Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21, 2006-жылдын 11-августундагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө" 2002-жылдын 24-январындагы Указына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Жобо персонификациялаштырылган документтердин Мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана тейлөөнүн негизги принциптерин белгилейт.
1.3. Бул Жободо төмөнкүдөй атайын терминдер жана аныктамалар колдонулат:
персонификациялаштырылган документ - документтин ээси тууралуу юридикалык, граждандык, квалификациялык, кызматтык жана башка маалыматтарды чагылдыруучу документтер. Маалымат даярдоочу ишкана менен макулдашылган форматта электрондук жана кагаз жүзүндө жайгаштырылып, персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрине сактоого жана тейлөөгө өткөрүлүп берилет;
мамлекеттик персонификациялаштырылган документ - мамлекеттин атынан жана анын гарантиясы менен ээсине тапшырылган персонификациялаштырылган документ;
персонификациялаштырылган документтеринин мамлекеттик реестри бул колдонууга чыгарылган мамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган документтердин мазмунун чагылдыруучу бирдиктүү системадагы маалыматтар топтомунун жазуулары. Реестр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- персонификациялаштырылган документтер жөнүндө маалыматты борбордоштурулуп чогултуу, сактоо жана аналитикалык жактан тейлөөгө арналган уюштуруу-техникалык жана программалык-маалыматтык каражаттардын системасын;
- электрондук турүндө персонификациялаштырылган документтердин мазмуну жөнүндө толук чагылдырылган маалыматты;
- корректура - документтин мазмунун жана башка белгилерин толук кайталаган, бирок жөнөкөй кагазга даярдалып, нускасын басмага даярдоо стадиясында анын мазмунун текшерүүгө арналган персонификациядаштырылган документтин кайталанма үлгүсү;
- нуска баракчасы - даярдоочу ишканадан персонификациялаштырылган документтердин ар бир тизмесин камтыган жана арыз берүүчү тарабынан тастыкталган, товардык-транспорттук накладнойго чечмелөө.
2. Персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү тартиби
2.1. Реестр даярдоочу ишканадан келген нуска баракчалары менен персонификациялаштырылган документтердин мазмуну жөнүндө электрондук маалыматтарды дайыма чогултуу, кызматтык классификациялоо жана салыштырып текшерүү аркылуу мамлекеттик документтердин Тизмесинин базасында түзүлөт.
Документтердин ээлери тууралуу башка маалыматтарды персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрине өткөрүп берүү.
2.2. Маалыматтарды кызматтык классификациялоо төмөнкүдөй параметрлер боюнча жүргүзүлөт:
- мамлекеттик документтердин Тизмесиндеги код;
- персонификациялаштырылган документтер колдонууга чыгарылган жыл;
- нускалоо заказдарынын номери;
- арыз ээлеринин ведомстволук таандуулугу.
Персонификациялаштырылган документтерди классификациялоонун негизгиси жеке адамдар үчүн мамлекеттик идентификациялык номер (ГИН) жана юридикалык жактар үчүн статикалык бирдиктердин Бирдей мамлекеттик регистринде уникалдуу идентификациялык код (ОКПО) болуп эсептелет.
Мамлекеттик идентификациялык номер - бул ошол топтогу жарандын туулаган датасы, жынысы, катар номери жөнүндө маалыматты камтуучу он жети разряддуу сандык код, Мамлекеттик реестрдин контролдук саны жана кызматтык маалыматы (тиркеме).
Бул Жобо туулгандыгы тууралуу персонификациялаштырылган күбөлүк колдонууга чыгарылган учурдан тартып Мамлекеттик реестр тарабынан жеке адамдарга ГИН ыйгарууну карайт. Туулгандыгы тууралуу персонификациялаштырылган күбөлүктө документтин реквизиттери менен катар ушул Жободо каралган эреже боюнча түзүлгөн ГИН визуалдуу жана штрихтик код коюлган каражаттар менен жазылат. Кыргыз Республикасынын бардык кийинки персонификациялаштырылган документтеринде төрөлгөн учурда аларга ыйгарылган мамлекеттик идентификациялык номер камтылууга тийиш.
Персонификациялаштырылган документтердин мамлекеттик реестрин идентификациялык номер менен толуктоо төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
1. Мамлекеттик - идентификациялык номери бар персонификациялаштырылган документ алуучулар үчүн номер арыз ээсине даярдоочу ишкана тарабынан билдирилет жана персонификациялаштырылган документтин мазмунун түзүүчү катары жазылат.
2. Мамлекеттик идентификациялык номери жок персонификациялаштырылган документ ээлери үчүн аны алган учурда Мамлекеттик реестрде Мамлекеттик салык инспекциясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Соцфонду тарабынан ыйгарылуучу жекече идентификациялык номери эске алынат, ал Мамлекеттик реестрдеги документтер менен салыштыруу жүргүзгөн уюмдар тарабынан билдирилет. Идентификациялык (камсыздандыруу) номери персонификациялаштырылган документке жазылбайт жана Мамреестрдин электрондук форматтарында гана колдонулат.
Юридикалык жактын идентификациялык коду - бул ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин курамындагы 8 сандык белгиден (ОКПО) турган жалпы идентификациялык коду, ал ар бир чарбакер субъектиге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика органдары тарабынан "Мамлекеттик статистика жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ыйгарылат жана ар түрдүү колдонуучулар тарабынан маалыматты иштеп чыгууда пайдаланылат.
Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистрин киргизүү мамлекеттик каттоо органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте мамлекеттик статистика органдары тарабынан чарбалык субъекттерди эсепке алууда ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Мамлекеттик реестрге маалымат берүү мөөнөттөрү жана тартиби, маалыматтарды оңдоо регламенти тендердик торук шарттарында чагылдырылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосу тарабынан атайын билдирүү аркылуу даярдоочу ишканага жеткирилет.
2.4. Мамлекеттик реестрде маалыматты сактоо мөөнөтү, мөөнөт бүткөндөн кийин электрондук архивдештирүү тартиби жана архивдерди сактоо орду (же болбосо маалыматтарды) Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтер жана административдик ведомстволор менен макулдашылган кызматтык көрсөтмөлөр менен белгиленет.
2.5. Маалыматтын тууралыгы (колдонууга чыгарылган персонификациялаштырылган документтер мамлекеттик персонификациялаштырган документтердин үлгүлөрүнө дал келиши), өз учурунда берилиши, маалыматтардын толуктугу жана коштомо документтерди толтуруунун тууралыгы үчүн даярдоочу ишкана жоопкерчилик тартат.
2.6. Документтеги маалыматтын мамлекет тарабынан белгиленген үлгүгө ылайык келиши жана толук чагылдырылышы үчүн арыз берүүчү уюм жооп берет.
2.7. Мамлекеттик реестрде камтыган маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголот.
3. Персонификациялаштырылган документтердин Мамлекеттик реестрин тейлөө тартиби
3.1. Персонификациялаштырылган документтердин Мамлекеттик реестрин тейлөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- документтер жөнүндө маалыматтардын сакталышын камсыз кылууну;
- маалыматтарды дайыма жаңылап жана толуктап турууну;
- документтердин түп нускасын оперативдүү текшерүүнү камсыз кылууну;
- тармактык жана атайын ведомстволорго аналитикалык мүнөздөгү кызматтык маалыматтарды даярдоону жана берүүнү.
3.2. Документтер жөнүндө маалыматтардын сакталышы атайын техникалык каражаттар жана маалыматтык технологиялар, ошондой эле Мамлекеттик реестрин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосунун режимдик иш регламенти менен камсыз кылынат.
3.3. Маалыматты жаңылап туруу архивдик актуалдуу абалда кармоого багытталган. Маалыматты жаңылоо персонификацияланган документтеги маалыматтарды өзгөртүү же болбосо персонификациялаштырылган документ жөнүндө маалыматтарды реестрден алып салуу аркылуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик реестрдеги маалыматтарды оңдой турган типтүү кырдаал төмөнкүлөр болуп саналат:
- маалыматты даярдоочу ишканага берүүдө жана аны түзүүдө кетирилген каталардан улам документтердеги маалыматтарды оңдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда документ ээсинин фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү;
- баштапкы чыгарылган документти жоготуу жана дубликат даярдоо;
- документ ээсинин граждандуулугун өзгөртүү;
- ар кандай ведомстволук таандуулуктагы документтердин колдонулуш өзгөчөлүгүнөн келип чыгуучу башка өзгөртүүлөр.
Мамлекеттик реестрден маалыматтарды алып салуучу типтүү кырдаалдар төмөнкүлөр:
- документ жөнүндө маалыматта сактоонун нормативдик мөөнөтүнүн бүтүшү;
- документти жараксыз деп табуу жөнүндө компетенттүү органдардын чечими;
- колдонууга чыгарылбаган персонификациялык документтерди жок кылуу жөнүндө арыз ээсинин билдирүүсү.
Маалыматтарды тодуктоо колдонуудагы персонификациялык документтерди чыгаруу процессинде ишке ашырылат. Арыз ээсине берилген документтер жөнүндө маалымат даярдоочу ишканадан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосуна тендердик торуктардын шарттарында каралган мөөнөттөрдө келип түшөт. Маалымат колдонууга документтерди чыгарууга жооптуу арыз берүүчү уюмдун билдирүүсү боюнча Мамлекеттик реестрде жайгаштырылат.
Мамлекеттик реестрге колдонууга чыгарылган персонификациялаштырылган документтер жөнүндө маалымат өз учурунда берилбей калса, ал жараксыз деп эсептелет жана аны Мамлекеттик реестрге жайгаштырууга тыйу салынат.
