Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-октябры N 578
174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 97 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык, 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
- 174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурсту даярдоо жана өткөрүү багытындагы кызматтары боюнча түзүлгөн конкурстук комиссиянын курамы.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы N 578 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 97 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматтоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын байланыш башкармалыгынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламент жана стандарт боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин радиожыштык спектри башкармалыгынын начальнигинин орун басары, жооптуу катчы.