Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 6-майы № 277 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткары мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Нормативдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасында эњ төмөнкүэмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренеле-рине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сыртка-ры мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоокөрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна төмөнкү-дөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пунктта: экинчи абзацтагы "1 минимум эмгек акы" деген цифра жана сөздөр"340 сом" деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын; үчүнчү абзацта "1,6 минимум эмгек акы" деген цифралар жана сөздөр"544 сом" деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын; - 3-пункттагы "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын; - 4-пунктта: биринчи абзацтагы "Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министр-лиги" деген сөздөр "Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргөалмаштырылсын; бешинчи абзацтагы "областтык жана" деген сөздөр алып салынсын; - 6-пунктта "Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданийөнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү,маданият жана спорт бөлүмүнө" дёген сөздөргө алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үч ай-лык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов