Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ш., ӨКМӨТ ҮЙҮ 2002-жылдын 29-майы № 350
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-сентябрындагы № 576, 2004-жылдын 16-январындагы № 21, 2008-жылдын 4-октябры № 564, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө" 2002-жылдын 24-январындагы Указын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобо; - Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын (базалык) тизмеси. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги: - персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана тейлөөдө бекитилген Жобону жетекчиликке алсын; - мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын ушул токтом менен бекитилген базалык тизмесине зарыл болгон учурда толуктоо киргизүү укугу берилсин; - үч айлык мөөнөттө Мамлекеттик реестрди тейлеген подразделениенин иш регламентин бекитсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21, 2008-жылдын 4-октябры № 564, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка мамлекеттик мекемелер жана уюмдар 2010-жылдын 1-январына чейин каражат издеп табууга жараша мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоонун персонификациялаштырылган технологиясына өтүүнү ишке ашырышсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-сентябрындагы № 576, 2008-жылдын 4-октябры № 564 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-октябры № 564 токтомунун редакциясына ылайык)
|