Загрузка документа…
«БЕКИТЕМИН»
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы: Н.Мадимаров.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүү программасы
Кириш сөз
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүүсүнүн программасы райондо тездетилген экономикалык өcүштү жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнү камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы “Жаны доорго кырк кадам 2018-2023” программасын ишке ашыруу боюнча № 609 буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 токтомун ишке ашыруу жөнүндө” № 663-б буйругу жетекчиликке жана аткарууга алынып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаны доорго кырк кадам” программасында кабыл алынган иш-пландар Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын стратегиялык туруктуу өнүгүү программасында кенири камтылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын “Таза Коом-Жаңы Доор” 2018-2040 Туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизинде, биринчи кезекте амбициялуу, бирок аткарыла турган, экономиканы өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга багытталган, аларга санарип технологиясын киргизүү, стратегиялык пландоого программалык ыкманы колдонуу, ошондой эле салыштырмалуу түрдө артыкчылыгы бар жана калктын жашоо-турмушуна жакшы социалдык натыйжа берүүгө жөндөмдүү болгон тармактарда айыл өкмөтүнүн экономикасынын прогрессивдүү адистешүүсү менен аткарыла турган милдеттер коюлушу зарыл.
Анда негизинен, 2018-2040-жылдарга стратегия ыраттуу экономикалык өсүштүн, татыктуу жумуш орундарын түзүүнүн жана сактоонун, региондорду бирдей өнүктүрүүнүн, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын күчөтүүнүн, өлкөдөгү өндүрүш потенциалын жана инновациянын сапатын жакшыртуунун эсебинен элдин татыктуу жашоосуна шарттарды түзүп берүүгө багытталган.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын “Таза Коом-Жаңы Доор” 2018-2040 Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алгачкы 6 жылдык программасы болуп эсептелип, өлкөнүн экономикасынын, калктын социалдык жашоосунун өсүш жана өнүгүү процесстеринин динамикалуулугун камсыз кылууга, ошондой эле жарандар үчүн тынч жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүгө багытталат. Программалык-максаттык ыкма программалык аракеттердин максаттуулугун камсыз кылат, аларга жетишүү боюнча артыкчылыктуу милдеттердин жана пландардын чөйрөсүн чектейт. Программанын алкагында беш жылдык өнүгүү долбоорлору ишке ашырылат, алар программанын милдеттерин этап-этабы менен аткарууга мүмкүндүк берет.
Бул стратегиялык негизди куруу үчүн биринчи кезекте “Таза коом” программасы ишке ашырылат:
“Таза Коом”- мамлекетти башкаруу системасын жана коомдун жашоо-турмушун санариптик трансформациялоо – Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн экономикасын жана жашоо-турмушун санарипке өткөрүү бул үй чарбаларынын, фирмалардын, жергиликтүү бийликтин өз ара байланышын оптималдаштыруу, коррупцияны жоюу, райондун инвестициялык жагымдуулугун көбөйтүү, өнүгүү үчүн инфраструктуралык базаны жакшыртуу үчүн санарип технологияларынын мүмкүндүктөрүн дайыма колдонуу.
Экономикалык секирик үчүн негизди калыптандыруу - бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплекси татыктуу жумушчу орундарын түзүүгө, экспортту көбөйтүүгө, өлкөнүн инфраструктурасын, билим берүү, саламаттык сактоо системасын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүү; агроөнөр жай комплексинде, өнөр жайда, туристтик тармакта обьекттерди курууда жана башка тармактарда ишкерлик активдүүлүктү өстүрүүдө калктын экономикалык бакубаттыгынын жана социалдык бакубаттыгынын өсүшүнө өбөлгө болуу.
Жагымдуу бизнес-чөйрө - чакан жана орто бизнес экономикада маанилүү ролду ойнойт. Бийликтин жана бизнес-ассоциациялардын өз ара өнөктөш мамилелерин орнотуу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, экономиканын ар кайсы тармактарындагы ишкерлердин ишин кеңейтүү жана региондордо жумушчу орундарын түзүүнү колдоонун эсебинен камсыз кылуу саналат. Ишкерлердин жөнөкөй жана түшүнүктүү иш эрежелери менен комфорттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү.
Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин ишке ашыруу, региондорду өнүктүрүүгө болгон мамилени системалуу өзгөртүү жана мамлекет менен коомдун күч аракетин бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү” № 2 Жарлыгын ишке ашыруу жана аткарууга, жетекчиликке алуу, 2018-жылы региондорду колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп тамырынан өзгөртүүнүн негизин салуу, ар бир айыл аймак боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу, алардын базасында иш-чаралардын жылдык пландарын бекитүү жана турмушка ашыруу эн маанилүү милдет болуп эсептелет.
Бул стратегиялык программа Кыргыз Республикасынын “Таза Коом-Жаңы Доор” 2018-2040 Туруктуу өнүгүү стратегиясында, “Жаны доорго кырк кадам” программасында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” Жарлыгында камтылган социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин жашоо абалын жакшыртуу боюнча койгон тапшырмаларында белгиленген, негизги багыттарга таянуу менен райондун аймагындагы колдо бар ресурстарга, жана башка экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Стратегиянын негизги максаты:
Жергиликтүү жана сырттан тартылган ресурстарды эффективдүү пайдаланып, райондун приоритеттерине негизделген программаларды ишке ашыруу аркылуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка резервдерди, ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели системалуулукка, комплекстүүлүккө жана тендештикке карай умтулууну максаттайт. Бул максатка жетүү үчүн жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын райондун эномикасына активдүү тартуу талап кылынат.
Стратегиянын негизги багыттары:
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп агрардык секторду өнүктүрүү, башкача айтканда айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында айдоо жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүүгө, мал чарбачылыгында малдардын башын артырууга эмес, алардын асылдуулугун жана азыктуулугун артырууга, өндүрүлгөн продукцияларынын сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып кайра иштетүүгө жетишүү болуп эсептелет. Бул тапшырмаларды чечүү үчүн ички потенциалдарды ишке киргизүү менен сырткы жана ички инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү чакан ишканаларды көбөйтүү аркылуу ар түрдүү багыттагы айыл чарба кооперативдерди уюштуруу жолу менен чечүүгө багытталат.
Ал эми, экинчи негизги багыт болуп эсептелген өнөр жайында токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү, кошумча жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү менен тоо кен тармагындагы райондун болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн кенири пайдалануу максатында сырткы жана ички инвестицияларды тартууга негизги күч багытталмакчы. Бул багытта, алдынкы технологиялар менен экологияны сактоого камсыздалган жаны ишканаларды курууга өзгөчө көнүл бурулмакчы. Калктын өнөр жай тармагында аракеттенген ишкерлерге да ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын негизги милдетеринин бири болуп калмакчы.
Базар экономикасынын шартында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте райондун экономикасын көтөрүүнүн приоритеттүү багыттары болуп эсептелген бизнестин бардык түрлөрүнө, кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү багыттында ишкердүүлүктүн жакшыруусуна бөгөт койгон административдик барьерлерди жок кылууга өзгөчө көңүл бөлүнмөкчү.
Социалдык тармакта калкты социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн стратегиялык пландардын негизинде иштер жүргүзүлөт. Бул багытта биринчи кезекте калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаны жумушчу орундарды түзүүгө, райондун аймагындагы жаштарды патриоттуулукка тарбыялоо, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоого ар тараптан чечкиндүү чараларды көрүү менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, аларга кесиптик багыт берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чындоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртууга өзгөчө көнүл бурулат. Өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына керектүү адистер менен камсыздоо үчүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барылат.
Ошондой эле, айыл аймагындагы айылдарда инфраструктураны жакшыртуу, калкты байланыш кызматы менен тейлөөнү, ички жолдорду ондоо жана транспорт катнаштарын жакшыртуу, элди таза суу менен камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү багытында натыйжалуу иш аракеттер көрүлмөкчү.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Ноокат районунун 2018-2025-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасын турмушка ашыруунун башкы багыттары болуп:
- Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу жана алардын көлөмүн арттыруу;
- токтоп турган ишканаларады жандандыруу жана кошумча өнөр жай ишканаларын ачуу менен сапаттуу продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө жетишүү;
- Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык аймактарда киреше булактарын көбөйтүү чараларын көрүү менен өзүн-өзү камсыздоонун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, тоо кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдөн кенири пайдалануу жолу менен кошумча жумушчу орундарды түзүүгө жетишүү;
- айылдардын инфраструктурасын (жол, жарыктандыруу, таза суу менен камсыз кылуу ж.б.), социалдык-маданий багыттагы обьектилердин иштөө шарттарын жакшыртууга жетишүү;
- соода жана тейлөө маданиятынын жогорулатуунун чараларын көрүү;
- ички жана тышкы инвестицияларды тартуунун көлөмүн артыруу;
- эс алуучу жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу жана толук кандуу шарттарды түзүү менен туризмди өнүктүрүү;
- ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ирригациялык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана модернизациялоо
- мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, тарбиялык иштердин жана балдардын билим денгээлин көтөрүүнүн чараларын көрүү;
- билим берүү мекемелерин компьютер, окуу куралдар менен толук камсыздоого жетишүү, интернет тармагына бардык мектептерди кошуу;
- саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелеринин ишин жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу чараларын көрүү;
- санарип инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана сапатын жакшыртуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, бирдиктүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу бирдиктүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча жобону; Таза Коом” санариптик трансформациялоо программасы; электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси; электрондук төлөө шлюзу жөнүндө жобону;
- чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү болуп эсептелмекчи.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ПАСПОРТУ
1. Аталышы: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү
1.1 Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн карамагына кирген: айылдардын саны -7, калктын саны - 20970 адам.
1.2 Географиялык жайгашкан жери: Ош облусунун Түштүк бөлүгүндө, ал эми Ноокат районунун батыш бөлүгүндө жайгашкан.
Климаты: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө климаты кескин континенталдуу, жайы ысык, кышы өзгөчө суук болуп төрт айга созулат.
к/н № | Негизги көрсөткүчтөр | Маалымат | |
1.3. | Административдик-географиялык жайгашуусу: | Т.Кулатов айыл өкмөтү 1995-жылы уюшулган. Ош облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнө 7 айыл кирет.
| |
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык, км менен: | 15 | ||
Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км менен: | 84 | ||
Дениз денгээлинен бийиктиги, метр менен: | 1200-1700 | ||
|
| ||
1.4. | Аймагы, миң. кв. км менен | 29154,0 | |
|
| ||
1.5. | Калкы–жалпы адам саны | 20970 | |
аныничинен: Эркектер - баары; | 10297 | ||
Аялдар - баары; | 10673 | ||
Анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
| ||
0-15жаш | 5409 | ||
16-62 жаш | 13486 | ||
63жаштан жогору | 2075 | ||
1.6. | Улуттук курамы, адам саны менен: |
| |
кыргыздар | 20964 | ||
өзбектер | 4 | ||
орустар | 0 | ||
украиндер | 0 | ||
немецтер | 0 | ||
татарлар | 0 | ||
уйгурлар | 0 | ||
дунгандар | 0 | ||
түрктөр | 0 | ||
тажиктер | 0 | ||
казахтар | 0 | ||
башкаулуттар | 0 | ||
1.7. | Айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлердин саны | 28 | |
1.8. | Коомдукбирикмелер: |
| |
Аксакалдар соту | 1 | ||
Коомдук профилактикалык борбор | 0 | ||
Укуктук тартипти коргоо кошундары | 5 | ||
Милицияга көмөктөшүүчү отряддар | 0 | ||
Аялдар комитети | 1 | ||
Бей өкмөт уюмдар: | 0 | ||
аялдар коомдук уюму | 0 | ||
Адам укугун коргоо боюнча | - | ||
Жана башкалар | - | ||
II. Калкты социалдык жактан коргоо
2.1 | Калктын социалдык жактан аярлуу катмардагыларынын саны, адам: |
|
категорияларбоюнча |
| |
пенсионерлер | 445 | |
Пенсионерлерге 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 29370000 | |
аз камсыздыгы боюнча пособия алуучулар | 481 | |
Аз камсыздыгы боюнча пособия алуучуларга 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 1 037 610 | |
Айыл аймакта социалдык фонд башкармалыгынан пенсия алуучу майыптар | 253 | |
Айыл аймактын социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган майыптар жана 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 759 000 | |
а.и. майып балдар | 81 | |
эмгектин жана согуштун ветерандары | 65/1 | |
Согуштун ветерандарынын саны жана 2017-жылы берилген акча каражат (мин сом) | 780 000 | |
жалгыз бой-энелер жалгыз бой-аталар | 10/- | |
жумушсуздар (официалдуу катталгандар) | 200 |
III. Калкты жумуш менен камсыздоо
3.1 | Калктын орточо жылдык жумуш менен камсыздалуусу (миң. адам) |
|
анын ичинен: | - | |
Экономика тармагында | - | |
Балыкчылык , тоо-кенөнөр жайында | - | |
Кайра иштетүүчү өнөр жайында; | - | |
Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасында; | 437 | |
Транспорт жана байланыш тармагында; | 6 | |
Соода, авто унаа оңдоо, тиричилик буюмдары жана жеке пайдалануучу буюмдарды жасоодо; | 4 | |
Саламаттыкты сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө | 7 | |
Электр кубаттуулугун өндүрүү жана бөлүштүрүүдө | - | |
Суу чарба тармагында | - | |
Курулушта | - | |
Мейманкана жана ресторандарда | - | |
Финансылык ишмердүүлүктө | - | |
Кыймылсыз мүлктөр менен операция жүргүзүү, ижарага берүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө | - | |
Мамлекеттик башкаруу органдарында | - | |
Билим берүү тармагында | 10 |
IV. Райондун социалдык-маданий өнүгүүсү
4.1 | Билим берүү |
|
мектепке чейинки мекемелердин саны: | 7 | |
алардагы балдардын саны | 380 | |
Тарбиячылардын саны | 111 | |
жалпы билим берүүчү мектептеринин саны: | 10 | |
Башталгыч | 9 | |
Негизги | 10 | |
Орто | 10 | |
Алардагы окуучулардын саны | 3343 | |
Мугалимдердин саны | 298 | |
|
| |
|
| |
|
| |
|
| |
4.2 | Саламаттыкты сактоо |
|
Райондук оорукана | - | |
Медициналык мекемелердин саны | - | |
Ноокат аймактык ооруканадагы медицина кызматкерлеринин саны жана берилген айылык акы (мин сом) | - | |
Үй -бүлөлүк медицина борбору | - | |
Mедицина кызматкерлеринин саны жана берилген айылык акы (мин сом) | 5 357 499 | |
Mедицина кызматкерлеринин саны жана берилген айылык акы (мин сом) | 6000 | |
Үй -бүлөлүк дарыгерлер топтору (ГСВ) | 1 | |
Аптека | 1 | |
Аймактык ооруканадагы жана аймактардагы керебеттердин саны | - | |
Аймактык ооруканадагы дарыгерлердин саны, адам | 2 | |
Аймактык ооруканадагы кенже медицина кызматкерлеринин саны | 7 | |
Аймактык ооруканадагы орто медициналык персоналдын саны | 37 | |
ФАП | 5 | |
4.3 | Маданият тармагы |
|
Райондук,айылдык маданият үйү | 1 | |
Китепканалар | 2 | |
Музейлер | 1 | |
Театрлар | - | |
Клубдар | 1 | |
Эс алуу жайлары | - | |
Жеке кызыкчылыктагы ийримдер | 4 | |
Парк жана балдар аянтчалары | - | |
Маданият кызматкерлеринин саны, адам | 4 | |
| Маданият кызматкерлерине 2017-жылы берилген акча каражаттын суммасы (мин сом) | 12950,0 |
4.4
| Турак-жай фонду |
|
Турак -жайфондунунжалпыаянты, миң кв. метр | 9670 | |
Анын ичинен; |
| |
Жеке менчиктурак-жай фонду | - | |
Мамлекеттиктурак-жай фонду | - | |
Коомдуктурак-жай фонду | - | |
Турак-жайкурулушкооперативи | - | |
Бир адамга орточо туура келген жашаган турак-үйдүн жалпы аянты, кв.метр менен | - |
V. Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоо
5.1 | Айыл, токой чарбасы,аңчылык жана балыкчылык |
|
5.1.1
| Айыл чарбачылыгына багытталган жалпы жер аянты, га | 12637 |
Жалпы айдоо аянты (га), | 2741 | |
Суулуу | 1023 | |
Кайрак | 1718 | |
Жалпы аянты: (га) |
| |
Чөп орунду | - | |
Жайыт | 7348 | |
Кенкатмары | - | |
Көп жылдык отургузулган дарактар(бакча) | 135 | |
Эшик алдындагы бакча участогу: (га) |
| |
Мөмөлүү | 187 | |
Жүзүм зарлар | - | |
Бахча өсүмдүктөрү | - | |
Токойчулук фондунун жалпы жер аянты (га) | 9869 | |
Аңчылыка ылайыкталган жалпы жераянты (га) | - | |
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери | 684 | |
Анын ичинен ижарага берилген жерлер | 595 | |
Айыл чарба ишканалары: |
| |
Токой чарбасы | - | |
Айыл чарбасы | 3506 | |
Фермердик жана дыйкан чарбасынын продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар,жеке менчикти кошкондо | - | |
Айыл чарба кооперативдери | - | |
Кредиттик союздар | - | |
Кредиттик портфелдин жалпы жыйынды көлөмү, млн.сом менен | - | |
Берилген кредиттердин өлчөмү, млн. сом. | - | |
|
| |
5.1.2
| Продукция өндүрүү (түрлөрү жана натуралай) 2016-жыл ичинде | Продукциянынны туралай түрү (миң. тонна ) |
Өсүмдүк продукцияларын өндүрүү (миң. тонна) |
| |
Дан азыгы | 23839,4 | |
Картошка | 23303,7 | |
Тамеки | - | |
Жашылча | 14850 | |
Мөмө-жемиш | - | |
Мал чарбачылыгынын продукциясын өндүрүү |
| |
Эт (союлганмассасы) (миң. тонна) | 6818 | |
Сүт(центнер) | 27155 | |
Жумуртка , (миң.даана) | 235587 | |
Жүн (физикалыксалмагы) (миң. тонна) | 195 | |
5.1.3 | Айыл жана токой чарбасынын, аңчылык жана балыкчылык боюнча продукцияларын кайра иштетүүчү реалдуу ишканаларынын саны | Саны (бирдикменен)
|
Нан өндүрүүчү жана данды кайра иштетүүчү ишканалар (тегирмен жана бышыруучу) | 1 | |
Дан азыгын кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Нан өндүрүүчү ишканалар | 2 | |
Мөмө, жемиш жана жашылчаны кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Тери жана булгарыны кайра иштетүүчү ишканалар | - | |
Арак,вино,пиво ичимдиктерин жана минералдык суусундуктарды чыгаруучу ишканалар | - | |
5.2 |
Өнөр жайы | Саны (бирдик менен) |
5.2.1 | Аракеттеги өнөр-жай ишканалар |
|
I. Тоо-кенөнөржайы |
| |
Отун-энергетикасына пайдалуу кендерди казып алуу | 1 | |
Пайдалуу кендерди казып алуу, отун энергетикасынан башкасы | - | |
II. Кайра иштетүүчүишканалар |
| |
Тамак-аш азыктарын өндүрүү, тамеки жана суусундуктарды кошкондо: | - | |
Текстиль жана тигүүчүлүк өндүрүшү | - | |
Тери, териденжасалганбуюмдардыөндүрүүжана бут кийимөндүрүү | - | |
Жыгач иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдардыөндүрүү | - | |
Нефти продукциясынөндүрүү | - | |
Целлюлозалык-кагаз өндүрүү: | - | |
Басмакана өндүрүшү | - | |
Химиялык өндүрүш: | - | |
Пластмасса жана резина буюмдарын өндүрүү | - | |
Металл эмес башка минералдык продукциялардыөндүрүү | - | |
Металлургиялык өндүрүш жана даяр металл буюмдарын өндүрүү | - | |
Машина жана анын жабдыктарын өндүрүү | - | |
Электр жабдыктарын өндүрүү; | - | |
Электрондук жана оптикалык: | - | |
Өнөр-жайдын башка тармактары | - | |
|
| |
5.3 | Туризм, соода, соода-өндүрүүишмердүүлүгү, үй-тиричиликти тейлөө (кызматкөрсөтүүчөйрөсү) | Саны (бирдик менен) |
5.3.1
| Аракеттеги туризм ишканасы жана анын кызмат көрсөтүү чөйрөсү |
|
Туризм ишканалары: | 1 | |
Мейманкана | 1 | |
Санатордук –курорттук мекемелер | - | |
Соода ишканалары | - | |
Соода-өндүрүш ишканалары(коомдук тамактануучу жайлар) | 23 | |
Автоунаа транспорту менен жүк ташуу ишканасы | - | |
Жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалары | - |
2018-2025 –жылдарга өнүгүү саясаты: Артыкчылыктары, тапшырмалары жана иш чаралары.
Ноокат районунда айыл чарба жана өнөр жай тармактары - райондун экономикалык өнүгүүсүнүн бирден-бир «локомативы» болуп саналат жана активдүү интеграциялык шарттарда калктын кирешесин жогорулатууну камсыздоого багытталган.
Негизинен райондо айыл чарба тармагынын продукциясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү зарыл жана соода өнөктөштүктө болгон ЕАЭБ, ЕС жана башка бирикмелердин стандартына шайкеш болуусу шарт.
Райондун ички дүң продукциясы жылдан-жылга өсүп келүүдө. Алсак 2017-жылы 13 млрд441,6 млн сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 107.7 % болгон. Ал эми, 2018 жылга – 105,3 %га өсүүсү күтүлүүдө. Жалпы облустун ички дүң продукциясынын 11,3 % үлүшүн түзүүдө.
