Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 12-сентябры N 624
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы N 94 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу, акциялардын мамлекеттик пакетин башкарууда мамлекеттин таламдарын көрсөтүүнү камсыз кылуу жана чарбалык өнөктөштүктөрдүн жана коомдордун мамлекетке таандык акцияларын (уставдык капиталындагы үлүштөрүн) менчиктештирүүдө андан ары сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу методун пайдалануу боюнча шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы N 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы N 276 "Акционердик жана башка келишимдик коомдордо акциялардын мамлекеттик пакетин башкаруу укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жана мамлекеттик ишканаларды менеджерлик башкарууга берүү жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестиция жана региондук өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н.Танаев
|