Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 22 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине;
4. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине
5. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары ““Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон жашы жете элек адам;
этибарсыз мамиле - үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдарга камкордук көрүү боюнча милдеттерин атайылап аткарбоо;
үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу - үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын сактоону камсыз кылууга багытталуучу чаралар;
үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилелеринде турган адамдар; эмгекке жарамсыз же жашы жете элек багуудагы адамга камкордук кылуучу адам жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек багуудагы адамдын өзү; жубайлардын ата-энелери; бирге жашаган башка туугандар;
үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо кооптуулугун жарата турган себептерди жана шарттарды табууга, четтетүүгө багытталуучу социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;
психологиялык зомбулук - дене-бойлук, сексуалдык, экономикалык зомбулук жасоо коркунучу, ошондой эле ар-намысты жана кадыр-баркты атайылап басмырлоо, өмүргө коркунуч келтирүүчү же психологиялык, дене-бойлук саламаттыктын бузулушуна, ошондой эле жашы жете элек адамдардын катташуу укугун чектөөгө алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо;
үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси;
социалдык кызмат - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү жана жардам берүүчү уюм, мекеме;
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана бөгөт коюуга;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды социалдык-укуктук коргоону камсыздоого.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын жарандарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо укуктарын камсыз кылуу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу социалдык кызматтарды уюштуруу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык кызмат жана жардам көрсөтүүнү уюштуруу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү;
- үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербеш керектигин пропагандалоо;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону камсыз кылуу;
- адамдын укуктарын жана эркиндигин кемсинтүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулукка өбөлгө түзүүчү элдик үрп-адаттарга жана салттарга жол бербөө;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашыруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программалырынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү бюджеттин долбоорун үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тутумун түзөт жана башкарат, анын башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктайт.
аткаруу жана колдоо функциялары
- айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программаларын аткарууну камсыз кылат;
- жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;
- калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды ишке ашырат;
- кабыл алынган программалардын таасирдүүлүүгүнө жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону ишке ашырат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
- өз аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматарды каттоону жүргүзөт;
- жергиликтүү деңгээлде атайын органдарды – үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу ведомстволор аралык координацияга жана субъектилердин өз ара аракеттенүүлөрүнө көмөктөшөт;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасоо коркунучу тууралуу ички иштер органдарына маалымат берет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;
- өзүнүн сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жарыялайт;
- турмуштук оор абалдагы балдардын, анын ичинде ата-энеси жок үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдардын маалымат базасын түзөт;
- калк арасында мыкаачылык мамиле жасоого жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бирдиктүү саясатты бекитет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жардам берүү стандарттарын бекитет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программларды ишке ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу социалдык кызматтарды түзүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат караштырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды аткарууну контролдойт;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
- укук коргоо органдары.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.