Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 20-августу № 568
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтому менен өзгөртүүлөр жана толутоолор расмий тилинде киргизилген
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, алардын Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ар тараптуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси. Эскертүү: Ушул токтом менен бекитилген тизме расмий редакцияда берилген 2. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 30-декабрындагы № 708 "СССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 16-сентябрындагы № 865 "Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
|