Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы №94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-сентябрындагы №584 "Акциялары (акцияларынын бир бөлүгү) мамлекеттик менчикке бекитилген акционердик коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүнү камсыз кылуу жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы, 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-октябрындагы №628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы №624 "Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №518 "Акциялары (акцияларынын бир бөлүгү) мамлекеттик менчикке бекитилген акционердик коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-сентябрындагы № 584 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 1.1-пунктчасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы №368 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |