КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 51-VII «Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-февралы № 51-VII
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Европа Кеңешине катышкан-өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, ЕКПА алкагында парламенттер аралык байланыштарды жигердентүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Динара Ашимовна Ашимова;
Азамат Алмазбекович Исираилов;
Нурбек Омурбекович Сыдыгалиев;
Бакыт Эркинович Тентишев;
Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев;
Нурланбек Тургунбекович Шакиев.
1.1. Ашимова Динара Ашимовна парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Төраганын орун басары | У.Б. Примов |