Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-октябры № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомунун редакциясына ылайык)
Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүү процесси боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоонун деңгээлин жогорулатуу максатында, ошондой эле 2013-жылдын 31-майындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы Өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумдун шарттарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуланын он бешинчи абзацындагы "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткарууну жетекчиликке алып" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган токтомдун 2-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы 584 токтомуна 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |
Оторбаев Жоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Усупов Үсөн Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык комиссиядагы өкүлү, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын жетекчиси; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Таткулов Таалай Жумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Ибраев Келдибек Ибраевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы санитардык дарыгери; |
Асанов Сапарбек Жекшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Чаргынов Касым Самсонович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Күйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Назарбеков Марат Рысбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамбеталиев Искендер Султанович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Шыйкымбаев Саламат Капанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыбалы тегин Сүйөркул | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Байжуманов Жанбулат Байжуманович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору; |
Султанов Жаныбек Суранович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Киселева Римма Хаджимуратовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы соода жана ДСУ бөлүмүнүн башчысы; |
Шаршекеев Марат Дүйшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Өскөнбаева Гүлнара Тураровна | - | Бизнес-ассоциациялар улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Дүйшалиев Болот Камчыбекович | - | "Кыргыз-Россия экономикалык кеңеши" ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Пономарев Сергей Васильевич | - | Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар ассоциациясынын аткаруучу президенти (макулдашуу боюнча); |
Төлөгөнов Фархад Төлөгөнович | - | "Легпром жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Мамытбеков Эдил Калмакович | - | Кыргыз Республикасынын Суу өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).". |