КР Өкмөтүнүн
2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 8-августу № 538
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жер участокторун тоорукта менчикке
же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө
типтүү жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29 - статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартиби
жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2. Мындан ары жер участкаларын менчикке же ижарага берүү Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына ылайык Бекер берүү жөнүндө
жободо түздөн түз каралгандан башка учурларда ачык тооруктарда ушул
Типтүү жобонун талаптарын так сактоо менен бардык ыйгарым укуктуу ор-
гандар тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жер участкаларын менчикке же
ижарага берүүдө жерлерди пайдаланууга жана коргоого, жер мыйзамдарын
сактоого мамлекеттик контролду күчөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Н.Танаев