Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 83/41/5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым
чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын төлөө боюнча өз милдеттенмелерин толук аткаргандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № 396 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 20-декабрындагы № 865 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Башкы макулдашуусуна Кошумча макулдашуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-августундагы № 493/35/9 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 12-июнундагы № 396 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен жактырылган, 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө башкы макулдашууга карата кошумча макулдашуунун долбоору тууралуу” токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
З.М.Асанкожоева |