Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун ТАРТИБИ
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 , 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262, 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67 , 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга (мындан ары - кызматчылар) Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык колдонулат.
3. Кызматчылардын класстык чендери "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү административдик кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптарга кызматчылардын даярдыгынын деңгээли шайкеш келээрин көрсөтөт.
4. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкү тартипте класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
- мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
5. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкү тартипте класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
- муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
6. Класстык чендердин улуулашуусу ушул Жобонун 4 жана 5-пунктунда саналып өткөн ырааттуулук менен аныкталат.
7. Класстык чендер кызматчыларга жекече, кызмат орундарынын тобунун чегинде алардын ээлеген кызмат орундарына ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой эле кесиптик деңгээлин, мурдагы класстык ченде жана ээлеген административдик кызмат ордунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында болушунун узактыгын эске алуу менен ыйгарылат, буга ушул Тартиптин 21, 22-пункттарында каралган учурлар кирбейт.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык ченине талапкер болгон кызматчылар үчүн мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпы 5 жылдан кем эмес иш стажынын болушу жөнүндө талап белгиленет. Персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал жок болсо – персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча кызматчыга бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченине талапкер болгон кызматчылар үчүн мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш стажы жалпы 10 жылдан кем эмес болушу жөнүндө талап белгиленет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын сунушу боюнча кызматчыга бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65, 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
8. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгына ылайык пункт күчүн жоготту)
9. Класстык ченди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан кызматчылардын бардык талаш-тартыштары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечилет.
10. Кызматчыга класстык чен ыйгаруу жөнүндө маалыматтар кызматчынын эмгек китепчесинде, өздүк ишинде жана кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Кызматчынын класстык ченин төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар кызматчынын өздүк ишинде көрсөтүлөт. Ошондой эле ушул пунктта каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасына ("e-Kyzmat" АМС) киргизилет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Класстык чендерди ыйгаруунун тартиби
11. Класстык чен биринчи жолу, кезектеги тартипте же кезексиз тартипте ыйгарылышы мүмкүн.
Биринчи жолу класстык чен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын класстык чени болбогон мамлекеттик кызматчыга ыйгарылат. Муну менен бирге ушул Жобонун 35-пунктуна ылайык кызматчыга мурдагы кызматында ыйгарылган атайын класстык чен, дипломатиялык ранг, аскердик же атайын наам эске алынат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Биринчи класстык чендер (мамлекеттик жарандык кызматчы ээлеген мамлекеттик кызмат орундары тиешелүү болгон административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тобуна жараша) төмөнкүлөр саналат:
1) кенже топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
2) улук топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
3) башкы топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундары үчүн - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
13. Биринчи класстык чендер (муниципалдык кызматчы ээлеген административдик муниципалдык кызмат орундары тиешелүү болгон административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна жараша) төмөнкүлөр саналат:
1) кенже топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
2) улук топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
3) башкы топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
4) жогорку топтогу кызмат орундары үчүн - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
14. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын класстык чени болбогон кызматчыга биринчи класстык чен төмөнкүдөй ыйгарылат:
- кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес (сыноо мөөнөтүн кошкондо) – ушул Тартиптин 35-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматтын кенже испектору, муниципалдык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерине карата;
- кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин эки жылдан эрте эмес (сыноо мөөнөтүн кошкондо) – ушул Тартиптин 35-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерине карата.
Муну менен бирге эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн бардык жалпы мезгили боюнча эсептелет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чени каралган административдик кызмат ордун ээлеген кызматчыга анын арызы боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени тишелүү түрдө ушул ченди ыйгарууга талаптарды сактоо шарты менен ыйгарылышы мүмкүн.”
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Кезектеги класстык чен кызматчыга мурдагы класстык ченинде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндө жана ал ошол класстык чен, ага теңдеш же андан жогорку класстык чен каралган административдик кызмат ордун ээлеген шартта ыйгарылат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Мамлекеттик жарандык кызматчынын ар бир класстык ченде болуу мөөнөтү кеминде төмөнкүдөй болот:
- мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору үчүн 1 жыл;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору үчүн 3 жыл;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн 3 жыл.
17. Муниципалдык кызматчынын ар бир класстык ченде болуу мөөнөтү кеминде төмөнкүдөй болот:
- муниципалдык кызматтын кенже инспектору үчүн 1 жыл;
- муниципалдык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору үчүн 3 жыл;
- муниципалдык кызматтын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн 3 жыл.
18. Ушул Тартиптин 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөр мамлекеттик жарандык кызматчы, муниципалдык кызматчы кыйла жогорку административдик кызмат ордуна дайындалган учурларга колдонулбайт.
19. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси кезектеги класстык чени кызматчы мурдагы класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
20. Ыйгарылган класстык ченде кызмат өтөө мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет (ушул Тартиптин 35-пунктуна ылайык ыйгарылган класстык ченден тышкары; бул учурда эсептөө мамлекеттик жарандык кызматтын сакталган класстык чени, муниципалдык кызматтын класстык чени, аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы ыйгарылган күндөн тартып жүргүзүлөт). Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет. Кызматчынын бала багуу боюнча өргүүдө, эмгек акысы сакталбаган, узактыгы 14 календардык күндөн ашык өргүүдө (анын ичинде окуу өргүүсүндө) болгон убактысы көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
21. Кызматчы мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогорку категорияга кирген административдик кызмат ордуна дайындалганда аталган кызматчыга кезектеги класстык чен тиешелүү класстык ченде кызмат өтөө үчүн ушул Тартиптин 16 жана 17-пункттарында белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, бирок административдик кызмат ордун ээлегенден бир жылдан эрте эмес, бул административдик кызмат ордуна ылайык келген класстык ченден жогору эмес (ушул Тартиптин 7, 14-пункттарынын талаптарын эске алуу менен) ыйгарылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Кызматчы мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогору топко кирген административдик кызмат ордуна дайындалганда аталган кызматчыга ушулТартиптин 12, 13-пункттарына ылайык кызмат орундарынын ушул тобу үчүн биринчи болуп эсептелген, эгерде бул класстык чен анда болгон класстык ченден жогору болсо, кезексиз класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн учурда класстык чен ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы класстык чендеги кызматтын узактыгын эске албастан, бирок кызматчы административдик кызмат ордун ээлегенден бир жылдан эрте эмес берилет (ушул Тартиптин 7, 14-пункттарынын талаптарын эске алуу менен).
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
23. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгына ылайык пункт күчүн жоготту)
24. Мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын топторун эске алуу менен төмөнкүдөй класстык чендер туура келет:
1) кенже топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору класстык чени;
2) улук топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени;
3) башкы топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени;
4) жогорку топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени.
25. Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын топторун эске алуу менен төмөнкүдөй класстык чендер туура келет:
1) кенже топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык чени;
2) улук топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени;
3) башкы топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени;
4) жогорку топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чени.
26. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда – персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси жүргүзөт.
261. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн, персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашылган;
- саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жогоруда аталган адамдардын сунушу боюнча алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн уюштурулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратындагы патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн, персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашылган.
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
27. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууну персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
28. Биринчи, кезектеги жана кезексиз класстык чендерди ыйгаруу ушул Тартиптин 14, 16, 17, 21, 22-пункттарында белгиленген мөөнөттөр өткөндөн кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 35-пунктунда белгиленген учурларда жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчыга тиешелүү класстык ченди өз убагында ыйгаруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
Класстык ченди ыйгаруу жөнүндө сунушту өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт. Сунуш кызматчыга тиешелүү класстык ченди ыйгаруу үчүн укугу пайда болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде киргизилиши керек.
Класстык ченди ыйгаруу жүйөлүү себептерсиз кечиктирилген учурда мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жеке жоопкерчиликти тартат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
29. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) функцияларына Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу кирген, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына тиешелүү болгон мамлекеттик органдарда, мамлекеттик бийликтин атайын статусу бар органдарында жана мамлекеттик башка органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
2) функцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу кирген, мамлекеттик органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
3) аткаруу бийлигинин органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын позициясын тиркөө менен тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыктарнын редакцияларына ылайык)
30. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгарууга сунуштар төмөнкү документтер менен киргизилет:
1) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө маалымкат;
2) адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү талапкердин талаптарга ылайык келишин аныктоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана материалдарды суроого жана алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
31. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-классташ муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) карайт.
Комиссия берилген материалдарды иликтейт жана кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуш киргизет.
Берилген материалдар ушул Жободо каралган талаптарга туура келбесе, Комиссия материалдарды туура эместиктерди жоюу үчүн кайтарууга укуктуу.
32. (КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгына ылайык пункт күчүн жоготту)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүнө ылайык дайындалган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча класстык чендер ыйгарылат.
33. Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууда тиешелүү күбөлүк берилет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
34. Класстык чен тартип жазасы бар кызматчыларга, ошондой эле кызматтык териштирүү жүргүзүлүп же жазык иши козголгон кызматчыларга ыйгарылбайт.
3. Класстык ченди сактоонун тартиби
35. Мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча муниципалдык кызматтын класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени ыйгарылат.
Муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча мамлекеттик кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени ыйгарылат.
Кызматчы кызматкерлерине аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгаруу каралган бир мамлекеттик органдан кызматкерлерине ушул Жобого ылайык класстык чен ыйгаруу каралган башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөн учурда алардын бар болгон аскердик наамы, агайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы сакталып калат.
Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ушул Тартиптин 12 жана 13 пункттарында каралган жоболорду сактабастан ыйгарылат. Бул абзац аскердик же атайын наамдарына, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына караганда төмөн класстык чендери бар кызматчыларга да колдонулат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
36. Ыйгарылган класстык чен мамлекеттик кызматчыда ал ээлеген мамлекеттик жарандык кызматтын, муниципалдык кызматтын административдик кызмат ордунан бошотулганда жана мамлекеттик жарандык кызматтан, муниципалдык кызматтан кеткенде (анын ичинде пенсияга чыккандыгына байланыштуу) "отставкага кетти" деген көрсөтмө менен, ошондой эле кайрадан мамлекеттик жарандык кызматка, муниципалдык кызматка кирген учурда сакталып калат.
37. Кызматчылар аларга ыйгарылган класстык ченде өмүр бою калат жана ушул Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча гана класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
4. Класстык ченден ажыратуу, төмөндөтүү тартиби
38. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3, 2, 1 - класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмөндөтүүнү персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
39. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмөндөтүүнү Кыргыз Республикасынын Президенти төмөнкүдөй тартипте жүргүзөт:
1) функцияларына Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу кирген, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына, мамлекеттик бийликтин атайын статусу бар органдарында жана мамлекеттик башка органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
2) функцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу кирген мамлекеттик органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
3) аткаруу бийлигинин органдарда жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын позициясын тиркөө менен тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар үчүн - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча;
5) мурда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн, жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндөгү жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда - Комиссиянын сунушу боюнча. Мында ушул пунктчада аталган адамдар деп жогорку класстык чен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын административдик кызмат орундарын ээлеп турган убакта ыйгарылган жана азыркы убакта кандайдыр бир мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар түшүнүлөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65, 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 , 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
40. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууга жана төмөндөтүүгө материалдарды Комиссия карайт.
Комиссия сунуш кылынган материалдарды иликтейт жана кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуш киргизет.
41. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууну, төмендөтүүнү персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал болбогон учурда - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жүргүзөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
42. Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө жарлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти төмөнкү учурларда чыгарат:
- жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндө жаза колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар бар болсо.
Жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтардын болушу ушул материалдарга анык эмес жана (же) жалган маалыматтар киргизилгендигине байланыштуу Комиссиянын чечими менен аныкталат.
Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган учурда, ага карата Жарлык чыгарылган адамга берилген жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөр ведомстволук архивге өткөрүлүп берилет.
Укук коргоо жана бажы органдары тарабынан ага мыйзамсыз ээлик кылган адамдан алынган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө тапшырылат.
Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк соттун өкүмүн аткаруу тартибинде алып коюлат.
Кызматчы же ушул Тартиптин 39-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн адам жогорку класстык ченден ажыратылган реабилитациялоочу негиздер боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми жогорку класстык ченге укук калыбына келтирилүүгө тийиш.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жогорку класстык ченден ажыратылган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылат, мында мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлебеген кызматчыга же адамга же анын мураскерлерине жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк кайтарылат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101, 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
42-1. Класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси класстык ченди ыйгаруу тууралуу буйрукту жокко чыгарат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибине тиркеме |
|
Класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө МААЛЫМКАТ ____________________________________________
(аты-жөнү)
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Туулган күнү, айы жана жылы |
| Сүрөт |
Туулган жери |
| |
Улуту |
| |
Жарандыгы |
| |
Билими |
| |
Окууну аяктаган (качан, кайсы) |
| |
Адистиги |
| |
Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы |
| |
Класстык чени, аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы (качан, ким тарабынан ыйгарылган) |
| |
Тилдерди билүүсү |
| |
Сыйлыктары |
| |
Талапкерде учурда тартиптик жазалар барбы? |
| |
Талапкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатабы? |
| |
Эмгек иши
Күнү, айы, жылы | Күнү, айы, жылы | Министрликтин, ведомствонун, мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: эмгек ишинин мезгилдери кызматкердин эмгек китепчесиндеги жазууларга ылайык келүүгө тийиш.
Кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси |
|
|
|
|
|
___________________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) |
| _____________________ (колу) |
"___" ____________ 20___-ж. |
| Мөөр |