Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-ноябры № 643
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 88- беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык, чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлктү сатып апуу жана ажыратуу тартибин жөнөкөйлөтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринин 225-пунктунун үчүнчү абзацындагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү алып салынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдардан турак жай фондусунун турак үйлөрү менен квартираларын ажыратуу боюнча комиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-июнундагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1 -пункту;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 200Т-жылдын 13-декабрындагы № 590 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 273 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 590 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому.
3. Убактылуу мыйзамдуу жөнгө салууга чейин «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган чек ара аймактарында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга кыймылсыз мүлктү ажыратуу токтотулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үч айлык мөөнөттө ушул
токтом дун 3-пунктунан келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |