Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2001-жылдын 10-декабры № 775 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын 6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мектепке чейинки, мектептен сырткаркы билим берүү системаларынынматериалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүү, бул ишкеата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана кењири коомчулуктун катышууформаларын оптималдаштыруу үчүн кошумча каржылоо булактарын тартуу мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелердин матери-алдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ыктыярдуу не-гизде төмөнкү өлчөмдөгү жыл сайын алынуучу ата-энелердин взносу кирги-зилсин: - айыл жерлеринде - бир окуучуга (тарбиялануучуга) 340 сом; - шаар жерлеринде - бир окуучуга (тарбиялануучуга) 544 сом. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2. Мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелерде ушул ток-томдун 1-пунктунда каралган ата-энелердин взносунан башка акча каражат-тарын алууга тыюу салынсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №619 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билим берүү мекеме-лерине атайын каражаттар (ата-энелердин взносу) боюнча накталай акчаныбиринчи кезекте бөлүүнү камсыз кылсын. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркымекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсө-түүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө жобону бекитсин; - ата-энелердин взносун эсепке алууну жана сарптоону тартипке кел-тирүү максатында аларды казыначылык системасынан четтеп өтүп пайдалану-уга жол бербесин; - республиканын билим берүү мекемелеринде ата-энелердин взностору-нун максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылсын; - ата-энелердин взносторунун өлчөмүн көбөйтүү фактылары үчүн билимберүү башкармалыктары менен мекемелеринин райондук (шаардык) органдары-нын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтери ээлеген кызматынан бошотулган-га чейин күчөтүлсүн. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 619, 2009-жылдын 6-майындагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 6. Бул токтомдун аткарылытын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырыл-сын. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 277 токтомунун редакциясы-на ылайык) 7. Бул токтом жарыяланган учурдан баштан күчүнө кирет. Премьер-министр К.Бакиев