Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/1
«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.(тиркелет)
2. Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин:
- шаардын элин таза суу менен жетиштүү даражада камсыз кылуу үчүн «Өзгөн Таза суу» МИнын ишин дайыма көзөмөлгө алып туруу жагы;
- квартал сайын ишкананын аткарган иштери боюнча отчетторун алуу жагы.
3. «Өзгөн таза суу» МИнын директору К. Норозохуновко:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2016-жылдын 1-августуна карата шаардык кеңешке маалымат берүү жагы;
- ишкананын кирешесин көбөйтүү максатында суу пайдалануучулардан өндүрүлбөй калган төлөмдөрдү толук өндүрүү жагы;
- ири суу пайдалануучуларга (оорукана, мектептер, бала бакчалары, мончолор, автоунаа жуучу жайлар, чайкана, ашкана, ресторан, фермердик чарбалар ж.б.) суу өлчөгүчтөрдү орнотуу иштерин аягына чыгаруу жагы;
- үч-Төбө ТОСто аткарыла турган иштерди акырына чыгаруу;
- суу жоготуунун көрсөткүчүн азайтуу боюнча иш-чара иштеп чыгып, аны аткаруу боюнча ишти жандандыруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
1.“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2015-жылга карата штаттык бирдиги шаар мэриясы тарабынан бекитилген.
Штаттык бирдиктин негизинде ишканада 31 (отуз бир) жумушчу жана келишимдин негизинде 11 (он бир ) кассир контролер эмгектенет.
2015-жылда ишкананын эмгек акы фондусу 3528,0 миң сом белгиленип, 3433,3 миң сом же 97,3 % төлөнгөн, анын ичинен кассир контролерлорго 1198,0 миң сом төлөп берилген. Бул келишимдин негизинде топтолгон 7434,6 миң сом акчанын 16,11% тин түзөт.
2015-жылга ишканадагы жумушчулардын орточо эмгек акысы 9280 сомду, ал эми слесарь-ремонтчулардын эмгек акысы 10000 сомду түзгөн.
“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын иштөө тартиби, ичүүчү суу үчүн эл тарабынан жана коммерциялык ишканалар тарабынан төлөнүүчү тарифтер көрүнө турган жерге илинип коюлган.
2. 2015-жылга ишкананын иш планы түзүлүп анын аткарылышы төмөндөгүчө:
Cууну сатуунун жалпы жылдык планы 11000,0 миң сом болсо аткарылышы 9721,3 миң сомду түзгөн же болбосо 88,38% ке аткарылган.
Анын ичинен
- элден топтолгону 90,0%,
- бюджеттик мекемелерден 107,0%,
- коммерциялык ишканалардан 86,0%,
- техникалык шарттардан 49,3% ке аткарылган.
2015-жылда 3020,0 миң м3 таза суу өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн 1м3 суунун өздүк наркы 3,11 сомду түзгөн. Жалпы өндүрүлгөн суунун керектөөчүлөргө жеткирип берилгени 1296173 м3 сууну түзгөн, ал эми жоготуулар 1723827 м3 же болбосо 57,0% ти түзгөн.
2015-жылда суудан пайдалануучу эл менен 8386 келишим түзүлгөн, анын ичинен:
4922 короосунда колонкасы бар кожолуктар
3464 көчөдөгү колонкадан ташып ичкен кожолуктар
221 коммерциялык, өндүрүштүк ишканалар
31 мекеме ишканалар менен келишимдер түзүлгөн.
3. Ишкананын 2015-жылга жалпы кирешелери 9721,3 миң сомду, жалпы чыгашалары 9791,7 миң сомду түзгөн.
2015 - жылдын 1-январына карата ишкананын кассасында 30890 сом, банктагы эсеп счетунда 182161 сом жалпысы болуп калдык акча 213051 сомду түзгөн.
