Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2022-жылдын 17-февралындагы
№60-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 24 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна
8. “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
карантиндик-чектөөчү иш-чаралар - инфекциялык ооруларды жайылтпоого, эпидемиялык очокту локализациялоо менен кийин анын жоюлушун камсыздоого багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, жүктөрдү, товарларды жана жандыктарды ташууну, калктын, транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү караштырган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчү, административдик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы;
обочолонтуу - өзгөчө кооптуу инфекцияларды жуктурбоо жана жайылтпоо максатында инфекциялык оорулары бар бейтаптардан оорусу жок адамдарды бөлүү;
обсервация - атайын жайларда обочолоп жайгаштырылган адамдарды (өзгөчө кооптуу оорусу бар бейтаптар менен байланышта болгон дени сак адамдар) медициналык байкоого алуу;
өзүн-өзү обочолонтуу - ооруну жуктуруу тобокелин азайтуу үчүн адамдардын башка адамдар менен байланышпоосу. Өзүн-өзү обочолонтуу обочолонбогон адамдар менен кандай болбосун байланыштарды түзбөөнүн ар кандай кырдаалдарын камтыйт;
эпидемиялык өзгөчө кырдаал - аймактагы калктын түзүлүп калган жашоо калыбынын бузулуусуна, оорунун козгогучу ошол аймактан сыртка чыгуусуна, оорунун оор абалда өтүүсүнө жана жагымсыз натыйжалардын көбөйүүсүнө алып келүүчү эпидемиялык очоктордогу инфекциялуу бейтаптардын санынын прогрессивдүү өсүүсү;
санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген продукцияларды (товарларды) ташып келүүнүн, жугуштуу жана жапырт жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) алып келүүнүн, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) контроль алдындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларындагы же кошулган станциялардагы продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү;
санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир аймакта белгилүү бир убакта калктын ооруп калуусунун деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы.
ветеринардык-санитардык чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жапырт жукпай турган ылаңдарынын пайда болушунун жана жайылып кетишинин алдын алууга, элдерди адамдар менен жаныбарлар ооруучу жалпы илдеттерден коргоого, жаныбарлардын ылаңдары келтирүүчү зыяндын алдын алууга багытталган иш-чаралар тутуму;
ветеринардык көзөмөл - ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жол-жобо;
карантин - жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын таркап кетүүсүнүн алдын алууга жана аларды жоюуга багытталган убактылуу ветеринардык-санитардык жана администрациялык чектөөчү чаралардын комплекси;
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагында инфекциялык (анын ичинде карантиндик жана өзгөчө кооптуу) оорулардын очокторунун таркап кетүүсүнүн алдын алууга, локализациялоого жана жоюуга;
- Айыл аймагында жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугушсуз ылаңдарынын пайда болушунун жана таркап кетүүсүнүн алдын алууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагында карантиндик-чектөөчү иш-чараларды белгилөө же алып салуу боюнча ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына жана башка мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;
- эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссияларды уюштуруу;
- обсерваторлордун жана инфекциялык стационарлардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча программаларды аткарууну камсыз кылат;
- эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссияларды түзүүнү уюштурат;
- обсерваторлордун жана инфекциялык стационарлардын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
- очокто болгон жана карантиндик зонанын чегинен сырткары чыккан адамдарды обсервациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурат;
- карантиндик зонадагы карантинге алынган калктуу конуштардын ортосунда жана анын ичинде калктын жана транспорттун жүрүүсүнө тыюу салууну белгилейт;
- санитардык-контролдук пункттарды уюштурат;
- куралдуу кайтаруу (курчоого алуу) менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана карантиндин бүткүл зонасын толук өзүнчө бөлүүнү уюштурат;
- калктын айрым топторунун ортосундагы байланышы болууну чектөөнү жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартибин белгилейт;
- чектөө иш-чараларынын (карантиндин) мезгилинде калк, муниципалдык транспорттун, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иш объекттеринин иштеши үчүн түзүлгөн эпидемиологиялык жагдайга жараша алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу иш-аракеттердин режимин белгилейт;
- эпидемиялык очокто жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын, айыл чарба объекттеринин эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иштөө режимдерин белгилейт;
- тышкы чөйрө объекттерин, чыгарылган өнөр жай продукциясын зыянсыздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды уюштурат;
- тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылган продукциянын зыянсыздыгына кепилдик берүүчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүүнү ишке ашырат;
- шашылыш жана өзгөчө профилактика жүргүзүүнү уюштурат;
- калк жана ишканалар тарабынан карантиндин белгиленген эрежелеринин аткарылышын катуу контролдоону уюштурат;
- ооруга шектелген же жугуштуу ылаңдар менен ооруган жанбарларды алып чыгууга, айдап чыгууга, өткөрүүгө тыюу салууну белгилейт;
- тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок жаныбарларды жана азыктарды алып кирүүгө (импорт), алып чыгууга (экспорт) тыюу салууну белгилейт;
- калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- массалык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды ж.б.) өткөрүүгө тыюу салууну, базарларды жабууну белгилейт;
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылайт;
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча кабыл алынган программалардын таасирдүүлүүгүнө жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону ишке ашырат;
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өткөрүүгө тартылган субъектилердин ведомстволор аралык координациясына жана өз ара аракеттенүүлөрүнө көмөк көрсөтөт;
- өзүнүн сайтына жүргүзүлүп жаткан ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралар жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагында ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча программалардын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат.
8. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагында ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
- эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссияларды түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, комиссиянын курамын бекитет;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча программаларды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен каражат караштырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагында ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча чараларды аткарууну контролдойт;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары);
- укук коргоо органдары.
10. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.