Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 590
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын ар жылдык максаттарын, милдеттерин жана пландарын түзүү стандартын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин стратегиялык пландаштыруу процессин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын ар жылдык максаттарын, милдеттерин жана пландарын түзүү стандарты (мындан ары - стандарт) бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар пландарынын ар жылдык долбоорлорун бекитилген стандартка ылайык даярдоону жүргүзүшсүн;
- 2013-жылдын 25-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын эске алып, 2014-жылга мамлекеттик органдын максаттарын жана индикаторлорун макулдашышсын жана 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын долбоору боюнча сунуштарды жиберишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы эксперттик-консультациялык топ менен биргеликте:
2014-жылга мамлекеттик органдар үчүн максаттарды жана индикаторлорду аныктасын;
2013-жылдын 16-декабрына чейинки мөөнөттө 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын долбоорун бекитилген стандартка ылайык жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору менен бирге 2014-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасынын 1-тиркемесинин долбоорун бекитилген стандартка ылайык даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылдын ичинде мамлекеттик органдардын программалык бюджеттөө принциптерине өтүүсүн караштырган, методикалык инструменттерди жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 590 токтомуна тиркеме |
1. Бул стандарт ар жылдык максаттарды, милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын формалдаштыруунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт. Бул төмөнкүлөргө бир беткейлүүлүктү киргизүүгө мүмкүндүк берет:
- алардын формулировкаларын түшүнүүгө;
- иштин акыркы натыйжаларына баа берүү критерийлерин аныктоого;
- аларды аткаруу боюнча бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин арасында жекече бөлүштүрүүгө;
- аларга жетишүүнүн же ишке ашыруунун мөөнөттөрүн аныктоого.
2. Максат - бул мамлекеттик органдын жылдын аягындагы, милдет - жыл ичиндеги ишинин так жана акыркы багыты. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги үчүн:
- максаты - "2014-жылы айыл чарба ИДПсын 3% көбөйтүү";
- милдети - "2014-жылдын февралынын аягына чейин айыл чарбасын жазгы талаа иштерине өз убагында жана толук даярдоону камсыз кылуу" болушу мүмкүн.
Иш-чара - максаттарга жана милдеттерге жетишүүдө мамлекеттик органдын белгилүү бир салым кошуу боюнча бир жолку иш аракети.
3. Максаттарды, милдеттерди жана иш-чараларды формулировкалоо төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: этиш + иштин түрү + институттук чектөөлөр + мейкиндик чектөөлөрү + багыт.
1-кыстырма Ар бир компоненттин арналышы: Этиш - максаттуу активдүүлүктү ачып берет, ошондуктан бекитүүчү формага ээ болот: көбөйтсүн, иштеп чыксын, жетишсин ж.б. Иштин түрү - өнүгүү чөйрөсү, анын алкагында максат/милдет/иш-чара аныкталат: мамлекеттик башкаруу, региондук өнүгүү, экономика тармагы, социалдык чөйрө, коопсуздук ж.б. Институттук чектөөлөр - бул максат/милдет/иш-чара башкаруунун кайсы субъектке керек экендигин көрсөтөт: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, министрликке, агенттикке, жергиликтүү мамлекеттик админист- рацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ж.б. Мейкиндик чектөөлөрү - максат/милдет/иш-чара администрациялык ай- мактык бирдиктин деңгээлинин чегин көрсөтөт: район, облус, республика. Багыт - максат/милдет/иш-чара эмнеге багытталгандыгын көрсөтөт: ИДП, калктын ишеними, ишкерлерди каттоодогу тоскоолдуктар, калктын сапаттуу саламаттык сактоо кызматтарын алуусу, жылуулук сезонуна да- ярдык, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугу ж.б. |
Максатты стандарттуу формулировкалоо мисалы: Кыргыз Республикасынын (мейкиндик чектөөсү) Өкмөтүнүн (институттук чектөө) стратегиялык пландоосун (иштин түрү) натыйжа боюнча башкаруу принциптерине (багыт) өткөрүлсүн (этиш).
4. Бардык максаттар жана милдеттер төмөнкү атрибуттарга ээ болууга тийиш:
- аларды ченөө боюнча индикаторлор;
- аларга жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин арасындагы жекече жооптуу аткаруучулар;
- аларга жетүү боюнча мөөнөттөр, алардын формулировкасы натыйжа алуунун конкреттүү датасын көрсөтүүгө тийиш жана төмөнкү формат боюнча аныкталган: №№ (күнү).ММ(айы).КК(жылы) чейин.
Мисал: 31.05.14-чейин.
1-таблицада мындай атрибуттардын мисалы келтирилет.
Таблица 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттарынын жана милдеттеринин атрибуттарынын мисалы | ||||
№ | Максаттар/милдеттер | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык пландаштыруусун натыйжа боюнча башкаруу принциптерине өткөрүү | Ар бир мамлекеттик органга бекитилип берилген максаттардын ар жылдык саны; ар бир мамлекеттик органга жыл сайын бекитилип берилген пландын иш-чараларынын саны | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр | 28.02.14-жылга чейин |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык пландаштыруусун натыйжа боюнча башкаруу принциптерине өткөрүү | Ар бир мамлекеттик органга бекитилип берилген максаттарга жетишүүнүн даражасы. Ар бир мамлекеттик органга бекитилип берилген, 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планынын бардык аткарылган иш-чараларынын салыштырмалуу салмагы | Аткаруу бийлиги органдарынын бардык жекече жоопкерчиликтүү жетекчилери | Отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ай сайын |
5. Бардык индикаторлор төмөнкү атрибуттарга ээ болууга тийиш:
- индикаторду ченөө булагы;
- индикаторду ченөөнүн мезгилдүүлүгү;
- өткөн жылдар үчүн индикатордун иш жүзүндөгү мааниси;
- пландалган мезгилге карай индикатордун болжолдуу мааниси.
Индикатордун атрибуттарынын мисалы (шарттуу) 2-таблицада көрсөтүлгөн.
2-таблица. Максатты ченөө индикаторунун атрибуттарынын мисалы | |||||||
№ | Индикатор | Индикаторду ченөө булагы | Индикаторду ченөөнүн мезгилдүүлүгү | Индикатордун иш жүзүндөгү мааниси | Индикатордун болжолдуу мааниси | ||
2011-жыл | 2012-жыл | 2013-жыл | 2014-жыл | ||||
1 | Айыл чарбасынын ИДПсынын өсүшү | Улутстатком | Ай сайын | 0 | -5% | -3% | 3% |
6. Иш-чаралардын атрибуттары максаттардын жана милдеттердики сыяктуу эле, болгону төмөнкүнү эске албаганда гана:
- индикаторлордун ордуна күтүлгөн натыйжалар көрсөтүлүүгө тийиш;
- жооптуу аткаруучулар катары жекече жоопкерчиликтүү жетекчилердин ордуна алар башкарган мамлекеттик органдар көрсөтүлүүгө тийиш.
2-кыстырма. Күтүлгөн натыйжа - пландалган өзгөрүүлөрдүн сыпаттамасы, аларды ишке ашыруу иш-чаралардын аткарылгандыгы жана максатка жетишүүдөгү анын кошкон салымын баалоо жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет. |
3-таблицада мындай атрибуттардын конкреттүү мисалы келтирилет.
3-таблица. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планынын иш-чараларынын атрибуттарынын мисалы | ||||
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр |
1 | ИИМди реформалоо концепциясынын долбоорлорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Калктын милицияга ишенимин калыбына келтирүү | Ички иштер министрлиги | 1.03.14-жылга чейин |
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планынын бардык иш-чаралары алардын атрибуттарына ылайык тиешелүү максаттарга жана милдеттерге топтоштурулууга жана баш ийдирилүүгө тийиш. Анын конкреттүү мисалы 4-таблицада көрсөтүлгөн.
4-таблица. Иш-чараларды максаттары жана милдеттери боюнча топтоштуруунун мисалы | ||||
№ | Максаттар/милдеттер | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр |
1 | Аткаруу бийлиги органдарын алардын ишине калктын ишенимин жогорулатууга, өзгөртүүгө багыттоо | Ар бир мамлекеттик органга калктын ишениминин индекси | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр | Отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин, квартал сайын |
5-таблица. Иш-чараларды максаттар жана милдеттер боюнча топтоштуруунун мисалы | ||||
№ | Иш-чара | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр |
1.1 | ИИМди реформалоо концепциясынын долбоорлорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин | Калктын милицияга болгон ишенимин калыбына келтирүү | ИИМ | 1.03.14-жылга чейин |
1.2 | Мамлекеттик органдар көрсөткөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү | Сапат стандарттары киргизилген, бекитилген реестрдин ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн салыштырмалуу салмагын жогорулатуу | ЭМ | 1.03.14-жылга чейин |
1.3 | "Интел Линкс" ЖЧКсынан жекелештирүү функцияларын Жекелештирүүнүн мамлекеттик борборуна которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору киргизилсин | Паспортторду даярдоо боюнча функцияларды мамлекеттик деңгээлге өткөрүү | МКК | 1.03.14-жылга чейин |
1.4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин өркүндөтүү | ЭМ | 1.03.14-жылга чейин |
1.5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2012-жыл үчүн ишинин натыйжалуулугуна баа берүү жүргүзүлсүн | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугунун рейтинги | ЭМ | Отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин, квартал сайын |
1.6 | 2017-жылга карай Кыргызстандын "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингинин мыкты көрсөткүчтүү отуз өлкөсүнүн катарына кириши үчүн бизнес чөйрөнү жакшыртуунун олуттуу темптерине жетишсин | Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" изилдөөсүнүн чегиндеги өлкөлөрдүн рейтингин жакшыртуу. Бул рейтингдин жыйынтыгы боюнча 2013-жылы Кыргызстан 181 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеген | ЭМ | 31.12.14-жылга чейин |