Ноокат районунун ички дүн продукциясынын көлөмү.(млн сом)
Катар № | Тармактар | 2016- жыл | 2017-жыл | Өсүү темпи% |
1 | Айыл чарба | 6005,5 | 6738,2 | 112,2 |
2 | Өнөр жай | 458,5 | 444,8 | 97,0 |
3 | Капиталдык курулуш | 32268,3 | 21325,8 | |
4 | Кызмат көрсөтүү | 5260,5 | 5346,2 | 101,6 |
Жалпы дүн жыйым |
| 12 млрд 485.0 млн сом | 13 млрд441,6 млн сом | 107.7 % |
Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -144,1%;
Жогоруда көрсөтүлгөндөй Айыл аймагында негизинен айыл чарба тармагы жалпы дүн продукциянын көптөгөн бөлүгүн түзөт.
1- Агро өнөржай комплексин өнүктүрүү
Агрардык сектор облустагы азык-түлүк коопсуздугун, калкты жумуш менен камсыздоочу жана аймактык дүң продукциянын көлөмүнүн оорчундуу бөлүгүн берген тармак.
Айыл чарбасынын үлүшү облустун аймактык дүң продукциянын көлөмүнүн орточо 43% тегерегинде болду. Анын ичинде мал чарбасынын үлүшү 41% жана дыйканчылыктын үлүшү 45% түздү.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарда экономикалык өнүгүүсүнүндөгү түпкүлүктүү багыт – бул айыл аймагындагы айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу менен алардын көлөмүн арттыруу болуп эсептелет. Ал үчүн айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн негизги булактары болгон сугат жерди которуштуруп айдоо, асылдуулугун арттыруу үчүн көп жылдык өсүмдүктөрдү айдап себүүгө жетишүү зарыл. Акыркы жылдарда жердин асылдуулугунун төмөндөшүнөн улам айыл аймактын дыйкандары айыл чарба эгиндеринен мол түшүм ала албай келе жатат.
Айыл чарба дүң продукциянын көлөмүнүн өсүүсүн 2018-2023- жылдары жылына болжол менен 2 %дан кем эмес жогорлатуу максатталган.
Стратегияда айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө 4 артыкчылык багыттары камтылган.
Алар, 1-багытта: Рентабелдүү өсүмдүктөрдүн аянтын көбөйтүү, пайдаланылбай калган жерлердин аянтын кыскартуу.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында күнөсканаларды куруу, кайра иштетүүчү цехтерди, мөмө-жемиш кургатуучу цехтерди куруу, дыйкандарды таза үрөөндөр менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу, жеке ишкердикти өнүктүрүү, жерлерди агротехникалык эрежелердин негизинде иштетүү үчүн агротехникалык талаптарга жооп бербеген, эскилиги жеткен техникаларды жанылоо зарылчылыгы бар, заманбап техникалык жактан тейлөөчү сервистерди ачуу, ветеринардык сервистердин ишинин натыйжалуугун көтөрүү милдеттери турат.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө илгеритен бери тамекичилик тармагы негизги тармак болуп эсептелип келген. Кийинки мезгилдерде сатып алуучулар тарабынан тамекинин баасынын төмөн болушунун натыйжасында, атаандаштыктын жоктугунан тамеки өндүрүүнүн көлөмү кескин төмөндөп кетти.
Тамеки өстүрүү айыл чарбасындагы мамлекетке кирише берүүчү бирден-бир тармак болуп эсептелген тамекичилик тармагына да өзгөчө маани берүүнү талап кылынат же болбосо тамеки өстүрүүнү көбөйтүү зарыл.
Бүгүнкү күндө суу жетпеген, кайрак жерлерди өздөштүрүү, сугат суу алып баруучу каналдын курулушуна ар тараптан көмөктөшүү менен, сугат суу танкыс болгон жерлерде тамчылатып сугаруу методун колдонууну ишке ашыруу зарылдыгы келип чыкты.
Бул багытта, бүгүнкү күнгө карата тамчылатып сугаруу боюнча 2019-жылга 2,0 га жана 2023-жылдарга чейин болжолдуу түрдө 30,0 га жер аянтын тамчылатып сурагуу ыкмасы боюнча бакка айландырууну уюштуруу күтүлүүдө. Ошону менен катар эле мөмө-жемиштерди экспортко алып чыгуу маселеси да жандандырууну талап кылат.
Ошондой эле, күнөскана коплекстерин куруп калкты айыл чарба продукциялары менен жыл бою үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштерин колго алуу менен айылдарда жыл сайын 2 ден кем эмес күнөскана куруу милдети турат.
Ал эми, 2018-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган айыл чарба жерлеринин аянты 90,0 га түздү, 2018-жыл ичинде 5% кыскартуу пландалууда, 2023- жылга 30 % кыскартууга жетишүү.
2-багытта: Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү:
Бүгүнкү күндө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, эт, сүт багытындагы, бордоп семиртүүчү фермердик чарбалардын санын көбөйтүү менен малдарды асылдаштыруу багытында иш жүргүзүү милдеттери турат. Бул багытта 2019-2025-жылдарга АРИС программасынын негизинде Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кожо-Арык айылына Ветсервис куруу пландаштырылса, ишкерлер тарабынан Абшыр-Сай айылына сүттү кайра иштетүүчү ишкана куруу пландаштырылууда.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында ЕАЭС талаптарына жооп берген жылына бирден жаңы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларын ачуу менен, жылына 10 дон кем эмес жумуш орун түзүүү.
2020 –жылдарга Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Сай участкасына 1 мал соючу (убойный) пункттар ишке кириши күтүлүүдө.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын калкын жумуртка менен камсыздоо үчүн 2018-2025-жылдарда тоок фермаларын көбөйтүү зарылдыгы келип чыгууда.
Андан сырткары Т.Кулатов атындагы айыл аймагында бал аарычылык боюнча ишкерлерди көбөйтүү. Бул тармак дагы калкка киреше алып келүүчү бирден бир жолу экендигин баса белгилеп кетсек болот. Бирок бүгүнкү күндө бал аары менен алектенген ишкерлер жок, бул тармакты өнүктүрүү кыйынчылыкка турууда. Биздин эн биринчи милдет бал челектери бар ишкерлерди бириктирүү менен, бал аарычылардын ассоцациясын түзүүгө багытталып, келечекте айыл амагында экологиялык таза балын экспортко чыгарууга багытталмакчы.
3-багытта: Айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарууну өркүндөтүү
Кыргыз Республикасы Евразиялык Бажы биримдигине кошулгандыгына байланыштуу азыркы мезгилде айыл-чарба продукцияларын сактап экспорттоо максатында, логисмтикалык борборлорду куруу пландаштырылууда.
Айыл чарба тармагынын продукциясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү зарыл жана соода өнөктөштүктө болгон ЕАЭБ, ЕС жана башка бирикмелердин стандартына шайкеш болуусу шарт.
4 – багытта: Ирригация тармагын өнүктүрүү.
Бүгүнкү күндө айыл чарба эгиндерин сугат суу менен камсыздоодо орчундуу маселелер жаралууда. Ички сугат каналдарын, чарбалар аралык каналдарды талапка ылайык келтирүү маселелери турат.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын чарба тармагынын өсүү темпи айыл чарба жерлерин ургаалдуу (интенсивный) пайдалануудан болмокчу. Мындай ургаалдуу (интенсивный) пайдалануу иш чарасы, дыйкан жана фермердик чарбалардын, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эсебинен, жердин келечеги, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрү, өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүүнүн жол-жобосу жана өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине жана ооруларына каршы биоорганикалык ыкмасы жөнүндө маалымдуулукту жеткирүүнүн эсебинен болмокчу.
Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн биз негизинен дыйкандардын жогору киреше алуусу үчүн төмөнкү орчундуу маселелерди өз убагында чечүүнү милдет кылып койдук:
· Өндүрүүчүлөр сапатуу сорттогу үрөндөр, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү майлоочу майлар менен өз убагында жана арзан баада камсыздалуусу;
· Суугат суунун эффективдүү пайдалануу, ирригациялык системаларды ондоп түзөө;
· Айыл чарба продукцияларын сатууда маркетинг кызматтарын түзүү;
· Эскирген айыл чарба техникаларын жанылоо, дан жыйноочу комбайндардын санын көбөйтүү.
2-артыкчылык. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын негизинен өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпи туруктуу болуп, ар жылы өсүүсү камсыз кылынган. Анын ичинен айрым продукциялардын натуралай түрү боюнча төмөндөгүдөй өнөр жай продукциялары өндүрүлдү:
№ | Продукциялардын жана сырьелордун түрү | Өлчөө бирдиги | 2014-жылдын январь- декабры | 2015- жылдын январь- декабры | 2016- жылдын январь- декабры | 2017- жылдын январь- декабры |
1 | Ун чыгаруу | тн | 694,1 | 715,3 | 733,7 | 741,1 |
2 | Нан чыгаруу | тн | 47,5 | 49,3 | 50,5 | 53,8 |
8 | Известняк, гипс | мин тн | 7,9 | 24,0 | 31,0 | 46,3 |
9 | Базальт | тн |
| 64132,8 | 30999,6 | 6538,2 |
10 | Цемент | мин тн | 2,7 | 1,9 | 4,1 | 1,0 |
15 | Өнөр жай өндүрүшүнүн ФКИ | % | 103,6 | 106,3 | 99,5 | 102,9 |
Т.Кулатов айыл өкмөтү ошондой эле тоо кен байлыктарга бай экендиги менен айырмаланат. Тоо кен тармагын өнүктүрүү менен өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп кетсек болот. Бул максатка жетүү үчүн бул багытта инвесторлорду тартуу менен өтө зор өлчөмдөгү инвестиция тартуу зарыл.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы кен байлыктардын запасы
№ | Кен байлыктардын аталышы | Жайгашкан жери | Запасы |
1 | Сурьма | Абшыр | 10548 тонна |
2 | Алтын | Абшыр | 1500 тонна |
3 | Көмүр | Кызыл-Булак | 38141000 тонна |
4 | Көмүр | Абшыр | 16981000 тонна |
2023-жылга чейин программада белгиленген иш чараларды аткаруу менен, өнөр жай продукциясын өндүрүү 2018-жылы 462.1 миң сом белгиленип, физикалык көлөмдүн индекси 102,9 % түзмөкчү, 2019-жылга - физикалык көлөмдүн индекси 103.5%, 2020--жылга -105.7 %, 2021-2023 жылдарга 105,8% камсыздалмакчы. Жалпы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн үлүшүн 2023- жылы 5,0%га көтөрүү пландаштырылмакчы.
Аны турмушка ашыруу үчүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн 3 багыттары камтылган. Алар:
1. Кайра иштетүү өндүрүштөрүн өнүктүрүү
Азыркы учурда мөмө-жемиш бактарынын аянты кенейип, малдын саны күндөн күнгө өсуп келе жатат. алманын сапаты, көптүгү боюнча облуста алдынкы орунда турабыз, ошондуктан өнөр-жай багытында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү, мөмө-жемиштерди сактоочу кампаларды куруу, кургатуучу кичи ишканаларды куруу боюнча иштерди жандандыруу максатында жеке ишкерлерди жана чет элдик донор уюмдарды тартуу милдети турат.
1. Ири өндүрүштөгү ишканаларды ишке киргизүү:
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында “2018-жыл региондорду өнүктүрүү” жылында төмөндөгү өнөр жай ишканалар ишке берилүүсү күтүлүүдө:
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы жер семирткичтерди өндүрүү боюнча “Кыргыз минерал жер семирткич” заводунун курулушу башталууда. Заводду курууга жалпы 100 га жер суралган, азыркы убакта айылдык кенештин чечими менен мурда өнөр жай категориясына которулган даяр 22 га жер заводдун алгачкы жумуштарын баштоо үчүн берилди, калган 48 га жер жайыттан, 30 га кайрак айдоо жерден трансформациялоо керек.
Завод куруу үчүн азыркы убакта берилген 22 га жерге 2018-жылдын март айына чейин керектүү техникаларды жана жабдууларды толугу менен ташылып орнотулуп бүтүү пландаштырылган.
2018-жылдын март айынан заводду куруу иштери башталат.
Курулуштун жалпы баасы 200 млн АКШ долларын түзөт. Завод ишке кирсе 1000 адам жумуш орду менен камсыз болот.
2019-жылдын май айынан продукция чыгара баштайт, негизинен амафоз жер семирткичин чыгарат.
Сырье Т.Кулатов айыл аймагындагы Кызыл-Булак жана Абшыр карьерлеринен көмүрдүн күкүмүн же илимий тил менен айтканда гуминди пайдаланат. Курамында азот, фосфор жана калий болгон аралаш жер семирткич өндүрүлөт.
Жалпы кубаттуулугу суткасына 2,5 мин тонна.
Өндүрүш башталар замат керектүү болгон адисти окутуп үйрөтүүчү курстар ачылат. Мамлекетке тиешелүү салык төлөмдөрү төгүлөт.
Абшыр- Сай, дарыяларынын жээгинде чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар.
1. Тармактагы кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү:
Кичи, орто ишканаларынын жана калк чыгарган өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылда жалпы өнөр-жай продукцияларынын өндүрүү көлөмүндө салмагы 17.9 пайызды түздү (2016-жылда – 17.0% пайыз).
Жергиликтүү сырьену, ресурстарды кайра иштетүүгө, колдонууга жана баасы жогорку индекс менен бааланган товарларды өндүрүүгө багыт алган ишканаларды жана тармактарды өнүктүрүү;
Болжолдонгон өсүү темптерине жетишүү үчүн тышкы рынокко ата-мекендик товарларды чыгарууну камсыздоо;
Тигүү бизнесин өнүктүрүү жана жаңы, биргелешкен ишканаларды куруу, тигүү технополисин уюштуруу менен өндүрүштү кеңейтүүчү шарттарды түзүү;
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча сущилка жана сок чыгаруучу мини-цехтерди уюштуруу;
Ар түрдүү булактар аркылуу, айрыкча кыргыз орус фонду аркылуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 2018-2025 жылдарда айыл өкмөтү боюнча кичи жана орто бизнести өнүктүрүү менен жылына 2 ден кем эмес өндүрүш багытындагы кичи жана орто ишканаларын ачууну жүзөгө ашыруу.
Ошондой эле ишкерлер тарабынан Т.Кулатов атындагы айыл аймактарда 2018-жылы бышкан кыш чыгаруучу завод толгу менен ишке кирди.
4 артыкчылык. Инфраструктураны өнүктүрүү.
Райондун аймактарындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча 4 багыттар камтылган. Алар,
1- багыт: Жол тармагы.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында унаа жолдорунун узундугу 26 км, анын ичинен : эл аралык маанидеги унаа жолдору -26 км, жергиликтүү -56 км,
ДЕП 37 жолдорду тейлөө ишканасы тарабынан 2023 - жылга чейин көчөлөргө жалпы узундугу 3 км асфальт төшөө жана жолдорду бодурлоо иштери же болбосо республикалык бюджеттин эсебинен 120 млн сомдук иштерди аткарылуусу күтүлүүдө.
Андан сырткары 2025-жылга чейин жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен айыл аймактардын аймагында 31 млн 000 мин сомдук көчөлөргө шагал төшөө жана асфальт басуу иштери аткарылмакчы.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында 2018-2025-жылдарда социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү негизги көнүл бурулуучу тармак - бул сырткы жана ички байланыш жол каттамдарын камсыздоону жакшыртуу болуп калмакчы.
2-багыт: Айыл аймактардагы көчөлөрдүн архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана түнкү жарыткычтар менен камсыздоо:
Бүгүнкү күндө айыл аймактарда жеке имараттардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана айылдардагы көчөлөрдү түнкү жарык менен камсыздоо багытында жеке адамдар жана демөөрчөлөр тарабынан өтө натыйжалуу иш жүргүзүү колго алынууда.
Жарыктандыруу
Ноокат району боюнча 2016-жылы 250 мин сом жумшалып 500метр жол жарыктандырылган, ал эми 2017-жыл ичинде көчөлөрдү жарыктандырууда 2 чакырым жолго 1,0 млн сом акча каражаты жумшалды.
Алдынкы 5 жылдын ичинде айыл аймактын бардык негизги чон жолдору жана айылдардагы ички жолдор жарыктандырылып, коопсуз айыл аймактарга жана коопсуз айыл тибиндеги шаарга айланмакчы.
Келечекте сырткы жарыктандыруу системасын жакшыртууга көп көңүл бөлүнөт. Сырткы жарыктандырууну жакшыртуу менен Т.Кулатов айыл аймагы төмөндөгү маселелерге өзгөчө басым жасайт:
- көрүүнү камсыздоо, жарыктандыруунун сапаты айдоочулар жана жоо жүргүнчүлөр үчүн жолдогу кыймылдын көзгө жакшы көрүнүүсүн камсыз кылууга тийиш,
- коопсуздук, сырткы сапаттуу жарыктандыруу ар кандай жол кырсыктарын, мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алат,
- эстетика, Айыл аймактын жарандарынын эстетикалык керектөөлөрүн канааттандырат,
- экономикалык, жарыктандырууга кеткен чыгымдарды оптималдаштырат, электроэнергиясын үнөмдөөчү заманбап жарыткычтар коюлат.
Бул долбоорду ишке ашырууда электр энергияга кеткен чыгымды азайтуу үчүн күндөн энергия алуучу жана энергияны сактоочу жарыткычтар орнотулат.
3-багыт: Ичүүчү таза суу.
2017-жылдын башталышына айыл аймагында 5 айыл 3464 үй- чарбаларында 19881 адам жашайт. Алардын 50%, таза суу менен камсыз болгон. 2018-жылдын 1-декабрына элди таза суу менен камсыздоо боюнча жалпысынан 80% көтөрүлгөн.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагын 2025- жылга калкты таза суу менен камсыз кылуу толук 100 % жеткизүү, калган суу түтүгү такыр тартылбаган айылдарга таза суу жеткизүү каралууда.
4-багыт: Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтому менен бекитилген Өкмөттүк программада 2025-жылга калктуу конуштардын башкы пландарын толук иштеп чыгуу милдеттендирилгендиктен, айыл аймагы программада 2018-2025-жылдарга айыл аймагындагы башкы планы жок айылдардын баарынын башкы планын иштеп чыгуу.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында эң орчундуу меселелердин бири бул турак-жай маселеси. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан атуулдарга жеке менчик турак-жай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жери” категориясына жана коомдук-социалдык обьектилерди куруу үчүн жер участокторун которууга (трансформациялоого) 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Жобонун 3-бөлүмүнүн 23-пунктуна негиз иш алып баруубуз керек.
Азыркы учурда Т.Кулатов атындагы айыл аймагында турак-жай куруу үчүн жер участокторун сурап, жазган 3000 ашуун атуулдардын арыздары катталган. Катталган арыздарды канааттандыруу максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринин атуулдарга жеке менчик турак-жай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жери” категориясына жана коомдук-социалдык обьектилерди курууга көп жылдык кайрак айдоо аянттарынан Арык-Тейит участогунан №5242 контурунан 3,88 га , № 5245 контурунан 4,36 га, Кызыл-Булак участогунан №6205 контурунан 6,60 га, № 6623 контурунан 14,10 га, № 6649 контурунан 13,40 га , № 6625 контурунан 5,0 га , №6648 контурунан 4,90 га , № 6627 контурунан 4,90 га, № 6647 контурунан 3,50 га, № 6637 контурунан 2,0 га, Баглан участогунан №448 контурунан 15,5 га, Беш-Салаа участогунан №136 контурунан 15,70 га, № 159 контурунан 19,10 га, жалпы кайрак айдоо 112,94 га жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук берүүбүз керек.
“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынанан “ Калктуу конуштардын жери” категориясына каторуп берүүгө тиешлүү документтерин даярдап, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жарандарын жер учстоктору менен камсыздоого жетишүү айыл өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
4 артыкчылык: Туризмди өнүктүрүү
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында негизинен экологиялык жана рекреациялык туризм өнүккөн. Туризимди өнүктүрүү негизинен 3 багытта жүрүзүлмөкчү.
Алар:1-багыт: Иштеп жаткан туристтик обьекттерди модернизациялоо жана реконструкциялоо жана ар түрдүү сегменттерге (мейманкана, боз үй айылы, конок үйү, маданият жана искусство обөектери) эсептелген чакан обьектердин курулушун көбөйтүү.
2-багыт:Туристтик обьектилерге баруучу жолдорду реабилитациялоо.
3-багыт: Туристтик обьектерди жарнамалоо, интернет булактарына жана сайттарга киргизүү. Туристик компанияларга аймактардын жаратылышы кооз жана адам жетпеген жерлерге жаёы аёчылык-туристик маршуруттарды түзүү жана тоскоолдуктарды, көйгөйлөрдү чечүү максатында бизнес ассоциацияларды түзүү менен инвестицияларды туристик обьектерге тартуу.
2020-жылдарга чейин «Абшыр-Ата» шаркыратмасы сыяктуу туристтик эс алуу жайларын жергиликтуу бюджетке пайда келтирүүчү киреше булактарына айландыруу үчүн чоң милдет турат. Аталган эс алуу жайы Кыргызстандын башка эс алуу жайларынан өзгөчө айырмаланган сапаттарга ээ экендигин кеёири жарыялоо өз натыйжасын берет. Салкын абасы, мээ сергитип эс алуудагы кенири мүмкүнчүлүгү, асман мелжиген кырка тоолорун бойлой аккан мөлтүр кашка булактарынын кошулмасын бириктирип өзүнчө муза болуп аккан дарыяларын, табийгатты мин бир түркүн түрдөгү дарактар, жыты анкыган гүлдөр менен кошо тарыхый эстеликтердин курчап тургандыктары жөнүндө эс алуучуларга кененирээк жеткирүү керек.
Туризмди өнүктүрүү максатында Абшыр-Сай айылынын жайлоосуна “Лыжа тебүү базасын” куруу пландаштырылууда.
