Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 35/4
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Гараждын ичи» участкасындагы жаны конуштагы көчөгө Т.Султанкадыровдун атын берүү жөнүндө
Султанкадыров Токтомат 1951-жылы 22-октябрда Жаны-Арык айылында туулган. 1961-жылы «Кызарт» орто мектебине 1-класска кирип, 1970-жылы мектепти бүтүргөн. Ушул эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин «Экономика» факультетине кирип, 1974-жылы «Айыл-чарбасынын бухгалтери» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1974-жылы «Кызарт» совхозуна хозрасчеттук бухгалтер болуп иштөө менен баштап, андан кийин ушул эле совхоздо расчеттук бухгалтер, материалдык бухгалтер, башкы бухгалтердин орун басары болуп 1981-жылга чейин эмгектенген. 1981-жылдан, 1994-жылга чейин «Кызарт» совхозунун башкы бухгалтери болуп иштеген.
1994-жылы «Кызарт» совхозу дыйкан чарбага тарап, Жаны-Арык айыл өкмөтү уюшулгандыктан айыл өкмөтүнүн бюджет боюнча бухгалтери, 2000-жылы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери, ал эми 2002-жылдын 1-январынан баштап финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы болуп өмүрүнүн аягына чейин эмгектенип келди.
Өзүнүн үзүрлүү эмгегинде көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы сиӊирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасыныны муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 2017-жылы Жумгал районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.
Жогорудагыларды эске алып, Кыргыз Республикасынын 25.09.1997-жылдагы «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» №65 Мыйзамынын 1, 7 беренелерине ылайык, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы «Гараждын ичи» участкасындагы жаңы конуштагы көчөгө Султанкадыров Токтоматтын аты берилсин жана мындан ары Султанкадыров Токтомат атындагы көчө болуп аталсын;
2. Ал көчөдөгү турак үйлөргө ирети менен көчөнүн аты жана номери жазылган такталарды илүү жагы Т.Султанкадыровдун үй-бүлөсүнө тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |