Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 11
Кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча кызматтарынын стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн социалдык маселер боюнча 2022-жылга кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча стандарттарын бекитүү жөнүндөгү туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V cессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча 2022-жылга кызмат көрсөтүүлөрдун кошумча стандарттары (тиркеме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын.
3.Бул токтом www.ketmendobo.com.жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
27.12.2021-жылдагы кезектеги Vсессиясынын №11 Токтомуна
1-тиркеме
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн
кошумча тизмесинин таблицасы жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары
№ | Жергиликтүү кеңештин чечими | Кызматтардын аталышы | Кызматтардын стандартташтырууга жооптуу органдын аты | Муниципалдык кызматты ишке ашыруучунун аты | Кызматты корсотуу шарттары(акылуулук же акысыздык) |
1 |
| Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн ,жарым жана тоголок жетим балдардын ичинен мектепте жакшы окуган балдарынан 4 баланы жайында лагерге эс алууга жиберүү | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
2 |
| Афган катышуучусунун жана алардын үй бүлөлөрүнөн, Баткен согушунун катышуучуларынын Токтогул шаарында өтүүчү атайын майрамдык салтанатка катышууга-----1 адамдын барып келүүсүнө 1500 сомдон төлөп берүү. | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
3 |
| Аз камсыз болуп айыл өкмөтүнүн учетунда турган багар көрөрү жок адамдарга кышкы отунун алууга 0,3 тоннадан көмүр отун алып берүү | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
4 |
| 9-май Улуу жениш майрамын өткөрүү үчүн УАМС катышуучуларынын жесирлерине 2 аялга 3000 сомдон акчалай жардам жана Токтогул шаарында боло турган майрамдык иш чарага катышууга жол киресин төлөп берүү | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
5 |
| Ачык кургак учук оорусу менен ооруган адамдардын Токтогул шаарына барып текшерүүдөн өтүүсү үчүн жол киресине бир адамга 200 сомдон жана врачтын тиешелүү кагазынын негизинде 2000 сомго чейин акча каражатын берүү -Гемодиализ алууга зарыл болгон 4 оорулуу адамдардын жол киресине кезек менен акча каражатын төлөп берүү. | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
6 |
| Аз камсыз болгон багар көрөрү жок адамдардын каза болгондоруна сөөк жашыруусуна 2000 сом акча каражатын бөлүү | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
7 |
| Майыптыгы бар 7жаштан 14 жашка чейинки жаш балдарга,тубаса майыптарга, 1-2- топтогу майыптарга майыптар күнүнө карата иш чара уюштуруу | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
8 |
| Тоголок жетим балдарга ,аз камсыз үй бүлөнүн балдарына,жарым жетим балдарга президенттин,губернатордун,акимдин балаты майрамына катышуусуна жол кире,тамак ашын төлөп берүү. | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү | Соц адис | акысыз |
Соц адис | А.Сульпиева |
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
27.12.2021-жылдагы кезектеги Vсессиясынын №11 Токтомуна
2-тиркеме
Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн,жарым жана тоголок жетим балдардын ичинен мектепте жакшы окуган балдарынан 4 баланы жайында лагерге эс алууга жиберүүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары
1.Муниципалдык кызматтардын паспорту | ||
1 | Кызматтардын аталышы | Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн,жарым жана тоголок жетим балдардын ичинен мектепте жакшы окуган 4 баланы жайкы эс алууга жиберүү |
2 | Кызмат корсотуп жаткан жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдын аталышы | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү |
3 | Муниципалдык кызматтын пайдалануучулары | Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн,жарым жана тоголок жетим балдар |
4 | Муниципалдык кызматты алууга укуктук негиздери | Айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде |
5 | Корсотулуп жаткан муниципалдык кызматтын аяккы натыйжасы | Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн,жарым жана тоголок жетим балдарга социалдык колдоо көрсөтүү |
6 | Муниципалдык кызматты корсотуу шарттары | Тиешелүү документтерин даярдоо |
7 | Муниципалдык кызматты корсотуу моонотуу | 15 кун |
2.Муниципалдык кызматты алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Пайдалануучуга корсотулуп жаткан муниципалдык кызмат туураалуу мааалымдоо | Айылдык жарыя,уюлдук байланыш аркылуу |
9 | Муниципалдык кызматты таратуу жолдору | Уйуно барып жолугушуу жана онлайн турундо байланышуу |
3.Муниципалдык кызматты тейлоо жана корсотуу | ||
10 | Кардарлар менен мамиле кылуу | Аз камсыз болгон |
11 | Купуялуулукту(конфиденциялуулукту)камсыздоо | Адамдын купуялуулугун сактоо,копчулукко жарыялабоо |
12 | Кызмат пайдалануучу тарабынан керектелген документтердин жана иш аракеттердин тизмеси | Критерийдин негизинде |
13 | Акы толонуучу кызматтын баасы | Жергиликтуу бюджеттин эсебинен каржыланат |
14 | Кызмат сапатынын муноздогучтору(параметрлери) | Аяр мамиле,жагымдуу жагдай |
15 | Кызмат корсотуу жолдору,электрондук форматта кызматты корсотуу озгочолуктору | Тез арада маалымат менен камсыз болот |
4.Муниципалдык кызматты корсотуудон баш тартуу жана даттануунун жол жобосу | ||
16 | Муниципалдык кызматты корсотуудон баш тартуу | Эгерде аз камсыз болгон уй булолор,жарым жана тоголок жетимдер оз ыктыяры менен баш тартканда |
17 | Даттануунун жол жобосу | Тиешелуу адиске арыз жузундо кайрылат |
18 | Кызмат стандартын кайра карап чыгуу мезгилдуулугу | 1 жыл |
Соц адис | А.Сульпиева |