Даярдоочу ишкана Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосуна белгиленген электрондук форматта персонификациялаштырылган документтердин нускасы жөнүндө толук маалымат берет, ал эки тараптуу тартипте алуучунун номерлерин, серияларын жана фамилиясын көрсөтүү менен документтердин толук тизмесин камтуучу нуска баракчалары күбөлөндүрүлүшү керек. Нуска баракчаларында, ошондой эле даярдоочудан арыз берүүчүгө документтерди берүүнүн коштомо товардык накладнойлорунун жана ишеним каттарынын толук реквизити көрсөтүлөт. Нуска баракчалары реестр боюнча берилет. Документтердин мазмуну тууралуу маалыматты байланыштын электрондук каналдары аркылуу берүүгө жол берилбейт.
3.4. Документтердин түп нускасын оперативдүү текшерүүнү камсыз кылуу төмөнкүдөй үч режимде жүргүзүлөт:
биринчи режимде Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө ишканаларды, уюмдарды, министрликтерди, административдик ведомстволорду, иш берүүчүлөрдү расмий суроо-талаптарды протоколго түшүрүү аркылуу тейлөөгө багытталган. Эгерде документ Мамлекеттик реестрде турса, анда протокол анын түп нускалуулугун ырастайт жана суроо-талап кылган жакка байланыштын электрондук каналдары, жазуу жүзүндө билдирүү жиберилет. Кошумча экспертизаны талап кылуучу документтер боюнча аны сураган тараптан кылдаттык менен изилдеп чыгуу үчүн анын көчүрмөсү талап кылынышы же документтин өзү акты боюнча алынышы мүмкүн. Суралуучу документтин мазмунун арыз ээсинин документалдык архиви менен утурлама салыштырып текшерүүгө жол берилет. Документти алып коюу жана ага экспертиза жүргүзүү компетенттүү ведомстволордун адистери тарабынан ишке ашырылат;
экинчи режим INTERNET түйүнүндөгү атайын сервер аркылуу документтин реквизиттерин билдирүүчү жашыруун абонентти тейлөөгө багытталган. Экинчи режимде Мамлекеттик реестрде камтылган документтер боюнча злектрондук отклик гана түзүлөт. Реестрдин маалыматтары менен суроо-талап кылынган маалыматтын ортосунда айырмачылыктар келип чыкса, абонент биринчи режимде иштөө үчүн электрондук чакыруу алат.
Экинчи режимде электрондук суроо-талаптарды тейлөө менен катар Мамлекеттик реестрдин кызматчысы колдонуудан алып салынган жана жоголгон документтердин тизмелерин жарыялайт, коргоонун активдүү каражаттарынын квалификациялык сүрөттөлүшүн жана жасалма жана жалган документтерди колдонуу чөйрөсүндө тазалоо жүргүзүүгө көмөктөшүүчү башка маалыматтарды берет.
үчүнчү режим атайын ведомстволорду жана калкты "иш кайнаган линия" режиминде тейлейт. Үчүнчү режимдин техникалык коштомосу телефон тармагында кардарларды күнү-түнү көп каналдуу тейлөөнү карайт. Үчүнчү режим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен персонификациялаштырылган документтердин чектелген тизмесине карата колдонулат.
3.5. Колдонуудагы мамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган документтердин Реестрин түзүүгө жана тейлөөгө чыгымдар персонификациялаштырылган документтерди даярдоо наркына кирет жана тендердик торуктардык убагында белгиленет.
3.6. Тармактык ведомстволор үчүн аналитикалык мүнөздөгү маалыматтарды даярдоо аны сураган уюмдардын каттары боюнча жүргүзүлөт. Маалыматтарды берүү жана жиберүү Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Адпаратынын документтик камсыздоо жана аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн биринчи секторунун уруксаты жана контролдугу менен атайын байланыш каналдары аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестринин даярдоочу ишканалар, арыз берүүчүлөр, реестрлерди тармактык жана ведомстволук кармоочулар жана аналитикалык мүнөздөгү кызматтык маалыматтарды пайдалануучулар менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосу менен эки тараптуу келишимде аныкталат.
Тиркеме
-----------------------------------------------------------------------
| П | Д | Д | М | М | Г | Г | Г | Г | Н | Н | Н | Н | К | С | С | С |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|-----|
| 1 | 1 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10| 11| 12| 13| 14| 15| 16| 17 |
-----------------------------------------------------------------------
П - жынысы;
ДД - туулган күнү;
ММ - туулган айы;
ГГГГ - туулган жылы;
НННН - аталган топтогу жарандын иреттик номери;
К - контролдук сан;
ССС - Мамреестрдин кызматтык маалыматы.
Бардыгы: 17 позиция