Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/3
Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.(маалымат тиркелет)
2. Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин:
- айлампа жолдун курулушун тездетүү боюнча тийиштүү жерлерге кайрылуу жагы;
- бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүү максатында шаардын чек арасын тактоону архитектура башкармалыгы менен биргеликте тездетүү.
3. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2016-жылдын 1-августуна карата шаардык кеңешке маалымат берүү жагы;
- шаардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүнү тездетүү;
- 2016 тарых жана маданият жылында Өзгөн шаарынын облигин оңдоо иштерин күчөтүү;
- элден түшкөн арыз, даттанууларды мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө карап, чечүү.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
Өзгөн шаардык Кеңешинин “Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча” туруктуу комиссиясынын Өзгөн шаардык архитектура жана шааркуруу башкармалыгынын 2015-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2016-жылдын 12-январындагы №9 буйрук менен бекитилген структура, чарбалык план жана штаттык бирдикдин негизинде иш алып барат.
Штаттык бирдик боюнча 17 кызматкер эмгектенет. Администрация кызматкерлери, бухгалтерия жана кожолук кызматчылары оклад эмгек акы алышат, ал эми башка бөлүмдөр аткарылган иш төлөмүнүн 35% өлчөмүндө эмгек акы алышат.
Структурасында 1 мекеме башчысы, 1 анын жардамчысы, 3 бөлүм бар.
1. Жеке менчик турак жай бөлүмү
2. Архитектуралык пландоо шарттары
3. Геодезия бөлүмү
Бөлүмдөр боюнча өндүрүлгөн акча каражаттарынын маалыматы жана классификациясы тиркемеде келтирилген. Бөлүм кызматкерлеринин орточо бир айлык эмгек акысы 10553 сомду түзөт. Долбоорлор (проектировщик) менен иштөөчү адистин ар кандай объекттердин долбоорун даярдоо үчүн сертификаты бар.
Смета даярдоо үчүн ишкананын бир адисине тиешелүү документтерди даярдап, сертификат алуу үчүн госстройго жөнөтүлгөн. Андан сырткары квалификациялуу адистерди жумушка тартуу максатында проектировщик (долбоорлоо), архитектор адистиктерине конкурска катышуу үчүн “Өзгөн нуру” газетасына кулактандыруу берилген.
Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан калькуляция 2008-жылы антимонополия боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган баалар менен жүргүзүлөт.
Башкармалыкта 2015-жыл ичинде:
89 даана АПУ
19 даана ИТУ
97 даана корутунду (заключение)
48 даана техникалык корутунду (АТЗ)
53 даана убактылуу пайдаланууга (ВРУ)
17 даана жер тилкелеринин планы (ПЗУ) даярдалып берилген.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2014-жылдын 27-декабрында өткөн кезектеги XVI сессиясынын №16/3 сандуу токтомунун аткарылышы боюнча:
1. Шаардын көчөлөрүндөгү автотыгындарды азайтуу максатында /ч-Дөбө, А.Набиев, Согдиана, Ала-Тоо, Токтогул, Сельская, Гагарин, Бегельдинов, Ленин, Советская, Гаппаров жана Фуркат көчөлөрүн кеңейтүү боюнча долбоор даярдоого уруксат берүүчү документтер даярдалып берилген.
Автоунаалар токтоочу жайларды уюштуруу боюнча башкармалык тарабынан 2015-жылда документтер даярдалып берилген эмес. Парковкалар (жол боюнда уюштурулган) департамент тарабынан жеке ишкерлердин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде уюштурулган.
Мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө КР нын Өкмөтүнүн жоболоруна ылайык райондор аралык экотехинспекция башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт, архитектура башкармалыгы жеке менчик турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзөт.
Шаардын чек арасын тактоо, шаардын чек арасына кирбей калган жер тилкелерин шаардын аймагына өткөрүү жөнүндөгү маалымат башкы архитектордун маалыматында айтылат. Бүгүнкү күндө чечилбей, аткарылбай турган шаардын негизги көйгөйлөрү жөнүндө:
Шаардын чек арасын тактоо жана чек араны мамлекеттик деңгээлде бекиттирүү.
Айланма жолдун курулушун тездетүүнү мамлекеттик деңгээлде чечүү
Шаардын ПДПсын даярдатууну колго алуу жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен жасатуу
Шаардын жолдорун ПДП нын негизинде кеңейтүү (ПДП сы бар жерлерде). Мыйзамсыз курулган курулуштарды иретке келтирүү
Шаардын чек арасынын четиндеги шаардын чек арасына кирбей калган жер тилкелерин, шаардын аймагына өткөрүү (Достук эс алуу паркы, Өзгөн совхозунун гаражы ж.б.)
Шаардын Таштак, Пайзабад участкаларындагы жана Тынчтык эс алуу жайынын алдындагы скважиналарды, алардын жерлерин шаар мэриясынын балансына өткөрүү боюнча маселени архитектура башкармалыгы, шаар мэриясы, МММБ департаменти биргеликте иштеп чечүүсү, аткарууга алуусу керек.
“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча жетектөөчү адис Мамкурулуштун “Бирдиктүү терезе” боюнча BPN каналына өзүнчө бөлүнгөн телефон номерине уланган жана “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча уруксат берүүчү иш кагаздарын (архитектуралык пландоо шарттарын, инженердик-техникалык шарттарын), курулуштун долбоорлорун кандай даярдалышы боюнча маалымат башкармалыктын кабылдамасында жайгаштырылган.
Өзгөн шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына 2015-жылда баардыгы болуп 834 арыз жана каттар келип түшкөн. Алардын ичинен жогорку органдардан келип түшкөн буйрук жана каттар 77 ни түзөт. 366 кат, буйрук жана кайрылуулар Өзгөн шаар мэриясынан, раймамадминистрациядан, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинен жана башка мекеме-уюмдардан келип түшкөн. Жарандардан 391 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен 21 даттануу арыздары. Арыздар өз убагында аткарууга алынып, жооптору ээлерине жеткирип берилген.
Башкармалыкта иш кагаздарын жүргүзүүдө каттоо журналын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, иш кагаздарды көзөмөлгө алуу, анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн аларга топтогуч (накопительная) папкалары уюштурулган жана ар квартал сайын жогорку органдардан келген буйрук, каттар боюнча жана жарандардын кайрылуу, арыздарынын аткарылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине сандык отчет жөнөтүлүп турулган.
Жогорку органдардан келген иш кагаздар, жарандардын каттары жана арыздар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, аларда айтылган фактылар өз ордунда, ар тараптуу кароо үчүн башкармалыкта ар аптада өткөрүлүүчү жалпы жыйында биринчи кезекте ушул маселеге көңүл бурулган.
Өзгөн шаардык кеңешинин “Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, энергетика жана курулуш боюнча” туруктуу комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2015-жылда аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
Комиссиянын төрагасы | Н. Курбанов |