Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-февралы ПЖ № 65
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды мотивациялоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 1-пунктундагы «Мыйзамына» деген сөз «Мыйзамынын 8-беренесине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы «21, 22 жана 23-пункттарында» деген сөздөр «21, 22-пункттарында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8, 23, 32-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пунктунда:
биринчи абзацындагы «же кезектүү тартипте» деген сөздөр «, кезектеги тартипте же кезексиз тартипте» деген сөздөр менен алмаштырылсын; расмий тилдеги текстинин экинчи абзацындагы «Первый классный чин» деген сөздөр «Классный чин впервые» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын класстык чени болбогон кызматчыга биринчи класстык чен сыноо мөөнөтүн кошуп алганда (ушул Тартиптин 35-пунктунда каралган учурду кошпогондо) кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылат. Эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн бүткүл мезгилинин жыйындысы боюнча эсептелет.»;
- 15-пунктундагы «ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 21-пунктундагы «ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Кызматчыны ал мурда ээлеген административдик кызмат орундарына Караганда кыйла жогорку тобуна кирген административдик кызмат ордуна дайындоодо аталган кызматчыга ушул Тартиптин 12, 13-пункттарына ылайык кызмат орундарынын ушул тобу үчүн биринчи болуп саналган кезексиз класстык чен, эгерде бул класстык чен андагы болгон ченден жогору болсо, ыйгарылышы мүмкүн.
Мындай учурда класстык чен ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы класстык чендеги кызматтын узактыгын эске албастан, бирок кызматчынын административдик кызмат ордун ээлегенден бир жылдан эрте эмес ыйгарылат.»;
- 26-пунктундагы «ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча статс-катчынын (аппарат жетекчисинин, мамлекеттик органдын жетекчисинин кадр маселелерин тейлеген орун басарынын)» деген сөздөр «персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27, 28-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну персоналды башкаруу маселелери боюнча гүзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жүргүзөт.
28. Биринчи, кезектеги жана кезексиз класстык чендерди ыйгаруу ушул Тартиптин 14, 16, 17, 21, 22-пункттарында белгиленген мөөнөттөр өткөндөн кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 35-пунктунда белгиленген учурларда жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчыга тиешелүү класстык ченди өз убагында ыйгаруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
Класстык ченди ыйгаруу жөнүндө сунушту өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт. Сунуш кызматчыга тиешелүү класстык ченди ыйгаруу үчүн укугу пайда болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде киргизилиши керек.
Класстык ченди ыйгаруу жүйөлүү себептерсиз кечиктирилген учурда мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жеке жоопкерчиликти тартат.»;
- 29-пунктунда:
1-пунктчасы «тиешелүү болгон мамлекеттик органдарда» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик бийликтин атайын статусу бар органдарында» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктчасындагы «Премьер-министринин» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 35-пунктунда:
биринчи, экинчи абзацтарындагы «баалоо жүргүзүлбөстөн» деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацындагы «баалоо жүргүзүлбөстөн» деген сөздөр «ушул Тартиптин 12 жана 13-пункттарында каралган жоболорду сактабастан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктундагы «статс-катчынын (аппарат жетекчисинин, мамлекеттик органдын жетекчисинин кадр маселелерин тейлеген орун басарынын)» деген сөздөр «персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пунктунда:
1-пунктчасы «тиешелүү болгон мамлекеттик органдарда» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик бийликтин атайын статусу бар органдарында» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктчасындагы «Премьер-министринин» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «41. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмөндөтүүнү персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жүргүзөт.».
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |