Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-октябрындагы № 579
«Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Левина Т.В., Бадыкеева Н.Н., Скрипкина Г.А., Бекешев Д.Д., Бакир уулу Т. жана Кочкарова Э.А. тарабынан демилгеленген «Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-октябрындагы № 579 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева, Г.А.Скрипкина, Д.Д.Бекешев, Турсунбай Бакир уулу жана Э.А.Кочкарова тарабынан демилгеленген « Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоорунун 2, 5, 7, 9, 11, 18, 25-беренелери редакциялык жактан кайра иштеп чыгууну талап кылат. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 5-бөлүгү 5-берененин 2-бөлүгүн, ал эми 17-берененин 5, 6-бөлүктөрү 5-берененин 3-бөлүгүн кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесиндеги «өлгөндүн керээзи» деген сөздүн маанисин төмөнкү редакцияда берүүнү сунуш кылабыз: «өлгөндүн керээзи - тиги же бул жерде, тигил же бул каада салт боюнча, мурда өлгөн тигил же бул адамдын жанына коюлушу, патологоанотомиялык союуга алынышына макул же макул эместиги жөнүндө, анын сөөгүнөн органдарын жана (же) ткандарын алууга макул же макул эместиги жөнүндө, кремацияга алынышын каалагандыгы жөнүндө, өзүнүн акыркы керээзин тигил же бул адамдын аткарышына ишенгендиги жөнүндө оозеки (күбөлөрдүн көзүнчө) же жазуу жүзүндө билдирген нотариалдык жактан күбөлөндүргөн каалоосу.
Бул факты белгилүү бир укуктук жагдайлардын пайда болушуна алып келет. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык аракеттер юридикалык мааниге ээ болгон талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоо, документтерди күбөлөндүрүү, документтерге аткаруучулук күчтү жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка иш-аракеттерди билдирет.
Диний ишенимдерге жараша сөөк коюу жөнүндө маселе чыр-чатакты күчөтүп жиберүүчү маселе болгондуктан, туткан динине жараша сөөк коюлуучу жайларды регламенттештирүүчү көрүстөндөрдүн иштешин укуктук аныктоо ар кандай диний ишенимдердин жолун жолдоочулардын ортосундагы чыр-чатактын болушун жокко чыгаруу менен жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча конституциялык укуктарына да оң таасирин тийгизет. Мыйзам долбоорунун 2-беренесин төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз: «Туткан динине жараша сөөк коюлуучу жай - бир диндеги өлгөн адамдарды коюуга багытталган көрүстөн».
Мыйзам долбоорунун ушул беренесинде сөөк коюу уюмдары катары - сөөк коюуну тейлөө кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишкердикти жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерди аныктоо пландаштырылган.
Муну менен бирге «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык чарбалык шериктиктер жана коомдор деп ишинин негизги максаты пайда көрүү болуп саналган үлүштөргө (салымдарга) бөлүнгөн уставдык капиталы бар коммерциялык уюмдар тааныла тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Катышуучулардын салымдарынын эсебинен түзүлгөн, ошондой эле чарбалык шериктиктер жана коомдор тарабынан анын иш процессинде табылган жана сатылып алынган мүлкү ага менчик укугунда таандык болот.
Чарбалык шериктиктер жана коомдор толук шериктик, коммандиттик шериктик, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында «чарбакер субъекттер» терминин колдонуу каралган эмес.
Мыйзам долбоорунда «курулуш аймактары» деген түшүнүк пайдаланылат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерге болгон укуктардын пайда болушун, аларды ишке ашыруу жана токтотуу тартибин жана каттоону жөнгө салат, ошондой эле жерге болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик шарттарында жер-рыноктук мамилелерди түзүүгө, жерди туура пайдаланууга, аны коргоого багытталган. Кыргыз Республикасынын бул ченемдик укуктук актысы «курулуш аймактары» сыяктуу жерлердин категориясы жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салууну карабайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 3-беренесин «укуктук актыларынан, ошондой эле» деген сөздөрдөн кийин төмөнкү редакцияда берүүнү сунуш кылабыз: «Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринен жана ченемдеринен турат».
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү менен сөөк коюучу жайларды бузуу жана которуу маселелерин жөнгө салуу каралган. Муну менен бирге сөөк коюлуучу жайларды которуу боюнча иш-чаралар кеп финансылык каражаттарды талап кылат, анткени которуу үчүн участок бөлүп берүү маселеси жана мындан келип чыгуучу башка уюштуруу маселелери пайда болот, бул республиканын бюджетине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Буга байланыштуу аталган жобого дыкат талдоо жүргүзүү жана кайра карап чыгуу талап кылынат.
5-берененин 3-бөлүгүндө аталган аймактардын (парк зоналары, бак-дарактар, гүлбакчалар ж.б.) жашыл бак-дарактардын кайсы категориясын отургузууга пайдаланыла тургандыгын тактоо керек.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин l-бөлүгүндө эгерде аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар келип чыкпаса, өлгөндүн денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча иш-аракеттер өлгөндүн керээзине толук шайкеш келгидей тартипте ишке ашырылышы керектиги айтылган. Мындай ченемде өлгөндүн керээзин аткарууга мүмкүн болбогон жагдайларды көрсөтүү керек деп ойлойбуз. «......., же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде:
- 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз: «Сөөктү мурда өлгөн туугандарынын жанында бош жер участкасы болгон учурда гана көмүүгө кепилдик берилет».
- Коррупциогендик ченемдерге бөгөт куюу максатында 2-бөлүктө сөөк коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат өлгөндүн сөөгүн өзү көрсөткөн сөөк коюучу жайга коюу жөнүндө керезин аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктоого укуктуу учурлардын толук тизмеги келтирилсин.
- 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук жана дипломатиялык кызматтары» деген сөздөр «дипломатиялык өкүлчүлүктөр (элчилик) жана консулдук мекемелер» деген сөздөргө алмаштырылсын, анткени «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик) деп - чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштар мамлекеттик органын, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемеси (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик) деп - чет мамлекеттин аймагында тиешелүү консулдук округдун чектеринде Кыргыз Республикасынын атынан консулдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органын түшүнүү керек.
Өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулардын жайылышынын алдын алуу максатында, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү органдардын ченемдик документтеринин негизинде 2-главаны төмөнкүдөй мазмундагы берене менен толуктоону сунуштайбыз: «Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциядан жана так эмес этиологиядагы инфекциялардан өлгөн адамдардын сөөгүн көмүү өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулардын жайылышынын алдын алуу максатында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү органдардын ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт».
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 1, 2-пункттарында каралган убактылуу мөөнөттөрдү шайкеш келтирүү керек. Анткени 1-пунктта убактылуу мөөнөт эки сутка деп, 2-пунктта беш сутка деп аныкталган.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин l-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи абзацындагы жана 3-бөлүктөгү «башкаруу» деген сөздү «башкаруунун өкүлчүлүктүү» деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу ченем чыгаруучу органдардын катарына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары киргизилген.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин l-бөлүгүнүн 3-пунктун «өлгөндүн денесин кабырстанга (крематорийге) ташып баруу» деген сөздөрдөн кийин «катафалдык транспорт менен ишке ашырылат» деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгү сөөктү көмүү боюнча акысыз көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгын караган ченем менен толукталсын.
Сөөктү көмүүгө жөлөкпул төмөнкү үч булактан төлөнөт: республикалык, жергиликтүү бюджеттерден жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүндө сөөктү кемүү боюнча тейлөө кызматтарынын кепилденген тизмегине ылайык көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын наркы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныктала жана сөөктү коюу ишинин маселелери боюнча адистешкен кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жабыла тургандыгы белгиленген. Мында, сунушталган редакциянын так эместигин белгилеп кетүү зарыл. Алсак, сөөктү коюу ишинин маселелери боюнча адистешкен кызматтын сөөктү көмүү боюнча тейлөө кызматтарынын кепилденген тизмегине ылайык көрсөткөн кызматтарына байланышкан чыгымдар кайсы каражаттан жана ким тарабынан жабылаары так эмес. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде сөөктү коюу ишинин маселелери боюнча адистешкен кызмат болуп өлгөндөрдү көмүүнү ишке ашыруучу жана сөөк коюу боюнча тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматы саналары каралган.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 4-бөлүгүндө аталган жардамды мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук жана дипломатиялык кызматтар, ошондой эле расымдык уюмдар көрсөтөөрүн кароо зарыл.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде түшүнүктү бирдейлештирүү максатында 1-бөлүмүндөгү «кызматты өтөө учурунда» деген сөздөрдү «кызмат өтөө мезгилинде» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 4-бөлүгүндө таанылбай калган өлүктөрдү көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоону жана аларды коюуга кеткен кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын жабууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөөнү сунуш кылабыз, анткени «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандырылбаган жарандарды коюуга жөлөкпул жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт.
14-берененин l-бөлүгү «жер участкасын тандап алуу» деген сөздөрдөн кийин «генералдык планга жана курулуштарды жөнгө салуу схемасына» деген сөздөр менен толукталсын.
Мыйзам долбоорунун 18-беренесинде:
- 4-бөлүгүн алып салууну;
- төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз: «Эски жана аскердик, мурда белгисиз мүрзөлөрдү издөөгө жана ачууга мындай ишти жүргүзүүгө атайын уруксаты жок жарандарга жана юридикалык жактарга тыюу салынат».
Мыйзам долбоорунда башка ченемдик укуктук актыларды жөнгө салуу предмети болуп саналган, коомдук мамилелердин тиешелүү чөйрөсүн регламенттештирүүчү беренелер, жоболор бар.
Алсак, Мыйзам долбоорунун 8, 10, 12, 24-беренелеринде каралган сөөк коюу үрп-адаттарын көрсөтүүчү кызматтарды төлөөнү компенсациялоо учурунда жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү тартиби, ошондой эле сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби, өлчөмү жана каржылоо булагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө», «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен бекитилген «Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө» жобо менен регламенттештирилет.
Мыйзам долбоорунун 19-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук ченемдер «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат, ага ылайык элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан тарых жана маданият эстеликтери, материалдык жана руханий чыгармачылыктын тарыхый, илимий, көркөмдүк же башка дөөлөттөргө ээ болгон чыгармалары тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын субъекттеринин менчигиндеги тарых жана маданият эстеликтери мамлекет тарабынан корголот. 4-беренеде тарыхый-маданий мурас объекттеринин түрлөрү көрсөтүлгөн. Мыйзамдын 6-беренесине ылайык объекттерди тарыхый- маданий мурас катары таануу аларды сөзсүз жарыялануучу тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүү менен бекемделет. Мындан тышкары милдеттүү түрдө мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү талап кылынат.
Буга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүн алып салуу керек деп эсептейбиз. Тарыхый-маданий мурас маанисине ээ аймактарга өлгөндөрдү коюуга тыюу салууну караган 2-бөлүк Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин түзүмдүк элементтери менен каралсын.
Сунушталган Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган тартипти регламенттештирүүчү жоболор жок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына шилтеме жасалган ченемдер гана бар.
Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 3-бөлүмүндө адистешкен кызматтардын жана бул багыттагы үрп-адат уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте ишке ашырылаары көрсөтүлгөн. Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык Мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.
Шилтеме ченемдин мазмуну ошол шилтеме жасалып жаткан жана тике таасир этүүчү ченем али кабыл алына элек болгондуктан ошол убакыт аралыгында коомдук мамилелер жөнгө салынбоочу убакыт аралыгын пайда кыларын белгилеп кетүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 4-главасын төмөнкү мазмундагы берене менен толуктоону сунуш кылабыз: «Потология-анатомиялык жана органикалык операциялык калдыктар (органдар, ткандар ж.б.) иштин ушул түрү боюнча кызмат көрсөтүүчү жана медициналык калдыктар менен иштөөгө лицензиясы бар адистештирилген уюм менен түзүлгөн келишим боюнча атайын бөлүнгөн көрүстөндөргө коюлат», «Потология-анатомиялык жана органикалык операциялык калдыктарды ташуучу автоунааларды башка максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат».
Мыйзам долбоорунун расмий тилдеги текстинин 25-беренесинин l-бөлүгү «со дня» деген сөздөн кийин «официального» деген сөз менен толукталсын.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттен каржылоо маселеси да козголгон. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык диний ишенимдерге жараша калыптанган көрүстөндөрдү пайдалануу эрежелерин жана көрүстөн жыйымдары жөнүндө жоболорду таануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоболору менен жөнгө салынат.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин l-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдетине кирет.
Мыйзам долбоорунда сөөк коюу уюмдарына берилген аныктама боюнча сөөк коюу уюмдары - сөөк коюуну тейлөө кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттер. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун ушул Корутундуда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайык деп эсептейт.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