Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 4-сессиясы
2021 – жылдын 27 – июлу №4/7
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018–жылдын 06–февралындагы №01–18/41 буйругуна негиз, шаардык кеӊештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 15–декабрындагы №50 протоколунун чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча департаментинин 2020–жылдын 10–декабрындагы №1772 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (Жобо тиркелет).
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жүнүндө Жобо №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (Жобо тиркелет).
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Ж. Калматов |
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин
(VII чакырылышы) 2021-жылдын
27-июлундагы №4/7 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Бул Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мулккө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
– курулушу бутө элек объекттер;
–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулбаган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
– жарабай калуу;
– аны экеплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындай болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза түшүүлөрдүн арасындагы ар түрдүүлүктөй аныкталган жана бул объекттин баланстык наркы катары кабыл алынат.
6. Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кенеш кабыл алган Жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
7. Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;
в) мекеменин, уюмдун жана башка объекттердин курулушуна, кеңейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштыруу.
Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары негизги каражаттарды баланстан чыгаруусу негизги каражаттардын бирдиктеринин наркына карабастан жүргүзүлөт.
9. Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына келтирүү, ондоого мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын буйругу менен туруктуу иштөөчу комиссия төмөнкү курамда түзүлөт:
– жетекчи жана анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
– башкы бухгалтер;
– негизги каражаттардын эсеп жүргүзүүсү жана жоопкерчилиги жүктөлгөн жак;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын инженердик, техникалык, технологиялык, курулуш, экономикалык жана башка кызматтардын кызматкерлери;
– жергиликтүү кеңештин өкүлү;
– жергиликтүү жамааттын өкүлү.
10. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:
а) эсептен чыгарууга жаткан объектти түздөн-түз кароону жүргүзөт, ошондой эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт, кабат боюнча планды жана башка документтер), ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;
б) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнундө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистердин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;
в) объектти эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү, реконструкциялоо, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу авариялар жана башкалар) белгиленет;
г) экепдуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
д) эсептен чыгарылуучу объекттин өзүнчө түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;
е) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү, деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды контролдоону жүргүзөт, алардын сапатын, салмагын аныктайт жана ал тийиштүү кампага берилишин көзөмөлдөйт;
ж) негизги каражаттардын айрым объекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК–1);
– жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (тиркелген форма ылайык).
11. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысы тарабынан бекитилет.
12. Колдонуудагы объекттерди жаңы курууга, кенейтүүгө реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген колдонуудагы объекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгөтийиш.
13. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын объекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: объект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн дата, эксплуатацияга берилген убакыт, объекттин алгачкы наркы (жаны баалангандар үчүн – калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны. Негизги каражаттардын объектинин жарактан чыгуу себептери негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.
14. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарын чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.
15. Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыга эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчурмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү себептер такталат жана күнөөлүү адамдарга карата алынган чаралар көрсөтүлөт.
16. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
17. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оңдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет.
Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
18. Баалуу металдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.
19. Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн. Сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу opганынын башчысы жергиликтүү кеңеш бекиткен Жобонун негизинде мүлктү эсептен чыгаруунун процедурасын сактоосун камсыз кылат жана уюштурат.
21. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Жобонун талаптарын сактоосун камсыз кылат жана акча каражаттарды максаттуу жумшоосун көзөмөлдөйт.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңешке туура эмес маалыматты камтыган документтерди бергендиги үчүн жооп берет.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин
(VII чакырылышы) 2021-жылдын
27-июлундагы №4/7 токтомуна
№ 2 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жүнүндө
ЖОБО
1. Бул Жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын «Мулккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысынын чечимин (1–тиркеме);
– транспорт каражаттарынын техникалык абалынын актынын (2–тиркеме);
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар (3–тиркеме).
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары – Комиссия). Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, жергиликтүү кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата–энеси, балдары жана анын бир тууган эже–синди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер–техникалык кызматкери, транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркын көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) бааалоо протоколун түзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Ушул менен баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган процентке төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мумкун болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу–сатуу келишимин 3 нускада (4–тиркеме) бекитет.
Бул учурда:
– 1 нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда калат;
– 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
– 1 нускасы сатуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов