Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылыш ХХXVI сессиясы
2021-жылдын 11-февралы № 36/1
Көтөрмө айыл аймагынын Кара-Шоро айылына жаны шайлоо участкасын ачуу жөнүндө
Көтөрмө айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын жашоочуларынын 10.02.2021-жылдагы айылга жаны шайлоо участкасын ачып берүү жөнүндөгү №1-протоколуна негиз күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын жашоочуларынын 10.02.2021-жылдагы айылга жаны шайлоо участкасын ачып берүү жөнүндөгү №1-протоколуна негиз айылдын жашоочуларынын укуктарынын аткарылышы боюнча талаптарын аткаруу жана айылдын Өзбекстандын Шохимардан анклавы аркылуу өтүүдөгү кыйынчылыктарын жана айыл добуш берүүчү № 8125 Кескен-Таш шайлоо участкасынан 37 км.алыстыкта тургандыгын эске алуу менен Кара-Шоро айылына жаны шайлоо участкасын ачууга уруксат берилсин.
2. Көтөрмө айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын чек аралары аныкталган схемасы кайрадан каралып чыгылсын.(№1-тиркеме)
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Эгембердиевге тапшырылсын.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Айтмат уулу Акжол |
Көтөрмө айылдык кеңешинин 11.02.2021-жылдагы
№36/1 токтомуна №1-тиркеме
Көтөрмө айыл аймагынын шайлоо участкаларынын чек араларынын схемасы
1. Көтөрмө айыл аймагына караштуу 8123 Кызыл-Булак шайлоо участкасы:
- Дубанадан тартып Тентек сайга чейин: (Курманжан Датка, Молдо Эрмек, Каримов Аззам, Мадмаров Нурмамат, Карабаев Имарали, Кызыл-Булак, Абдуллаев Исраил., Кулбаев Аким) көчөлөрү.
2. Көтөрмө айыл аймагына караштуу 8124 Маданий-Курулуш шайлоо участкасы:
- кудуктан тартып Көтөрмө айылына чейин: (Баатыров Пазыл, М. Алимбеков, Молдо Сыдыр, Молдо Имарали, Жанибеков Халмурат, Кайнама-1) көчөлөрү.
3. Көтөрмө айыл аймагына караштуу 8125 шайлоо участкасы:
- Тентек сайдан тартып Ак-Кыя айылына чейин (Масеитов Исак, Гайрат-1, Гайрат-2, Кескен- Таш, Молдо Нияз, Чили-1, Саттаров Көчкөн ажы, Кайрагач, Салибаев Абдырахман, Абдырахманов Кутпидин) көчөлөрү.
4. Кара-Шоро шайлоо участкасы: Кара-Шоро шайлоо участкасы: Кара-Шоро көчөсү үй № 1 Эгембердиев Чынтемирден тартып Кара-Шоро көчөсү № 96 Матраимов Камалга чейин.
Жоопту катчы: | З. Батырова |