Ал эми 1-январь 2016-жылга кассада 18173 сом, банктагы эсеп счетунда 124439 сом баардыгы болуп 142612 сом калдык акчасы калган. Салык төлөмдөрүнөн декабрь айы үчүн 125,4 миң сом карызы калган. Анын ичинен: эмгек акыдан алынуучу киреше салыгынан 42,3 миң сом, роялти, сатуудан алынуучу салыктан 83,1 миң сом. Ишкананын 2016-жылдын 1-январына өнбөгөн төлөмдөрү 1375670 сомду түзгөн. Анын ичинен: элден 1064219 сом, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканалардан 271100 сом, бюджеттик жана башка мекемелерден 40351 сом. Ишкананын рентабелдүүлүгү 2,6% ти түзөт.
4. Ишканада негизги каражаттарды каттоочу китеби ачылып жүргүзүлгөн. Негизги каражаттардын аммортизациясы эсептелинген, бирок атайын счетто же кассада акча бөлүнгөн эмес.
Муниципалдык мүлктөгү обөектилеринин мамлекеттик актысы толук алынган эмес. Дөн-Булактагы скважинанын актысы, насостордун паспорттору бар. Мазар-Булак, Таштак, Жаны-Өзгөн, Ором участкаларынын мамлекеттик актылары алынган эмес.
2015-жылдын 11-июнунда “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасы Өзгөн шаардык МММБ департаментине ушул көрсөтүлгөн мүлктөрдүн мамлекеттик актысын сурап кат менен кайрылган.
5. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын алдында түзүлгөн инспектордук кызматынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалымат тиркемеде толук берилген.
6. Өзгөн шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 9-июнунда өткөн кезектеги XIX сессиясынын № 19ү2 токтомунда ири суу пайдалануучуларга (оорукана, мектептер, бала бакчалары, мончолор, автоунаа жуучу жайлар, чайкана, ашкана, ресторан, фермердик чарбалар ж.б.) суу өлчөгүчтөрдү орнотуу иштерин аягына чыгаруу жагы милдеттендирилген. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан 2015-жылда ири суу пайдалануучуларга суу өлчөгүчтөрдү орнотуу боюнча үгүт иштери жүргүзүлгөн, бирок каражат жетишпестигине жана өлчөгүчтөрдүн сапаты жакшы эместигине таянып, шаардын ири суу пайдалануучуларынын көпчүлүгү суу өлчөгүчтөрдү орнотууга макул болбогон.
2015-жылда баардыгы болуп 6 суу өлчөгүч коюлган. Алсак КЗОСС банясына, Кундуз банясына, Янги-Абаддагы борбордук баняга, Кумдук банясына, аскер бөлүгүнө, А. Темур мектебине счетчик коюлган, бирок Кундуз банясынын, Кумдук банясынын счетчиктери бүгүнкү күндө иштебейт, себеби кышта тоңуп калган. Аскер бөлүгүнө коюлган суу өлчөгүч 3-4 айдан кийин бузулган. А. Темур мектебине орнотулганы азыркы күндө иштейт.
Суу жоготуунун көрсөткүчүн азайтуу боюнча иш-чара иштеп чыгылган, аны аткаруу боюнча иш жандандырылып Таза–Суу ишканасынын суу жоготуусу 2015-жылда мурунку жылдарга салыштырганда кыйла азайган.
2015-жылда аткарылган иштердин маалыматы тиркелет.
7. Шаардын социалдык экономикалык программасына киргизилген Пайзабад участкасындагы жумуштардан ПРООН менен биргеликте Таза Суу жаңы магистралы курулду. 1798 метр узундукта линия тартылды, проект боюнча 1400 метр курулуш керек болсо, 398 метр линия кошумча тартылды. Атап айтканда Пайзабад жана Жүзүмзар кварталына жаңы линия тартылып Абдукаримов, Абдувахидов, Тажибаев, Саидов, Ибрагимов, Юлдашев, Умаров көчөлөрүнүн жашоочулары таза суу менен камсыз кылынган.
Бул проектинин аткарылышында ишкана тарабынан 319,5 миң сом акча каржыланган.
8.Үч-Дөбө ТОС боюнча Айчүрөк кино театрынан баштап “Крисстал” кафесинин алдына чейин 250 м диаметри 219 мм суу түтүгүн куруу иштери бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат.
9. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасында 2015-жылда иш кагаздарын жүргүзүү үчүн документтерди каттоо китепчелери ачылган. Алардын ичинен кирүү, чыгуу жана буйрук китептери номерленип катталып ачылган. Атап айтканда, китепчелер аркылуу жыл ичинде ишкана мекемелер, уюмдар менен иш кагаздары жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп 112 кирүү жана 109 чыгуу кагаздары катталган. Мэриядан келген каттарга өз убагында жооптор жазылып турган.
10. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасына бир жылда Өзгөн шаарынын тургундарынан бардыгы болуп 500 арыз түшкөн, арыздар китепчеге катталган. Анын ичинен 108 абонент суу түтүктөрү жана колонкасынан суу чыкпаганы боюнча арызданышкан. Ал эми 70 абонент техникалык шарт жасап берүү жана короосуна таза суу киргизүүнү суранып кайрылышкан. Андан тышкары 75 абонент үйүнөн суу чыкпагандыгынан суу төлөмдөрүнөн бошотуу жөнүндө арызданышкан. 247 абонент Россия, Казакстан мамлекеттерине иштегени кеткендиги жөнүндө арыздары жана аныктамасы менен кайрылган. Арыздардын негизинде ишканада комиссия түзүлүп кайрылган жарандардын арыздарына жооп берилген.
2016-жылдын 4 айынын кирешелеринин планы 3850,0 миң сом болсо, аныгында 3710,0 миң сомду түзгөн же болбосо план 96,4% ке аткарылган.
Анын ичинен:
- элден 3202,2 миң сом,
- мекеме ишканалардан 71,3 миң сом,
- коммерциялык ишканалардан 352,2 миң сом,
- техникалык шарттардан 84,3 миң сом киреше түшкөн.
Түшкөн кирешелердин 3470,1 миң сому чыгашаланган. Анын ичинен: эмгек акыга 1743,1 миң сом, соцфонд төлөмдөрүнө 300,7 миң сом, электр энергияга 396,4 миң сом, салык төлөмдөрүнө 325,1 миң сом, күйүүчү майларды сатып алууга 89,7 миң сом, хлор сатып алууга 132,0 миң сом, суу соргучтарды, насостук тармактарды, суу линияларын жана электр шаймандарын оңдоого 270,7 миң сом, башка чыгымдарга 212,4 миң сом сарпталган.
2016-жылдын 4 айында суу линияларын ремонттоо боюнча жалпысынан 297,7 миң сомдук иш аткарылган. 2016-жылдын 4 айында аткарылган иштердин маалыматы тиркелет.
“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2015-жылда жүргүзгөн иштерин үйрөнүп чыгып, туруктуу комиссия Өзгөн шаардык кенешинин кезектеги сессиясына
СУНУШ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2015-жылда аткарган иштери канаттандыраарлык деп эсептелсин.
2. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасы Өзгөн шаардык МММБ департаменти, Өзгөн шаар архитектура жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте муниципалдык мүлк обөектилеринин мамлекеттик актысын алуу боюнча 2 ай мөөнөттө иш алып барсын.
3. “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасы 1-жарым жылдыктын акырына чейин “/ч-Дөбө ТОС” суу линиясынын курулушун бүтүрүү үчүн аткарыла турган иштер, кете турган чыгымдар сметасын даярдап шаардык кеңештин кийинки сессиясына сунуш кылсын.
4. Ири суу пайдалануучуларга (ооруканалар, мектептер, бала бакчалары, мончолор, автоунаа жуучу жайлар, чайкана, ашкана, ресторан, фермердик чарбалар ж.б.) суу өлчөгүчтөрдү орнотуу иштери аягына чыгарылсын.
5. Суу жоготуунун көрсөткүчүн азайтуу боюнча изилденип, аны аткаруу боюнча иш күчөтүлсүн.
6. Өнбөгөн төлөмдөрдү өндүрүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы жетекчилик тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Комиссиянын төрагасы | А. Маткабылов |