Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 83/41/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 21-июну № 396
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
ортосундагы финансылык мамилелерди
жөнгө салуу жөнүндө
Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча программаны (ПРГФ) аткаруунун жарым жылдык обзору боюнча Эл аралык Валюталык Фонддун Аткаруу Кеңешинин заседаниесине өз учурунда даярдык көрүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2002-жылдын 13-июнунда кабыл алынган экономикалык саясат жөнүндө Кошумча Меморандумдун алдын ала шарттарын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы өз ара финансылык милдеттенмелерге байланыштуу проблемаларды чечүү боюнча материалдарды жана сунуштарды карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат боюнча кеңешинин 2002-жылдын 20-июнундагы № 4 протоколдук чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Башкы Макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Б.Е.Абилдаевге ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2002-жылдын 10-сентябрына чейин "Жибек-Жолу" акционердик коомун реабилитациялоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын.
4. "Жибек-Жолу" акционердик коомунун акцияларынын 50 пайызын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгиленген тартиите өткөрүп берсин, ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карыздарын оң проценттик ставкалар менен мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарга төмөнкүлөр боюнча кайра тариздесин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кредит боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамлекеттик Реструктуралаштыруу Займынын Облигациясына (МРЗО) кайрадан таризделген 1.285.997.676,0 (бир миллиард эки жүз сексен беш миллион тогуз жүз токсон жети миң алты жүз жетимиш алты) сом 0 тыйын өлчөмүндөгү карызынын калдыгын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыначылык милдеттенме боюнча Sta№d-by жана SТF Макулдашууларга карата сатып алуулар бөлүгүндөгү ДВФнын баалуу кагаздарынын курстук айырмачылыгын жабуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасына 1.226.168.826,48 (бир миллиард эки жүз жыйырма алты миллион бир жүз алтымыш сегиз миң сегиз жүз жыйырма алты) сом 48 тыйын өлчөмүндөгү карызын;
- "ba№k" сериясындагы Казыначылык милдеттенме жана Реструктуралаштырылган казыначылык милдеттенмелер (РКМ) боюнча 76.028.154,21 (жетимиш алты миллион жыйырма сегиз миң бир жүз элүү төрт) сом 21 тыйын жалпы суммасындагы мөөнөтү өтүп кеткен карызын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Борбордук Азия кызматташтык жана өнүктүрүү банкынын уставдык капиталына киргизилген каражаттары боюнча 2002-жылдын 1-июнуна карата АКШнын 1 доллары үчүн 47.7994 сом болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу курсу боюнча эсептелген 3.000.000,0 (үч миллион) АКШ доллары 0 цент суммасына эквиваленттүү 143.398.200,0 (бир жүз кырк үч миллион үч жүз токсон сегиз миң эки жүз) сом 0 тыйын өлчөмүндөгү карызын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жибек-Жолу" акционердик коому үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гарантиялаган кредитгик линия боюнча 2002-жылдын 1-июнуна карата АКШнын 1 доллары үчүн 47.7994 сом болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу курсу боюнча эсептелген 23.431.064,99 (жыйырма үч миллион төрт жүз отуз бир миң алтымыш төрт) АКШ доллары 99 цент суммасына эквиваленттүү 1.119.990.847,88 (бир миллиард бир жүз он тогуз миллион тогуз жүз токсон миң сегиз жүз кырк жети) сом 88 тыйын өлчөмүндөгү карызын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын кредиттери боюнча Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствого (ДЕБРА) карата берилген 1.970.473, 90 (бир миллион тогуз жүз жетимиш миң төрт жүз жетимиш үч) АКШ доллары 90 цент өлчөмүндө жана Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосуна (ДЕБРА) караштуу Турак-жай социалдык өнүктүрүүнү кредиттөө фондуна карата 34.815.160, 0 (отуз төрт миллион сегиз жүз он беш миң бир жүз алтымыш) сом 0 тыйын өлчөмүндө талабын кайра сурап алсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ушул маселелер боюнча кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларына инвентаризация жүргүзсүн жана белгиленген тартипте чечимдин тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
У.Сарбанов |