Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-апрелиндеги N 247 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн Мамлекеттик фонду жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн мамлекттик фондунун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт (мындан ары - Фонд).
2. Фонд мамлекеттик мекеме болуп эсептелет жана өзүнүн иш-аракетинен пайда табууну көздөбөйт.
3. Фонд өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка укуктук нормативдик актыларына жана ушул Жобого таянат.
4. Фонд юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана кыргыз, орус тилдеринде өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында өзүнчө счеттору бар.
5. Фонддун карамагындагы мүлк Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана ушул Жободо каралгандай жалаң гана Фонддун максаттарын жана милдеттерин камсыздоого колдонулат.
6. Фонддун турган жери - Бишкек шаары, Чүй проспекти 265а.
II. Фондду түзүүнүн максаттары жана милдеттери
7. Фонд академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүгө багытталган каражаттарды топтоо үчүн түзүлдү.
8. Фонддун каражаттары төмөнкү иш-чараларды каржылоого багытталат:
- академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин Өнүктүрүүнү колдоого колдоо көрсөтүүгө;
- илимдин жана техниканын приоритеттүү жана жаңы багыттарынын өнүгүшүн камсыздоого, келечектүү илимий иштеп чыгууларды колдонууга киргизүүгө;
- чет өлкөлөрдө кадрларды даярдоону жана кайрадан даярдоону камтуу менен, илимдин жана техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программаларын аткарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун көздөгөн милдеттери:
- Фонддун максаттарына жетишүү үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларды каржылоого зарыл бюджеттен тышкаркы жана башка каражаттарды тартуу жана топтоо;
- Фондго тартылган финансылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу жана мониторинг жүргүзүү;
- Фонддун каражаттарын Толуктоочу потенциалдуу булактар - ата мекендик жана чет өлкөлүк мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар жана ишканалар менен кызматташттыкта болуу;
- коомчулуктун көңүлүн буруу жана потенциалдуу донорлорду издөө үчүн фонддун милдеттерин жана максаттарын пропагандалоо.
МБ эскертүүсү: Берилген жобонун 9-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 9-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
III. Фонддун полномочиеси
10. Фонд алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү укуктарга ээ:
- ушул Жобо менен аныкталган милдеттерди аткарууда чечим кабыл алат;
- Фонддун алдындагы милдеттерин иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл учурларда адистерди жана эксперттерди консультацияга чакырат;
- Фонддун алдындагы маселелерди чечүүгө байланыштуу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте басма ишин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында - тыюу салынбаган, Фонддун каражатын толуктоого багытталган иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Фонддун милдеттерин жана максаттарын ишке ашырууга зарыл, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болбогон иштердин башка түрлөрүн аткарат.
IV. Фонддун каражаттарын түзгөн булактар
11. Фонддун каражаттарын түзгөн булактар төмөнкүлөр болот:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эл аралык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, фонддордун, жеке адамдардын ыктыярдуу салымдары жана башка кошумчалары;
- гранттар жана чет өлкөлүк инвестициялар;
- Фонд тарабынан жүргүзүлгөн кайрымдуулук акцияларынан, лотереялардан, аукциондордон, марафондордон жана башка иш-чаралардан түшкөндөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген дагы башка түшкөн каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Фондду башкаруу
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиуму - Фонддун башкаруучу жогорку органы болот (мындан ары - Президиум).
13. Президиумдун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
а) Фонддун иш-аракетинин приоритеттүү багытын, каражаттардын түзүлүш принцибин жана анын мүлкүн колдонууну аныктайт;
б) Фонддун директорунун отчетун бекитет;
в) Фондду текшерүүнү дайындайт, анын натыйжасын бекитет;
г) өзгөртүп кайра уюштуруу маселесин чечет.
Президиум Фонддун иш-аракетине байланыштуу ар кандай маанилүү маселелерди өзүнүн кароосуна ала алат.
14. Директор Фонддун аткаруучу органы болуп саналат.
15. Фонддун директору Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиуму тарабынан дайындалат.
16. Директор:
- Фонддун практикалык ишин жетектейт, фонддун каражаттарын тейлейт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун Фонддун практикалык милдеттерине байланыштуу чечимдерин аткарат;
- Фонддун Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар жана мекемелер менен карым-катыш мамилелерин жөндөйт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун заседаниесине материалдарды жана отчетторду даярдайт;
- Фондго кызматкерлерди ишке алуу жана бошотуу боюнча маселелерди чечет;
- Фонддун кызматкерлери үчүн буйрук, приказдарды, нускамаларды жана башка актыларды чыгарат;
- өзүнө ыйгарылган укуктардын чегинде Фонддун мүлкүн тескейт;
- банктарда эсептешүү жана башка счетторду ачат жана өзүнө ыйгарылган укуктардын чегинде финансылык документтерге кол коюуга укуктуу;
- ишеним каттарды берет.
VI. Корутунду жоболор
17. Фонддун иш-аракети Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечими боюнча, ошондой эле башка учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте токтотулат.
18. Фонд жоюлган учурда бюджет жана анын башка кредиторлору менен болгон эсептешүүдөн кийин калган мүлкү жана акчалай каражаттары Президиум тарабынан Фонд жөнүндөгү Жободо каралган максатка жумшалат.
19. Фонддун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.