Туристтик эс алуу зоналары айылдык аймакта социалдык экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экендигине карабастан сезондук гана милдеттерди аткарууда. Мына ошондуктан туризм чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылдарга чейинки программасы жөнүндө” №192 токтомун ишке ашыруу максатында төмөндөгү иштерди аткаруубуз зарыл:
· Туристтик базалардын материалдык – техникалык базаларын кенейтүү менен эс алуу мейманканаларын куруу, тамактануучу жайларды жакшыртуу үчүн ички жана тышкы инвесторлорду тартуу, алдынкы технологиядагы туристтик жабдууларды алып келүү;
· Туристтик базалар жөнүндө эс алуучуларга кенири жарнамалоо жана алар боюнча маалыматтарды жайылтуу иштерин жүргүзүү;
· Эл аралык маанидеги туристтик байланыштарды кенейтүү;
· Эс алуучу жайларга баруучу жолдорду ондоо;
· Сырттан келген эс алуучуларга керектелуучу улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди жасоочу кичи ишканаларды ишке киргизүү;
· Туристерге маалымдоочу адамдарды (гид) даярдоо.
· Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
· Туристердин коопсуздугун камыздоо.
5-артыкчылык. Негизги капиталга инвестиция тартуу.
Негизги капиталга инвестиция тартуу айыл аймагынын социалдык-экономикалык бардык тармактарына тиешелүү болгондуктан, программадагы бардык артыкчылыктуу багыттарга бирдей белгиленүүдө. Негизги капиталга инвестиция тартуунун үлүшү райондун дүң продукциянын көлөмүнүн орточо 6-7 пайыздын тегерегинде болду.
2017-жылы айыл аймагы боюнча 15 млн. сомдук капиталдык инвестициялар тартылды, бул өткөн жылга (салыштырмалуу баада) салыштырмалуу 120.0 % түздү. Каржылоо булактары боюнча талдасак, Ички инвестиция тартуудан 78,0 %, тышкы инвестицияларды тартуу 22,0 % түзөт.
Негизги капиталга инвестицияларды тартуу 2018-жылга 1003.6 млн.сомго, 2019-жылга 13 631.0 млд. сомго, 2020-жылга- 83 000.0 млн. сом, 2021- жылга 6 000.0 млн. сом, 2022-2023-жылдарга -110,0%. Бул көрсөткүч төмөндөгүлөрдүн негизинде камсыз болмокчу:
Капиталдык салымдарды өнүктүрүү, негизинен калкты турак жай сатып алуу үчүн жеңилдетилген кредит берүү;
Бюджеттик кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу жана ипотекага берүү;
Чет өлкөлүк инвестициялардын, мекеме ишканалардын жана калктын өз каражаттын тартуунун эсебинен камсыздоо;
Ошол эле учурда, негизги капиталдык салымдарды өздөштүрүү транспорттук инфраструктураны камсыздоо долбоорлорун каржылоого багытталмакчы.
6. артыкчылык: Керектөө рыногу.
Бүгүнкү күндө айыл жерлеринде соода-сатык көчөлөрдө же болбосо кичинекей дүкөнчөлөрдө жүргүзүлөт. Бул чекене сооданын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан келечекте соода маданиятын жогорулатуу максатында заманбаб чоң-чоң соода түйүндөрүн, соода борборлорун курууну ишке ашыруу керек.
Экология
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы токойлордун санын көбөйтүү, Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнө парктарды куруу, көчөлөрдүн жээктери жашыл бак-дарактар, гүлдөр менен кооздолгон, жагымдуу шаар типтеги айылга айландыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаны доорго кырк кадам” программасынын алкагында иш алып баруу.
Акыркы жылдары Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы айыл аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү маселесине өзгөчө көнүл бура баштады. Жаратылыш менен үндөшкөн, идеалдуу, айыл аймагынын калкы сыймыктана турган аймака айланыдыруу демилгесин колго алуу.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын тургундарына иштөөгө гана эмес, эс алууга да шарттарды жаратуу башкы максат.
Коомдук жайларда, мектептерде, больница, жол жээгинде бак-дарактарды отургузуу иштерин такай жүргүзүү. Жыл сайын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатары бөлүнөт.
Бак-дарактардын абаны тазалоодогу ролу да абдан жогору. Орто чондуктагы дарак 24 саат ичинде 3 кишиге дем алууга керек болгон кислородду калыбына келтирет.
Канализация
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында канализация тутумунунун жоктугунан ар түрдүү жугуштуу оорулардын саны өсүп бара жаткандыгына байланыштуу заманбаб канализация жана таштанды таштоочу жайларды ачуу зарыл.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында калк жыш жайгашкандыктан аларды турак жай менен камсыздоо маселеси оор болуп, айылдык аймакта жаш үй бүлөөлөрдүн ажырашуусу көп болуп жаткандыгы, ошондой эле, сугат жерге турак жай салууга 2009-жылы мараторий киргизилгендигинен, турак жай маселесин чечүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү салууга канализация тутуму керектиги бүгүнкү күндө зарыл.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын канализация маселеси чечилсе, элдин жашоо шарты жакшырып, ар кандай жугуштуу ооруулардын алдын алууга шарт түзүүлөт.
Газификация
Жаратылыш газын колдонуу абдан актуалдуу. Көмүр жагуунун жыйынтыгында айыл аймагында ар кандай оору менен ооругандардын саны көбөйүп абанын кескин бузулуп жаткандыгы байкалууда. Айла жок көмүр менен жылытып жатышат. Ушунун баарын эске алганда, биринчи кезекте Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын газдаштыруу маселесин киргизүү зарыл.
Андан сырткары, жаратылыш газын колдонуу менен эл чарбасынын ар кандай тармактарына берүүнү уюштуруу зарыл.
Бүгүнкү күндө, жаңы магистралдык өткөргүчтүн курулуш иштерин жүргүзүү керек жана айыл аймакты толугу менен газдаштырууну колго алуу жана “Газпром” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.
Мусор, тазалык (өзүбүздүн пландар)
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында таштандыларды топтоочу, заласыздандыруу боюнча жерлерди аныктап, мыйзамдаштыруу боюнча аракеттерди көрүүсү бүгүнкү күндүн талабы. таштанды чогултуу жана таштоо, залалсыздандыруу иштерин алып баруу.
Таштанды таштоочу жайларды мыйзам жолунда эл аралык стандарттарга жооп бере турган жайга айландырып, тегеретип айланасын тосуу жана коопсуздугун камсыздандыруу негизги милдет болуп саналат.
7-Артыкчылык. Социалдык өнүгүү
Билим берүү:
Социалдык тармак
Билим берүү
2017-окуу жылында 3343 окуучу билим тарбия алышса, 10 мектептин ичинен 9 жалпы билим берүүчү, 1 толук эмес орто мектеп.
Интеллектуалдык кароо сынактарда мугалимдердин кесиптик чеберчиликтеринин аракеттеринин натыйжасында Айбашев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Нурманова Чынара “Жылдын мыкты мугалими-2017” кароо-сынагынын облустук турунда жеңүүчү болуп, сынактын республикалык этабына катышууга жолдомо алган жана 2017-жылдын 29-сентябрынан 9- октябрга чейинки убакытта өткөн “Жылдын мугалими-2017” кароо сынагында Жылдын мыкты мугалими наамына татыктуу болуп, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Премьер министри Сапар Исаков тарабынан эл агартуунун мыктысы төш белгиси жана баалуу белектер менен сыйланды.
Эгерде өткөн 2015-2016-окуу жылында жалпы республикалык тестке катышып, босого баллдан өткөн окуучулардын саны жалпы республикалык тестке катышкан окуучулардын 44 пайызын түзгөн болсо, ал эми 2016-2017- окуу жылында бул көрсөткүч 59 пайызга чейин өсүп, бул көрсөткүч боюнча облуста 1-орунду камсыз кылууга жетишилди.
Кыргыз Республикасында 2013-жылдан бери мектеп окуучуларынын тамак-ашын оптималдаштыруу программасысынын алкагында пилоттук мектептер үзүрлүү иштеп келе жатат. Бириккен Улуттур Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жана Россия Федерациясынын донорлук жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоордун натыйжасында райондон пилоттук мектеп катары тандалып алынган Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ашканасын, андагы азык-түлүк блокторун уюштуруп, заманбан жабдуулар менен камсыздалды.
Бүгүнкү күнгө карата жалпы билим берүүчү мектептерди китеп менен камсыздоо пайызы 86,2 пайызга барабар болду. 2017-жылдын 1- январынан бүгүнкү күнгө чейин 909779,16 сомдук 6948 даана 22 аталыштагы окуу китептери келип таратылды.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында бүгүнкү күнгө карата 7 балдар бакчасы иштеп , алардын ичинен, 4 республикалык бюджеттен каржыланат, 3 балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттен каржыланат. 2015-2016-окуу жылында 4 балдар бакчасы болуп анда 250 бала тарбияланып келген болсо, 2016-2017-окуу жылында дагы 3 балдар бакчасы ачылып ага 200 бала тартылып, жалпысынан азыркы күндө 450 бала бала-бакчасында тарбияланып жатат.
Т. Кулатов айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 16 млн сомдук 90 орундуу балдар бакчасы сапаттуу бүткөрүлүп 29-августта пайдаланууга берилди.
Социалдык өнүгүү башкармалыгы
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын социалдык коргоо бөлүмү боюнча жөлөк пул алган 5 жана андан ашуу балдары бар үй бүлөлөр- 1677
- Баатыр энелер -125
- Тоголок жетимдер -5
- Жарым жетимдер -143
Жакырчылыктын деңгээлин аныктоо боюнча Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан айыл аймагынын социалдык коргоо боюнча адистери тарабынан жүргүзүлүүчү социалдык паспорттоштуруунун сапаттуу жүргүзүлүшунө такай көзөмөлдүк жүргүзүлөт жана кеңештер берилет.
Бүгүнкү күнгө карата Т.Кулатов атындагы айыл аймагы боюнча 150 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар катталган, Социалдык пособия алуучуларга бир айга керектелүүчү акча каражаты 384 800 миң сомду түзөт.
2017-жылдын 31-декабрына карата айыл аймагы боюнча 2200 үй бүлөгө социалдык паспорттор толтурулган, башкача айтканда бул көрсөткүч жалпы кожолуктун 45,4 % ын түзөт.
Саламаттыкты сактоо тармагы
Жал айылдык ооруканасы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Электрондук башкаруу системасын киргизүү» программасын жана КР ССМнин «КР Саламаттык сактоосун электрондук системасы менен башкаруу » буйругун ишке ашыруу.
Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. Т.Кулатов айыл аймагынын калкынын саламаттыгын сактоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги №229 токтомунун негизиндеги “Мамлекеттик кепилдик” программаларынын, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы №306 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки «Ден-соолук–2020» стратегиясынын алкагында иш алынып барылууда.
Медигос үй-бүлөлүк медициналык борбору.
Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча.
Бүгүнкү күндө “Медигос” ҮБМБу тейлеген аймакта 14 жашка чейинки балдар 3136, 5 жашка чейинки балдардын саны 960. анын ичинен бир жашка чейинкиси -154.
Үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери тарабынан төрөткө чейинки патранаж 100% түзсө, төрөт үйүнөн чыккандан кийин 3 күндүк аралыгында барып көрүү 98,1% түздү.
Мындан сырткары миграциянын таасиринен бала дарыгердин көзөмөлүндө болбой кароосуз калуусу жана башка себептер менен өлгөн балдар катталган. М: аялдардын кош бойлуу мезгилинде ар кандай оорулар менен ооруп жакшы дарыланбагандыгы, аз кандуулук менен жабыркап, дары дармектерди узак мөөнөткө чейин кабыл албагандыгы себеп болгон.
Бардык кош бойлуу аялдар каттоого алынганда тестке чейинки консультациядан өтүшөт жана ВИЧке текшерилет.2017 жылы 201 аялга тестке чейинки консультация өткөрүлүп, 201 аял тестирленди жана тесттен кийин 2010 аял консультациядан өткөрүлдү.
Жүрөк кан тамыр оорулары.
2017-жылдын сентябрь айында “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк ооруларынын алдын алуу күнүнө” карата 5 күндүк акция өткөрүлүп, 38 АДКлар “Жүрөк кан басымы боюнча” семинар өткөрүлдү.Калк арасында 550 даанадан ашык “Кан басымын билип жүр” баракчалары таркатылды. Акция мезгилинде 1235 жаран текшерүүдөн өтүшту.
Дары-дармектик жана вакциналык жардам
Медигос ҮБМБу тейлеген аймакта бүгүнкү күндө 1 аптека калкты дары-дармек менен камсыз кылат. Ушул эле аптекада “ кепил программасы боюнча” рецепт менен дары беришет.
Бүгүнкү күндө Кулатов айыл округунун Баглан айылына аптека ачууну талап кылат.
Райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
Жугуштуу оорулардын 2016-2017-жылдын 12 айында салыштырмалуу катталуу абалы
2017-жылы өткөн жылга салыштырмалуу Вирустук гепатиттин А түрү (сарык оорусу), тери-венерикалык оорулар, эхинококкоз оорулары төмөндөдү.
8- артыкчылык: Экологиялык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоону өнүктүрүү.
Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө-корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине , мурда отургузулган жогорку жаштагы экме токойлоруна толуктап көчөт отургузуу иштери 3 гектар аянтка аткарылган.
2025 –жылга жаз айларында Ош облусунун токой чарбалары, мамлекеттик жаратылыш парктары жана оз алдынча баланстагы токойчулуктары тарабынан, каралган, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2- июнундагы № 293 “ 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жангак-мөмө өсүмдуктөрүн өнүктүрүү боюнча программа жөнүндө”, токтомуна ылайык 2023-жылга чейин белгиленген көрсөткүчтөрүнүн негизинде 2гектар аянтка жангак өнөржай плантациясы, 3 гектар аянтка мисте өнөржай плантациясы, 1.5 гектар аянтка бадам өнөржай плантациялары отургузулуу жогорудагы программанын алкагында каралган.
Бюджеттин аткарылышы
Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы. 2017-жылда Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 46 млн 882 миң сом (2016-ж. – 68 млн 765 миң сом) түштү.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешесине 50 млн 057 миң сомдук салык түштү.
Салык базасын кеңейтүү жана салыктык төлөмдөрдүн толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу. Салык базасын 5% кем эмес өсүүсү камсыздалат. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 5% өстүрүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүн-өзү камсыздоого шарт түзүү
Күтүлүүчү натыйжалар:
· Жакырчылыкты 5% кыскартуу;
· Жылына 150дөн кем эмес жаёы жумушчу орундарды түзүү;
· Айыл аймактын дүё продукциясынын көлөмүн ар жылы 3% кем эмес өсүштү камсыз кылуу;
· Айыл чарба өндүрүшүн 1,5 % көбөйтүү;
· Өнөр жай өндүрүшүн 3,6% көбөйтүү;
· Туристердин агымын жылына 5 % га көбөйтүү;
· Соода жана тейлөө тармагында жылына 5% кем эмес өсүштү камсыз кылуу;
· Тышкы соода жүгүртүүнү жылына 1%га көбөйтүү.
Жооптуу катчы | А.Сыдыкова |