ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 51-VII «Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 10-февралы № 51-VII

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 811-VII, 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1548-VII, 2024-жылдын 30-октябрындагы № 2501-VII, 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2581-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Европа Кеңешине катышкан-өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, ЕКПА алкагында парламенттер аралык байланыштарды жигердентүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Абдибаева Айсаракан Нышановна;

Нурбек Каарыевич Алимбеков;

Исатбек кызы Аида

Азамат Алмазбекович Исираилов;

Нурбек Омурбекович Сыдыгалиев;

Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев;

1.1. Абдибаева Айсаракан Нышановна парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2581-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Төраганын орун басары

У.Б. Примов