Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 17
Жаңы –Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнө таза суу түтүгүн орнотуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүнө таза суу киргизүү үчүн суу түтүктөрүн орнотуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүнө таза суу киргизүү үчүн суу түтүктөрүн орнотууга 850 метр жерге таза суу түтүктөрүн алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (сметасы 1 баракта тиркелет).
2 Жаңы-Күч айылынын айыл башчысы Жолдошбек уулу Уланга суу түтүктөрүнүн деффект актысын жана сметасын түздүрүп тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |
Жаңы-Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнө ичүүчү таза суу чыгарганга керектелүүчү жабдыктардын сметасы
№ | Аталышы | өлчөө бирдиги | Саны | баасы | суммасы |
1 | 63 разм. көк труба | метр | 720 | 170 | 122400 |
2 | Муфта (кошмок) резьбовый | шт | 8 | 650 | 5200 |
| Жалпы сумма |
|
|
| 127600 |