Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 594
Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626, 2015-жылдын 20-ноябры № 795 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Камсыздандырылган адамдарга пенсияларды өз убагында жана толук көлөмдө төлөө максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген, пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо республикалык бюджетке которулсун:
- 2014-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 90 пайызы;
- 2015-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 95 пайызы;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып жана кийинки жылдарда - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 100 пайызы.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 626, 2015-жылдын 20-ноябры № 795 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна акча каражаттарын бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө бөлүүнү камсыздасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |