Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 490
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-апрелиндеги № 247 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүнө" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |