Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 584 токтомуна 2-тиркеме |
1. Бул Жобо Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусунун мүмкүндүгүнө байланыштуу экономиканын өсүшүн камсыздоого багытталган мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын натыйжалуу интеграциясы боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо.
- Бажы союзуна мүчө-мамлекеттер жана Евразиялык экономикалык комиссия менен Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул маселе боюнча ишин координациялоону жүргүзүү.
5. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Евразиялык экономикалык комиссия менен сүйлөшүүлөрдү, кеңешмелерди, конференцияларды жана Евразиялык экономикалык мейкиндиктеги Кыргыз Республикасынын интеграциясы маселелери боюнча, анын ичинде тийиштүү чакыруу боюнча Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан өткөрүлгөн башка иш-чараларды жүргүзөт;
- негизги товардык позициялардын тизмеси боюнча Евразиялык экономикалык комиссия менен оптималдуу консенсуска жетишүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- экономиканы өнүктүрүү жана диверсификациялоо боюнча чараларды караштырган механизмдер жөнүндө, өнүктүрүү фондун же институтун түзүү жөнүндө, ошондой эле алдыдагы интеграцияны эске алуу менен улуттук бизнес-климатты жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык жана фискалдык саясатын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
- дүң базарлар аркылуу тышкы соода агымдарынын азайышынан улам келип чыккан жоготууларды минималдаштыруу жана алардын ордун толтуруу боюнча сунуштарды, ошондой эле алдыдагы интеграцияны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын кирешелердеги үлүшүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- материалдарды жалпылоону жана ар тараптуу талдоону жүргүзөт, ошондой эле Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси боюнча маалыматтык-аналитикалык документтерди даярдоону жүргүзөт;
- интеграциялык процесстерге Кыргыз Республикасынын андан ары катышуусу боюнча бирдиктүү сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
- Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси боюнча мамлекеттик жана башка органдар тарабынан иштелип чыккан сунуштамаларга жана сунуштарга ылайык чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
- өзүнүн чечимдеринин аткарылышын, ошондой эле кыргыз тарабынан жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Жумушчу тобунун протоколдорун жана биргелешкен документтерин мониторингдөөнү жүргүзөт.
6. Ведомстволор аралык комиссия коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ведомстволор аралык комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна кирген маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин зарыл учурда ишке тартууга;
- белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык комиссия менен өз ара аракеттенүүгө;
- жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
- Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө.
7. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде жайгашкан эксперттик-аналитикалык топ эсептелет, ал өз функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
1) Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Ведомстволор аралык комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
2) Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурат жана пландайт;
3) Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүү процессин координациялоо жана өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жагындагы маалыматтык-аналитикалык, уюштуруучулук-методикалык, документтик камсыздоону уюштурат;
4) Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу процессине байланышкан маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин зарыл учурда ишке тартат;
5) Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына кирген багыттар боюнча биргелешкен иш үчүн жумушчу топторун түзөт;
6) Ведомстволор аралык комиссиянын тапшырмаларынын жана чечимдеринин министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
7) Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.