Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 31-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдардан турак жай фондусунун турак үйлөрү менен квартараларын ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөр жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Турак жай фондунун турак үйлөрүн жана квартираларын сатууну ирээтке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Указына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдардан турак жай фондусунун турак үйлөрү менен квартираларын ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
"2. Чет өлкөлүк юридикалык жак деп төмөндө саналуучу белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак саналат:
а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
б) катталган жерине карабастан акциялардын контролдук пакетин кармоочу чет өлкөлүк жеке адам же юридикалык жак болсо бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке адамга же юридикалык жакка таандык болсо жана бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке адам же юридикалык жак жазуу жүзүндөгү контракт аркылуу контролдосо же башкарса, добуш берүү акцияларынын көпчүлүгүн сатууга укугу болсо, аткаруучу же көзөмөлдөөчү органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоого укуктуу болсо;
в) Кыргыз Республикасында катталган жана ушул пунктта көрсөтүлгөн чет өлкөлүк гражданга же юридикалык жакка таандык уставдык капиталдын кеминде 20%е ээ болгон;
г) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
д) эгерде уюштуруучулардын бири коммерциялык эмес уюм болсо чет өлкөлүк юридикалык жак же жеке адам болуп саналат.";
- 2-12-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 3-13-пункттар болуп эсептелсин;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында комиссия түзүлөт жана ал 5 адамдан турат. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын бирден өкүлдөрү кирет.";
- 5-пункттун бешинчи абзацындагы "ордун көрсөтүү" деген сөз "болгон же жашаган жерин" деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча берилет;
- 5-пункттун сегизинчи абзацы "паспорт" деген сөздөн кийин "же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген жашоочу жайы" (эгерде паспорту алыскы чет өлкөнүкү болсо, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн)";
- 5-пункт төмөнкүдөй маанидеги абзац менен толукталсын:
"КМШга катышкан мамлекеттердин туруктуу жашоо үчүн келген граждандарына акыркы турган жеринен чыккандыгы тууралу белгиси менен паспорттун көчүрмөсү тиркелет. Жашай турган жерге келүүчүлөргө (убактылуу жашоочу) - Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу каттоодон өтүү";
- 5-пункт 9-15-абзацтары тийиштүү түрдө 10-16 деп эсептелсин;
- 5-пункттун 15-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Арызга чет өлкөлүк юридикалык жактардын уюштуруу документтеринин жана катталуу күбөлүктөрүнүн ксерокөчүрмөлөрү (эгерде чет өлкөлүк юридикалык жак Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каттоодон өтүп, ал тууралуу уюштуруу документи жана күбөлүгү орус тилине которулуп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) тиркелет.
Премьер-министр | К.Бакиев |