Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 21 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
Жарандык коргонуу - Кыргыз Республикасынын калкын, материалдык жана маданий баалуулуктары менен аймактарын тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардан коргонууга даярдоо боюнча жана коргонуу боюнча мамлекеттик жалпы иш-чаралар тутумунун курамдык бөлүгү;
өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын саламаттыгына же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо аракет шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыш же техногендик кубулуштун, авариянын, апааттын, табигый же башка кырсыктын, учурдагы кыйратуу каражаттарынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында түзүлгөн кырдаал;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин мүмкүн болушунча максималдуу азайтууга, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоого, алар түзүлгөн учурда зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган күн мурунтан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдарды пайда кылган факторлордун аракетин чектөө жана токтотуу, өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жүргүзүлүүчү жана адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштар;
өзгөчө кырдаал зонасы - өзгөчө кырдаал келип чыккан аймак;
өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы коопсуздук - өлкөнүн калкын, аймактарын, объекттерин жана инфратүзүмүн тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында келип чыгуучу коркунучтардан коргогон, гендердик жана демографиялык муктаждыктарды эске алуу менен калктын жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыз кылган абал;
авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштар - өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды куткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө, зыян келтирүүчү таасирлердин очогун чектөөгө жана токтотууга, экинчи зыян келтирүүчү факторлордун келип чыгышынын алдын алууга, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоого жана куткарып калууга багытталган биринчи кезектеги жумуштар;
Жарандык коргонуу жаатында калкты даярдоо – калктын бардык топторунун өзгөчө кырдаалдарда жана согуштук жаңжалдарда келип чыгуучу коркунучтардан коргоо боюнча билимдерге жана ыктарга үйрөнүү, ошондой эле практикалык көндүмдөргө ээ болуу боюнча ишин уюштуруунун максатка багытталган процесси.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын калкынын өзгөчө кырдаалдардан коргонуу деңгээлин жогорулатууга;
- өзгөчө кырдаалдардын болжолун алууга, анын келип чыгуусун жана өрчүшүн алдын алууга;
- өзгөчө кырдаалдар жаралганда жана алардын кесепеттерин жоюуда калкты материалдык жана социалдык-укуктук жактан коргоону камсыз кылууга;
- маалыматтык камсыздоо тутумун, байланыш жана өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар тууралуу калкка кабарлоо тутумун өнүктүрүүгө.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтууга жана анын кесепеттерин жеңилдетүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы маалыматтарды чогултууну жана алмашууну ишке ашыруу, калкка өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу тууралуу өз убагында кабар берүүнү жана маалымдоону камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдардан жана өрт кырсыктарынан калкты коргоо жаатындагы иш-чараларды каржылоону ишке ашыруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кеспеттерин жоюу боюнча программалардын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу программалары боюнча чыгымдарды эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
- Айыл аймагынын өрт коопсуздугу боюнча бирдиктүү саясаттын иштеп чыгат;
- Айыл аймагынын өрт коопсуздук тутумун түзөт жана аны башкарат, анын башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын, анын укуктук камсыздоосун аныктайт;
- Айыл аймагынын өрт коопсуздук кызматтарынын иш принциптерин, түзүлүшүн, санын жана материлдык-техникалык камсыздоону иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин өзгөчө кыраадалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылат;
- Жарандык коргонуу боюнча комиссия түзөт жана анын ишин координациялайт;
- Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындайт;
- Жарандык коргонуу пландарын ишке ашырат;
- Айыл аймагында өзгөчө кырдаалдардын болжолун алуу, кырсыктын тобокелдиктерин баалоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өзгөчө кооптуу табигый процесстер зонасында жер тилкелерин бөлүштүрүүнүн алдын алуу максатында турак жай, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер бөлүү тууралуу маселелерди чечүүнү макулдашат;
- Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даяр абалда күтүүнү ишке ашырат;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте өз ара иш алып барууда өзгөчө кырдаалдарда кабарландырууну жана калкты коргоо ыкмаларына жана аракеттерине үйрөтүүнү ишке ашырат;
- өзгөчө кырдаал жаралуу коркунучунда жана жаралышында көчүрүү иш-чараларын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат;
- түпкүлүгү кооптуу аймактардан калкты көчүрүү боюнча алдын ала комплекстүү чараларды көрөт;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз убагында калкка өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучу жөнүндө же жаралышы тууралуу кабар берүүнү камсыз кылат;
- ведомствого тиешелүү объектилерде жана аймактарда жаралган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
- Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө акча каражаттарын бөлөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эскертүүлөрүн жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат;
- радиациялык кыйроолордун келип чыгуу коркунучунда жана алардын кесепеттерин жоюуда ыкчам иш-чараларды өткөрөт;
- Айыл аймагында радиациялык коопсуздук боюнча иш-чараларды уюштурат;
- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт жана координациялайт;
- өрт техникасы жана жабдууларын өндүрүп чыгаруу жана сатып алуу маселелерин чечет;
- өрткө каршы жумуштарды аткарууга жана өрт техникасын жана жабдууларын даярдоого адистештирилген кичи ишканалардын жана ыктыярдуу өрт түзүмдөрүнүн ишмердиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт;
- жалпы пайдалануудагы аймактарды өрт өчүрүүнүн биринчи каражаттары жана өрт техникасы менен жабдыйт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча программалардын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу, өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын ишин контролдоону ишке ашырат;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселелерди чечүүгө бөлүнүүчү каржы булактарынын сарамжалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
- өзгөчө кыраадалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу программасы боюнча чыгымдарды эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
- айыл өкмөтү иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселелерди ишке ашырууну жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- Жарандык коргонуу пландарын бекитет жана аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашат;
- Айыл аймагынын өрт коопсуздугу боюнча бирдиктүү саясатын бекитет;
- Айыл аймагынын өрт коопсуздук кызматтарынын иш принциптерин, түзүлүшүн, санын жана материлдык-техникалык камсыздоону иштеп чыгат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- укук коргоо органдары ж.б.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.