Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 34–сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 34-12
Т.Кулатов атындагы айылдык өкмөтүнүн социалдык - экономикалык өнүгүү программасын 2018-2025-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Көчкөновдун билдирүүсүн негизинде түзүлгөн 2018-2025-жылдарга карата социалдык –экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык иш-чара социалдык – экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык иш-чара социалдык – экономикалык өнүгүү программасына Кереге-Таш, Ак-Терек, Абшыр-Ата айылындарына балдар бакчаларын куруу киргизилсин.
3. Ушул токтомдукөзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |