзгөн шаардык кеңеши «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечими
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу шаардык кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечими массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
6-берене. Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулдарынын портрет галереясы
Өзгөн шаарында элге көрүнүктүү жерге Ардактуу атуулдардын портреттеринин галереясы түзүлөт. Ардактуу атуулдардын портреттеринде аты, жөнү, шаардык кеңештин чечиминин номери жана датасы жазылат, же Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулдарынын альбому уюштурулат жана ал шаар мэриясында сакталат.
7-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулударынын» кошумча укуктары жана жеңилдиктери
«Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулдарына» ардактуу наамын ырастоочу күбөлүк берилет.
III. Глава. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулунун» төш белгисинин сыпатталышы, күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү
8-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулунун» төш белгисинин сыпатталышы
Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулунун төш белгиси тегерек формасында болуп, диаметри 32 мм түзөт. Тегеректин борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби жана анын айланасында «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» деген жазуу болот.
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулунун төш белгиси туурасы 28 мм. Бийиктиги 20 мм түзгөн тикбурчтуу калыптын ичинде эмаль менен жасалган Кыргыз Республикасынын желеги жайгаштырылып, тегерек төш белгиге илмек менен бириктирилген. Калыптын артында кийимге өткөрүп кадай турган ийнелик жайгаштырылган.
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы төш белгиси төштүн оң жагына тагылат.
9-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүктүн сүрөттөлүшү
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүк 90х60 мм. өлчөмүндөгү китепче, сырт жагынан катуу кызыл түс менен тышталат. Тышында КРнын герби жана анын алдында «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу»,-деген жазуу жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ич тарабынын сол жагынын жогору тарабына КРнын герби жайгаштырылып, калган жагына №____сандуу төш белгисинин күбөлүгү
Атуулдун (аты,жөнү) «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы ыйгарылган.
Шаардык кеңештин төрагасы
Күбөлүктүн оң тарабындагы бетинин сол жагынын жогору жерине наам алган атуулдун 30х40 мм болгон сүрөтү жайгаштырылат. Сүрөт менен катар Ардактуу наам Өзгөн шаардык кеңешинин 201__жылдын «___»________ №____токтому менен берилди. Күбөлүктүн ичиндеги жазуу кара сыя менен толтурулат.
Күбөлүккө шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Күбөлүктүн ичинин оң жагындагы сүрөттүн сол тарабындагы бурчу жабылгандай кылып мөөр басылат.
10-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгиси жоголуп кетсе кайрадан берилбейт.
11-берене. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү
«Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча сунуштар Өзгөн шаардык кеңешинин фракциялары, туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн бири тарабынан берилет.
Жооптуу катчы | Н. Мамадалиев |