Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 10-январы № 11
Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык
үй-интернатын кары-картандар жана майыптар
үчүн жалпы типтеги үй-интернатына
кайра профилдештирүү жөнүндө
Улгайган адамдардын социалдык жактан корголушун андан ары күчөтүү жана "Ардагер" Улуттук программаларынын негизги багыттарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернаты кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатындагы психоневрологиялык оорулуу аялдарды тиешелүү психоневрологиялык үй-интернатына которсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2002-жылдын бюджетинде кары-картаңдар жана майыптар үчүн Сокулуктагы кайра профилдештирген үй-интернатын бул максаттарга 2002-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине каралган каражаттардын чектеринде каржылоону карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Биринчи вице-премьер-министр | Н.Танаев |