Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТYНYН
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 626
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 594 "Пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- 2015-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 95 пайызы;";
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- 2016-жылдын 1-январынан тартып жана кийинки жылдарда - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жылдык муктаждыгынын 100 пайызы.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |