Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 52
Сокулуктагы кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы
типтеги үй-интернатын Кыргыз Республикасынын Социалдык
өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна
кайра профилдештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону ылайыкташтыруу максатында “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 “2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө” токтомун эске алып жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулуктагы кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернаты Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна кайра профилдештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборунун уставын (мындан ары - Устав) бекитсин;
- юстиция органдарында Уставды мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборун каржылоону Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-январындагы № 11 “Сокулуктагы аялдардын психоневрологиялык үй-интернатын кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернатына кайра профилдештирүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |