Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 543
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун расмий тилдеги аталышы "реставрации" деген сөздөн кийин "и использовании" деген сөздөр менен толукталсын;"
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жободо:
- 1.3-пунктунун биринчи абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдоого, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган кызмат адамдарын, ишканаларды, мекемелерди, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 1.10-пункт менен толукталсын:
"1.10. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болгон жарандар жана юридикалык жактар тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык талаптарды милдеттүү түрдө аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү.".
- 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Тизме Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттеринин аталышы, жайгашкан жери, коюлган датасы, иликтенүү деңгээли, абалы, өлчөмдөрү, менчик түрү, аймактык чек арасы жөнүндө, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрү тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум түрүндө болот.";
- 2.4-пунктта:
биринчи-үчүнчү абзацтарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "экспертиза" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган максаттарга ылайык жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Төмөнкүлөр тарыхый-маданий экспертиза объекттери болуп саналат:
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин белгилерине ээ болгон объекттер;
- чарбалык өздөштүрүлүүгө тийиш болгон жер участоктору;
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына, өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объекттерине же болбосо дүйнөлүк маданий жана табигый мурас объекттерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар.";
- 2.9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Тизмеге киргизилген тарыхый-маданий мурас объектисинин менчик ээсине эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан тарыхый-маданий мурас объектисинин паспорту (мындан ары - паспорт) берилет.
Паспортко бул тарыхый-маданий мурас объектисин коргоонун предметин түзгөн маалыматтар (түрү, аймагынын чек араларынын баяндамасы, объекттин фотографиялык сүрөтү; объекттин менчик ээси, объектти пайдалануучу, жер участогунун ээси жана жер участогун пайдалануучу жөнүндө, ошондой эле чектеринде тарыхый-маданий мурас объекти жайгашкан жер участогун пайдалануунун укуктук режими жөнүндө маалыматтар) киргизилет.
Паспорт жөнүндө жобо (анын баяндамасы, тариздөө жана берүү тартиби) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттери же чектеринде археологиялык объекттер жайгашкан же суу объекттери менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда паспорт кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү тартипте берилүүчү документтердин бири болуп саналат.".
- 3.1-пункту "сакталышын" деген сөздөн кийин "тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.24-пунктта:
экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Ошондой эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга отчет тапшырылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык курулуш, жол жумуштарынын бардык түрлөрүн же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү, суу басып калууга же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү плотиналарды курууну жүргүзүүчү уюмдар инженердик-изилдөө иштеринин стадиясында ажыратылган аймакта тарыхый жана маданий эстеликтердин болушун же жок экендигин аныктаган археологиялык текшерүү жөнүндө корутунду алууга милдеттүү.
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык белгиленген тартипте археологиялык текшерүү жөнүндө корутунду курулуш уюмдарынын же жердин менчик ээлеринин эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы же башка илимий-изилдөө уюмдары тарабынан аткарылат.
Бул жумуштардын жүрүшүндө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына коркунуч пайда болсо же болбосо аларды коргоо эрежелери бузулган учурда чарбалык жумуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.".
- төмөнкүдөй мазмундагы 6.5-пункт менен толукталсын:
"6.5. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү өзгөчө учурларда - тарыхый, илимий, көркөм, шаар куруу же башка коомдук өзгөчө баалуулук болгондо реставрациялык методдор менен жүзөгө ашырылат. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим кызыкдар адамдардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен тарыхый-маданий экспертизанын корутундусунун негизинде, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |