КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 4-сессиясы
2021 – жылдын 27 – июлу №4/8
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн «Калкка кызмат кызмат көрсөтүү борборунун» жобосун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 20–октябрындагы №61 протоколунун чечимин, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2020–жылдын 22–сентябрындагы №01–8/2092 кайрылуу катын эске алып, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө жана бир жерде алууну камсыздоо максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча «Калкка кызмат кызмат көрсөтүү борборунун» Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (Жобо тиркелет).
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | Ж. Калматов |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VII чакырылышы) 2021-жылдын
27-июлундагы кезектеги
IV сессиясынын №4/8 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндө
жобосу
Жалпы жоболор
ККБнын түзүүнүн максатары жана милдеттери
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБда маалыматтык - сурап билүүнү камсыздоо
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Мэриянын башчысынын жоопкерчилиги
Кошумча кызматтар
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттердин бири болуп мэрияга караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчу борборлорду (ККБ) түзүү болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга ыйгарым укукка ээ.
Жалпы жоболор
1.1. ККБнын ишмердиги жөнүндө Типтүү жобо 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин
2018-жылдын 30-мартындагы №01-18/38 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык иштелип чыккан.
1.2. ККБ шаардык кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.
1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери
2.1. Борбордун түзүү максаты болуп, жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду (балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү эсептелет.
2.2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн уюштуруунун астында кайрылуучу субъектилердин кайрылуу санын минималдык өлчөмдө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;
б) кайрылуучуларга бир эле убакытта бири-бирине байланышкан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
в) ККБнын жооптуу өкүлү (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;
г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын же сунуштарын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун негизинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу менен ведомстволук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялык өз ара кызматташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу.
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБнын ишмердигин уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан мэриянын имаратынан тийиштүү жабдуулар (жабдуулар, телефондор, компьютерлер, принтерлер, ксерокстер, маалыматтык стендтер, TV ж.б.) менен камсыздалган, мүмкүнчүлүккө ылайык биринчи кабаттан өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү камсыздайт.
ККБда белгиленген графиги боюнча мэриянын кызматкерлеринин ичинен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат көрсөтүү боюнча функционалдык милдеттер мэр тарабынан кимге жүктөлгөн болсо, мындан тышкары шаарда жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан калкка маанилүүрөк кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү учурунда, бир нече уюмдар катышса, мэр кызмат көрсөтүүчү келишимди, кайрылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.
Шаардын аймагынан келген жарандар кезеке туруп кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алууга баш тартуу мүмкүн эмес.
Борбор тарабынан акылуу жана акысыз кызматтар жөнүндө калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бөлмөлөргө жайгаштырууну жана жарыяланууну ККБ камсыздайт.
ККБ жайгашкан жайлар кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө арналган маалыматтык тактайча (көрнөк) менен жабдылат:
а) иш режими жөнүндө;
б) телефондор жана даректер, анын ичинде –мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин электрондук почта даректери;
в) калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн шартын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-феврылындагы № 80 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.
Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтык стенддерге жана жарыктандырылуучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматык-коммуникативдик технология (МКТ) каражаттарын, электрондук жана басма сөз ММКтарды кеңири колдонуу зарыл.
Кызмат көрсөтүү борборунда (ККБ) маалыматтык-сурап билүүнү камсыздоо
4.1. Маалымат такталары муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсыздалышы керек, атап айтканда:
а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;
б) кызмат көрсөтүү борборунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу же мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;
в) көбүрөөк берилген суроолор жана аларга жооптор (1 айда 1 жолудан жаныланып туруусу зарыл);
г) Муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок - схемалар жана графикалык сүрөттөр;
д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм, текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;
е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
ж) кызмат көрсөтүү борборунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзгөн кызматкерлердин телефондору.
4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:
а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;
б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борбору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;
в) кызмат көрсөтүү процесстери.
Маалыматтар ар дайым жарык көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видеоэкран). Жарык көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди мэриянын кызматкерлеринин ичинен мэр, ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин милдеттери:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшерет жана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;
б) Кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерди жеткирүүнү уюштурат, анан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүсүн уюштурат;
в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык мэрге же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунун арызын жана документтердин пакетин берет;
г) кайрылуу ээсине суралган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арыз берүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдоо көрсөтөт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары:
а) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда, арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип алуудан баш тартат;
б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат: эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаган же жекелиги тууралуу күбөлүгү, ведомстволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери белгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү:
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;
б) Келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык, кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт же так шарттарын түшүндүрүү менен жүйөөлүү баш тартат.
в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ошол эле учурда электрондук түрдөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
г) ККБга даярдалган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүүнү толук камсыздайт.
Документтерди кароо жана берүү ведомстволор аралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Мэрдин жоопкерчилиги
Мэр ККБны уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуусуна жеке жоопкерчилик тартат.
Мэр ККБнын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты шаардык кеңештин алдында шаардын аймагындагы иштин жалпы абалы жөнүндө отчет учурунда берет.
7. Кошумча кызматтар
7.1. Борбор жайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субъекттердин убактысын чыгымдарын жана материалдык чыгымдарын төмөндөтүү камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субъектилер менен кошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.
7.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
8.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү шаардык кеңеш жергиликтүү жаамат менен бирге жүргүзөт.
8.2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү мэрия тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен бирге жүргүзөт.
8.3. ККБда калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү ишмердигин мониторингдөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, өз компетенциясына ылайык жүргүзөт.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VII чакырылышы) 2021-жылдын
27-июлундагы кезектеги
IV сессиясынын №4/8 токтомуна
№2 тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынын көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары
Административдик кызмат көрсөтүүлөр | ||||
I. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Калкка «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу маалымкаттарды (справкаларды) берүү | ||
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мекеменин) толук аталышы | Кызыл-Кыя шаардык мэриясы | ||
3. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кызыл-Кыя шаарынын жарандары | ||
4. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн типтүү стандарты жѳнүндѳ» № 603 токтому; | ||
5. | Көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Мэрия тарабынан берилүүчү маалымкаттар | ||
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (жайларга) жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кирүү шартында; кезек күтүү принциби боюнча; Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет; Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 10 минута; Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес | ||
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо | ||||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: мэрияга жеке кайрылганда; жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан; мэриянын сайттынан; мэриянын маалыматтык такталарынан, брошюраларынан жана буклеттеринен. Мэриянын иш графиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - мэриянын расмий сайты; - мэриянын такталары, буклеттери жана брошюралары; - жарандардын жеке кайрылуулары жана телефон боюнча байланышуу (телефон номерлери мэриянын сайтында жайгаштырылат). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | ||||
10. | Келүүчүлөр менен маектешүү | Мэриянын биринчи кабатында «Бирдиктүү терезе» каанасында маалыматтык такталар илинет; Мэриянын «Бирдиктүү терезе» каанасында ищтеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкаларды (бейдж) тагынышат; Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат; Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар, (кыймыл-таяныч аппараты бузулган, угуу жана көрүү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет | ||
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||
12. | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: Ѳзүнүн жарандыгын тастыктаган документ
| ||
13. | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | ||
14. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жаш курагы, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - муниципалдык кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш болуусу; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||
15. | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Көрсөтүлбөйт | ||
Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе; | ||
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө шаардын мэрине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана ал керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин (юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын аталышын жана дарегин), ошондой эле дооматтын маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте мэриянын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн жетекчилигине кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18. | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | ||
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов