Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/4
Өзгөн шаарынын МММБ департаментинин 2016-жылдын 12–февралындагы А. Навои көчөсүндөгү 312 м2 жерди муниципалдык мүлктөн чыгарып берүү жөнүндөгү №117 каты
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын №1 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын А. Навои көчөсүндөгү 312 м2 жерди муниципалдык менчиктеги мүлктөн чыгарып, ал жерди убактылуу пайдаланып жаткан А. Навои көчөсү №8 үйдүн тургуну Турсунбаева Салимахонга мыйзамдуулук жагын карап, жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.(тиркелет)
2. Мыйзамга ылайык тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешовко жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
№ 1 ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары 21 - апрель 2016-жыл
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Насиров,
«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы – А.Маткабылов
Мүчөлөрү: депутаттар Х. Абдурахманов, А. Кахаров, А. Мамазаитов
Депутат: М. Халматов
Өзгөн шаарынын мэри С. Пратов, 1-вице мэри М. Тайлаков.
МММБ департаментинин директорун милдет аткаруучу М. Макешов, орун басары Х. Тешабаев.
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык инканасынын директору К. Бодонов.
«Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын инженери Р. Назаров.
Күн тартибиндеги маселе:
1) Өзгөн шаардык кеңешинин №21/1 токтомун аткарылышы боюнча «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын отчету
2) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 8–апрелиндеги «Таштак» кварталында жайгашкан №2 «Таштак» үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын «Өзгөн» үй бүлөлүк медициналык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү № 267 каты
3)Өзгөн шаарынын МММБ департаментинин 2016-жылдын 12 – февралындагы А. Навои көчөсүндөгү 312м2 жерди муниципалдык мүлктөн чыгарып берүү жөнүндөгү № 117 каты
4) «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын 30-мартындагы шаардан башка жерлерге убактылуу иштегени кеткен үй-бүлөлөргө таза сууга болгон төлөмдөрдү токтотуп турууга макулдук берүү жөнүндөгү № 18 каты
Комиссиянын отурумун «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Маткабылов ачып, бүгүнкү отурумдун күн тартибине киргизилген маселе боюнча маалымат берди.
Комиссянын төрагасы депутат А. Маткабылов: Анда эмесе биринчи маселе боюнча «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К. Бодонов маалымат бериб койсо.
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К. Бодонов: 2015-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын 1-февралына карата 670,0 миң сом акча каражаты түштү.
Депутат А. Маткабылов: Сиз экономикалык жактан жооп бериңиз, отчет мындай болбойт.
Депутат Х. Абдурахманов: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 36-беренесинин 2-пунктуна жараша сессиянын токтому аткарылыш керек.
Депутат А. Маткабылов: сиздин бүкүнкү күндөгү отчетуңузда канча кызмат көрсөтүлгөн, канча акча каражаты өндүрдүрүлгөнүн, канча түштү, канча чыгаша кылынгандыгы боюнча айтышыңыз керек эле. Отчет ай сайын, квартал сайын, жарым жылдык, бир жылдык кылып түзүшүңүз керек эле.
Депутат А. Насиров: бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Берүүнү кат жүзүндө да жетекчиге эскертилген бирок маалымат берилбеген, мен жетекчиге карата чара колдонууду сунуш кылам.
Депутат Х. Абдурахманов: «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын жетекчиси К.Бодоновго 2016-жылдын 25-апрелине чейин убакыт берсек токтомдун аткарылышын, 2015-жыл ичинде жана 2016-жылдын I-кварталына карата аткарган иштери боюнча отчетун жазуу түрүндө алып келип отчетун берсе.
Сунуш комиссия тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
Депутат А. Маткабылов: күн тартибиндеги кийинки маселеге өтсөк, «Таштак» кварталында жайгашкан №2 «Таштак» үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын «Өзгөн» үй бүлөлүк медициналык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү № 267 каты. Мамлекеттик актысы барбы бизде, «Таштак» үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты биздин баланска толук өткөнбү?
МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучусу М. Макешов: малекеттик актысы бар бирок толугу менен биздин баланса өткөнчө жок, себеби 650,0 миң сом кырызыбыз бар.
Депутат Х. Абдурахманов: Толук биздин баланска өтпөгөн болсо кийин карасак.
Депутат М. Халматов: Таштактагы /БДТнын имаратын ремонт кылууга акча каражаты талап кылынат, имарат ЦСМдин балансына өткөрүп берилсе Республикалык бюджет эсебинен каражат каралат. Имараттын жери муниципалдык менчикте калса.
«Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын инженери Р. Назаров: Менин ойумча бул имарат шаардын балансында калыш керек же оперативдик башкарууга өткөрүп бериш керек.
Депутат А. Маткабылов: МММБ департаменти бул маселе боюнча иликтеп көрсө, эгер оперативдик башкарууга өткөрүп берсек кандай шарттар менен өткөрүп беребиз карап сунуш бергиле.
МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучусу М. Макешов: ГСВ га өткөн жылы бюджеттен 46,0 миң сом акча каражаты каралып, бирок аларга берилген эмес.
Депутат А. Маткабылов: бул маселе боюнча МММБ департаментине калган 650,0 миң сом карызды төлөп берүүңү милдеттендирсек.
Сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Депутат Х. Абдурахманов: Мыйзам чегинде сатыла турган муниципалдык жер болсо сатыш керек азыркы күндө бюджетке акча түшүрүш керек.
Депутат А. Насиров: 1-вице мэр М. Тайлаковго тапшырма берсек 2016-жылдын титулдук тизмесиндеги аткарыла турган иштерди квартал сайын бөлүш боюнча сунуш берсе, биз карап чыксак.
1-вице мэр М. Тайлаков: 2016-жылдын титулду тизмедеги ар кварталда кылына турган иштердин тизмеси бүтүп калды мэр карап чыкса сиздерге беребиз.
Депутат А. Маткабылов: урматтуу мэр титулдук тизмедеги столба жана шагылдардын кайсыл жерлерге төгүлүшү жана орнотулушу боюнча комиссия менен чечип алыш керек.
Мэр С. Пратов: ошол маселелер боюнча сиздер менен бирге иликтеп, кайсыл көчөлөргө столбаларды зарыл, кайсыларына шагылдар зарылдыгын текшерип шаарды айланып чыксак.
Комиссия төрагасы А. Маткабылов: урматтуу депутаттар күн тартибиндеги үчүнчү маселеге өтсөк бул, - Өзгөн шаарынын МММБ департаментинин 2016-жылдын 12 – февралындагы А. Навои көчөсүндөгү 312м2 жерди муниципалдык мүлктөн чыгарып берүү жөнүндөгү № 117 каты. Бул маселе боюнча МММБ департаментинин директорун орун басары Х.Тешабаев маалымат берип кетсе.
МММБ департаментинин директорун орун басары Х. Тешабаев: Бул жерди С.Турсунбаева көп жылдардан бери пайдаланып келет бирок биздин мүлк болуп катталып калган экен, бул аялдын ушул 312м2 жерге ээлик кылуу боюнча мэрдин токтомуда бар бирок сессиянын чечими керек болуп жатат.
Депутат Х. Абдурахманов: эгер мэрдин токтому болсо сессияга киргизип койсок.
Депутат А. Маткабылов: сунушту добушка койсом.
Сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Комиссиянын төрагасы А. Маткабылов: Кийинки маселеге өтсөк - «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын 30-мартындагы шаардан башка жерлерге убактылуу иштегени кеткен үй-бүлөлөргө таза сууга болгон төлөмдөрдү токтотуп турууга макулдук берүү жөнүндөгү № 18 каты. Бул маселе боюнча «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын Р. Назаров маалымат берип койсун.
«Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын инженери Р. Назаров: шаардан башка жерглерге кеткен үй-бүлөлөрдүн төлөмүн токтотуп туру боюнча комиссия түзүп текшерип чындыгында үй-бүлөлөрдөгү баардын жараандар кеткенби же 1-2 жаран ошол үйдө суудан падаланабы, кварталдык комитеттеден аныктама алып текшерүүнүн жыйынтыгы менен акт жазып төлөмдөрүн токтотуп жатабыз, бирок сессияда да карап берсеңер.
Депутат А. Маткабылов: Кожолуктар менен келишим түзгөндө баардык критерийлерди карап түшүш керек, үй-бүлөнүн баардыгы кетеби же кээбиркиси үйүндө калабы.
Депутат А. Насиров: эсептегич коюш керек ошондо бул маселе жана башка бир канча маселер өзү чечилип калат.
«Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын Р. Назаров: бул маселе боюнча иликтеп бир нече үй-бүлөлөргө орнотуп көрдүк, бир үйгө эсептегич орнотуу 4700 сомго туура келип жатат бул сумма көп болгондуктан финансы жактанмүмкүнчүлүк болбой жатат, эсептегичти ачык жерге орнотсо болбойт суукта муздап, иштен чыгып калаткен.
Депутат Х. Абдурахманов: сиздер берген тизмедеги баардык жараандар үй-бүлөсү менен чет жака кетип жаткандыгы боюнча арыздар түшкөнбү?
«Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын Р. Назаров: тизмедеги баардык үй-бөлөлөрдөн арыздар түшкөн.
Депутат А. Маткабылов: «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишканасын 2015-жылда аткарган жана 2016-жылда жүргүзүп жаткан иштерин текшерүү боюнча биздин комиссияга буйрук чыккан, бул маселени да ишкананы текшерүүдө карап чыксак.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын А. Навои көчөсүндөгү 312м2 жерди муниципалдык мүлктөн чыгарып берилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
3. МММБ департаменти Таштактагы /БДТнын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алууну аягына чыгарсын.
Комиссиянын төрагасы | А. Маткабылов |