Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-январы № 4
Акназаров айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2022- жылдын 17-январындагы кезексиз 5-сессиясындагы протоколдун негизинде Акназаров айылдык кеңешинин 2022-жыл ичинде аткарыла турган иштерин өз деңгээлинде аткаруу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Акназаров айылдык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш планы толуктоосу менен бекитилсин жана аткарууга алынсын. /тиркеме тиркелет/
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Шабдановага жүктөлсүн.
Төрага | К.Жорготаев |
“Бекитемин”
Акназаров айылдык кеңешинин
төрагасы__________К.Жорготаев
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2022-жылга иш планы .
№ | Каралуучу маселелер
| Мөөнөтү | Ким даярдайт | Жооптуулар | ||
1. | 1.Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы чыгашадан ашкан кирешелерин бекитүү жөнүндө.
2.Айылдык кеңештин 2022-жылга иш планын бекитүү. | 1-квартал | Финансы жана бюджет б-ча туруктуу комиссиясы | Бөлүм башчы А.Кенебаева
Жооптуу катчы С.Шабданова | ||
2. | 1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана каржы бөлүмүнүн башчынын 2021-жылда аткарган иштерин кароо.
2.Жайыт комитетинин 2021 –жылда аткарган иштерин кароо.
3. Аксакалдар Сотунун аткарган иштеринин маалыматы.
| 1-квартал | Финансы жана бюджет б-ча туруктуу комиссиясы | Бөлүм башчы А.Кенебаева Башчы И.Жакшымбетов Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбеков А.с.төрагасы К.Асылбеков | ||
3. | 1.Акназаров айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешинин кызматкерлеринин 2022-жылга штаттык расписаниесин бекитүү. 2.Жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетин бекитүү.
3.Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү. | 1-квартал | Финансы жана бюджет б-ча туруктуу комиссиясы | Бөлүм башчы А.Кенебаева Аксакалдар сотунун төрагасы К.Асылбеков Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбеков | ||
4. | 1.Регламенти жаңы конституцияга карата шайкеш келтирүү. | 2-квартал | Этика жана мыйзамдуулук б-ча туруктуу комиссиясы | Айылдык кеңештин депутаттары | ||
5. | 1.Муниципалдык менчиктеги инвентарларды инвентаризациялоо. 2.Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча базалык реестрди тактоо.
| 2-квартал | Жер ж-а муниципалдык менчик б-ча туруктуу комиссиясы
| Бөлүм башчы А.Кенебаева Муниципалдык менчик жана ӨК б-ча башкы адис | ||
6. | 1.Айыл аймагында элдин саламаттыгын сактоо мекемелеринин иштери жөнүндө маалымат. | 2-квартал | Социалдык маселелер б-ча туруктуу комиссиясы | ГСВ №3 жетекчиси Д.Иманалиева | ||
7. | 1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана каржы бөлүмүнүн башчынын 2021-жылдын 6 айында аткарган иштерин кароо. | 3-квартал | Финансы жана бюджет б-ча туруктуу комиссиясы | Бөлүм башчы А.Кенебаева Башчы И.Жакшымбетов
| ||
8. | Айыл аймагында жайгашкан мектептердин жана балдар бакчаларынын ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат.
| 3-квартал
| Социалдык маселелер б-ча туруктуу комиссиясы
| Соц адистер
| ||
9. | Айыл аймагында жайгашкан мектептердин жана балдар бакчаларынын жылытуу системаларынын иштешин көзөмөлдөө, кышка карата отун менен камсыз кылууну кароо. | 3-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
| Соц адистер | ||
10. | Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана каржы бөлүмүнүн башчынын 9 айлык отчету. | 4-квартал | Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы,
| Башчы И.Жакшымбетов Бөлүм башчы А.Кенебаева | ||
11. | Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинде курулуп жаткан кошумча корпустун курулуш иштеринин абалы жөнүндө. | 4-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы,
| Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, Мектеп директору Н.Умбеталиева
| ||
12. | Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жылдык отчету. | 4-квартал | Туруктуу комиссиялар-дын төрагалары | Туруктуу комиссиялар-дын мүчөлөү
| ||
Практикалык иш-чаралар |
| |||||
1. | Айылдык кенештин депутаттарынын жергиликтүү тургундар менен жолугушуу жыйындарын өткөрүү. | 1-квартал | Айыл башчылары | Айыл өкмөт башчысы | ||
Жооптуу катчы | С.Шабданова |