Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 16
Архивге керектелүүчү материалдарды алуу жана архивди ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүүдө жана Типтүү нускамада көрсөтүлгөн архив маселеси боюнча, ошондой эле электрондук аймакка өтүп жаткандыгына карабастан айыл өкмөтүндө кагаз жүзүндө сактап калуу үчүн чарба китеп алууга, веб-сайтка айылдык кеңештин токтомдорун ж.б. иш кагаздарды жарыялоого жана юстиция башкармалыгынан айылдык кеңештин токтомдорун реестринен өткөрүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Архив ачууга керектелүүчү материалдарды алууга жана жасаган жумушу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70030 (жетимиш миң отуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (сметасы тиркелет 1 баракта).
2. Электрондук аймакка өтүп жаткандыгына карабастан айыл өкмөтүндө кагаз жүзүндө сактап калууга 30 чарба китеп,2 алфавиттик китепче алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 9710(тогуз миң жети жүз он) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Веб-сайтка айылдык кеңештин токтомдорун ж.б. иш кагаздарды жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын реестринен өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 12000 (он эки миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |
Казыбек айыл өкмөтүнүн архивине керектелүүчү материалдар боюнча сметасы
№ | Аталышы | саны | баасы | Жалпы сумма |
1 | стол | 1даана | 3000 | 3000 |
2 | стул | 1 даана | 1500 | 1500 |
3 | Темир эшик | 1даана | 6000 | 6000 |
4 | Профиль 4х4 | 60 метр | 160 | 9600 |
5 | Профиль 3х4 | 56 метр | 140 | 7840 |
6 | Профиль 5х5 | 20 метр | 180 | 3600 |
7 | Электрод | 1 пачка | 450 | 450 |
8 | Круг для болгарки | 10 | 50 | 500 |
9 | Краска | 3 литр | 200 | 600 |
10 | Фанера | 3 даана | 1500 | 4500 |
11 | Вентиляция | 1 даана | 800 | 800 |
12 | Резетка | 1 даана | 90 | 90 |
13 | Вкючатель | 1 даана | 90 | 90 |
14 | Плафон | 1 даана | 300 | 300 |
15 | Провод | 20 метр | 18 | 360 |
16 | Фанера для полки | 9 даана | 1200 | 10800 |
17 | Жумушу | - | 20000 | 20000 |
| Жалпы сумма |
|
| 70030 сом |