Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-июну № 30/2
Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515-токтомуна ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 30-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515-токтомуна ылайык мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ааталган курулушту курууга уруксат берүү боюнча Мыйзам чегинде иш алып бару жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясына ( Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |