Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 20 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине;
4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
спорт - дене тарбиясынын коомдогу компоненттеринин биринин жалпыланган түшүнүгү, ал адамды мелдешке катыштыруунун жана мелдешке даярдоонун атайын практикасы жана формасы катары тарыхый жактан калыптанган, бул ошондой эле мелдеш процессинде пайда болгон өзгөчөлүгү бар мамилелерди, нормаларды жана жетишкендиктерди билдирет;
жогорку жетишкендиктердин спорту - адамдын түпкү мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүнү, жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүүнү, рекорд коюуну камсыз кылуучу чөйрө;
спорттук мелдеш - спорттук жетишкендиктерди көрсөтүүнүн, салыштыруунун жана баа берүүнүн ыкмасы;
спортсмен - спорттун өзү тандап алган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана белгиленген эрежелерге ылайык спорттук мелдештерге катышкан, бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар адам;
дене тарбия - маданияттын ажыралгыс бөлүгү, социалдык иш - аракеттин бир тармагы, адамдын дене тарбиясын өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо максатында коом түзүүчү, өнүктүрүүчү жана пайдалануучу руханий жана материалдык дөөлөттөрдүн жыйындысы болуп саналат;
дене тарбия жагынан өркүндөө - дени сак, дене тарбиясы жана рухий жагынан өркүндөгөн, моралдык жактан туруктуу келген жаш муундарды калыптандырууга багытталган, уюшкан педагогикалык процесс, ден соолукту чыңдоо, иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, чыгармачылык узун өмүр жана адамдын өмүрүн узартуу;
дене тарбия-спорт уюмдары - уюштуруу жагынан укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан дене тарбиясы жана спорт жагынан кызмат көрсөтүү ишинин негизги түрү болуп саналган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын заманбап жана сапаттуу дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт тутумун өнүктүрүүгө.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Аламүдүн айыл аймагында жарандарды дене тарбия жана спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылуу;
- калктын дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусуна, сергек жашоо образына туруктуу кызыгуусун калыптандыруу, бул тармактагы билим деңгээлин жогорулатуу;
- Аламүдүн айыл аймагынын калкынын ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия боюнча иштеринин сапаттарын жакшыртуу;
- калктын ден соолугун чыңдоо;
- дене тарбия жана спорт менен машыгууга арналган материалдык-техникалык базаны чыңдоо;
- жогорку жетишкендиктеги спортту өнүктүрүү жана спорттук резервдин натыйжалуу даярдануусу үчүн, аны менен бирге Аламүдүн айыл аймагынын алдыңкы спортсмендеринин жана курама командаларынын райондук, облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерде ийгиликтүү мелдешүүсү үчүн шарттарды түзүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча программалардын долбоорлорун аларды айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- жергиликтүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен дене тарбия маданиятын жана спортту өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгат;
- муниципалдык мекемелердин дене тарбиялык иш-чараларынын жана спорттук иш-чараларынын календардык пландарын иштеп чыгат жана бекитет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча программаларды аткарууну камсыз кылат;
- калктын ар кандай топторунун арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
- муниципалдык расмий дене тарбиялык иш-чараларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат жана каржылайт;
- дене тарбиялык иш-чараларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;
- дене тарбия жана спорт боюнча муниципалдык мекемелерди түзөт;
- дене тарбия жана спорт боюнча муниципалдык мекемелердин уставдарын бекитет;
- Аламүдүн айыл аймагынын бюджетинде каралган каражаттын чегинде дене тарбия жана спорт боюнча муниципалдык мекемелерди каржылоону ишке ашырат;
- муниципалдык курама командаларды жана спорттун ар кандай түрлөрү боюнча өзүнчө спортсмендердин даярдануусун жана алардын райондук, облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги расмий спорттук мелдештерге катышуусун каржылоону, ошондой эле медициналык камсыздоону ишке ашырат;
- Аламүдүн айыл аймагындагы дене тарбия маданиятына жана спортко тиешелүү маселелерди талкуулоодо коомдук уюмдардын, бирикмелердин катышуусун камсыз кылат;
- майыптар арасында спорттук-ден соолукту чыңдоо ишинин программаларын алардын жашаган жерлери боюнча, атайын мекемелерде жана уюмдарда ишке ашырат;
- Айыл аймагына дене тарбиялык-спорттук курулмаларды куруу жана аларга кам көрүү үчүн шарттарды түзөт;
- жарандардын жашаган жерлери боюнча бардык типтеги жана түрдөгү балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин, клубдарынын, балдар жана жаштар спорттук-ден соолукту чыңдоо уюмдарынын санын көбөйтүү жана алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт;
- спорттун ар кандай түрлөрү боюнча муниципалдык курама командалардын негизги жана резервдик курамын түзөт жана камсыз кылат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- дене тарбия маданияты жана спорт боюнча муниципалдык мекемелердин ишине контроль жүргүзөт;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселелер боюнча тапшырмаларды чечүүгө бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
- дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин аткарылышына контроль жүргүзөт.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- айыл өкмөтү иштеп чыккан дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун бекитет;
- дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү программасы боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселелерди ишке ашырууну жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- жергиликтүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен дене тарбия маданиятын жана спортту өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгат;
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык органдары;
- укук коргоо органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.