Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/2
Өзгөн шаардык маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.(тиркелет)
2. Шаардык маданият үйүнүн директору Д. Каримовага:
- чыгармачылык изденүү менен жумуш аткаруу:
- белгиленген иш чарадагы жумуштардын толук аткарылышын көзөмөлгө алуу:
- көчмө сахналарды уюштуруп концерт коюну колго алуу:
- кошумча каражат табуу боюнча ишти жандандыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Мекеменин ишин толокандуу жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатында аларды өзүнчө имаратка которуу жана материалдык техникалык базасын жакшыртууга акча каражатынан жардам берүү, райондук маданият үйүнүн имаратынан колдонуп турууга келишим түзүү жагы шаар мэри С. Пратовко сунушталсын.
4. Шаардык маданият үйүнүн директору Д. Каримова жана кызматкери Ө.Элемохуновту «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын ыйгарууга сунуштоо Кыргыз Республикасынын Маданият Министрлигинен суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын Өзгөн шаардык маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматы.
Өзгөн шаардык маданият үйүндө баардыгы болуп 8 адам эмгектенет штат боюнча 6,5 штаттык бирдик каралган. Маданият үйүнүн директору болуп Каримова Дильфуза иштейт. Мындан сырткары 1 ставка методист (Каримахунов Ахмеджан), 1 ставка хормейстр (Элемохунов Өзгөнбай), 1ставка көркөм жетекчи (Мамаджанов Абдулвахид), 2 адам музыкант 0,5 ставкадан (Мамажанов М, Хурулбаев Ю), 0,5 ставка бухгалтер (Айлакова У), 1 ставка техникалык кызматкер эмгектенет. Айлык акылардын эң жогоркусу 6,0 миң сом, төмөнкүсү 4,5 миң сом, орточо эмгек акысы 5,1 миң сомду түзөт.
Маданият үйүнүн кызматкерлеринин эмгек стажы 9-12-жыл, 16-19 жылдык стажы менен эмгектенген маданият кызматкерлери да бар, негизинен иштегендердин баардыгынын музыкалык билимдери бар.
Мекеме кызматкерлери Өзгөн райондук маданият үйүнө караштуу имараттын бир бөлмөсүндө отуруп эмгектенишет, бөлмөнүн аянты болгону 36 м2 түзөт, ошол бөлмөдө даярданышат, ошол жерде чечинип кийинет, формаларын сакташат, музыкалык аспаптары дагы ошол бөлмөдө сакталат.
Кызматкерлерге жетишээрлик санда концерттик формалары даярдалып берилген. Аялдар үчүн бийчилер тобуна 20 даана, ырчылар тобуна 6 даана, эркектер үчүн 2 комплект 2 түрдүү 5 даанадан 10 даана формалар даярдалган.
Музыкалык аппараттар менен жабдылган, эл арасынан чыккан таланттуулардан 5 кыз фольклордук ансаблде ырдашат.
2016-жылга 32 пункттан турган иш-чара түзүлгөн, 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата 7 пункттан турган кошумча иш-чара түзүлгөн. Иш-чараларда белгиленген пункттардын алдынкылары өз мөөнөтүндө аткарылган.
2016-жылы маданият кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик туу күнүнө, калпак күнүнө карата концерттик номерлер райондук маданият кызматкерлери менен биргеликте даярдалып өткөрүлгөн. Шаарда Кыргыз Республикасынын туусун көтөрүү күнүндө концерт уюштурулуп элге тартууланган, мындан сырткары дагы даталуу күндөрү концерттик номерлер өткөрүлүп турат.
Мектептер арасында ийримдер уюштурулуп ага таланттуу окуучуларды тартышкан.
13-февраль 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата улуу инсандар А. Навои жана З.М. Бобурдун туулган күнүнө карата шаар мектептери арасында чоң программадагы концерт даярдалып коюлган. 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата концерт уюштурулган, ошондой эле даталуу күндөрү эл алдында концерт коюп турушат. 10-май күнү №7 гимназия мектебинде шаарыбыздагы белгилүү инсан, акын Мусабаева Матлюба эженин чыгармаларын жаш муундарга жеткирүү максатында «Аял-үйдө кут, коомдо күч» деген темада автордун бир катар китептери мектеп окуучуларына тааныштырылып жана окуучулар акындын чыгармаларын кыргыз тилинде окуп айтып беришкен.
Аткарылган иштер менен бир катар көйгөйлүү маселелерди дагы айтпай кетүүгө болбойт.
Шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери бир бөлмөдө өтө тар жерде отурушат, чечинип кийинген жери, музыкалык аспаптарды, формаларды сактоочу жайы да ошол бир бөлмөдө жайгашкан. Мекеменин үн жаздыруучу аппараты жок, эгер үн жаздыра турган болсо Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн үн жаздыруучу аппаратынан пайдаланышат.
Маданият үйүнүн материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча шаар мэрине кайрылышкан, бирок ушул күнгө чейин чечилбей келүүдө.
Көчмө сахналарды уюштуруп дем алыш, майрам күндөрү концерт коюуну колго алышкан эмес. Кошумча каражат табуу максатында ар кандай иш-чаралар, концерттер иш-чарада белгиленген, бирок уюштурулган эмес.
2015-жылы кошумча элге кызмат көрсөтүүдөн 30,0 миң сомдук каражат табышкан. Кошумча каражат табуу боюнча ишти жандандыруу керек.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап туруктуу комиссия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык маданият үйүнүн аткарып жаткан иштери эске алынсын.
2. Шаардык маданият үйүнүн башчысы Д. Каримовага:
- чыгармачылык изденүү менен жумуш аткаруу
- белгиленген иш чарадагы жумуштардын аткарылышын көзөмөлгө алуу
- көчмө сахналарды уюштуруп концерт коюну колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Шаардык маданият үйүнүн материалдык техникалык базасын жакшыртуу максатында жана мекеменин ишин толокандуу жүргүзүүсүнө шарт түзүү үчүн аларга башка жерден талапка жооп бере турган имарат таап которуу же жаңы имарат куруу жагы Өзгөн шаар мэри С. Пратовко тапшырылсын .
4. Мекемеге үн жазуучу аппарат сатып алуу үчүн акча каражатынан жардам берүү жагы шаар мэринен суралсын.
Комиссиснын төрагасы | С. Жусупов |